Чолпонай Бөрүбаева: "Тасмага тартылуу үчүн чачымды кырдырганыма өкүнбөйм"

9 октября 2018 Чолпонай Бөрүбаева: "Тасмага тартылуу үчүн чачымды кырдырганыма өкүнбөйм"

Журналист болом" десем, атам болбой Искусство институтуна ээрчитип келген, азыр атама абдан ыраазымын”, -деген Чолпонай Бөрүбаева көп кырдуу таланттын ээси.  Өзүн кино жаатында актриса катары дагы, режиссер катары да сынап келген Чолпонай айым менен бүгүн чыгармачылыгы , Кыргызстандагы кино тармагы  тууралуу маек курмакчыбыз.

-Чолпон айым, алгач өзүңүз тууралуу кыскача айта кетсеңиз.

-Мен 1985-жылы Алай районуна караштуу Сопу-Коргон айылында төрөлгөм. 2003-жылы ушул айылдын Токтогул атындагы орто мектебин аяктап, Кыргыз мамлекеттик искусство институтунун кино жана театр факультетине тапшырып, 2008-жылы ушул окуу жайын аяктагам.

Бул институтка тапшырып калуумдун да тарыхы өтөт кызыктуу. Атам жаш кезинде консерваторияга тапшырып, чыгармачыл адам болууну каалачу экен. Бирок чоң атам атама: “эгерде ырчы болсоң, топурагымды түйүп берем” деп, натыйжада атам Финансы техникумуна тапшырып калган экен. Мен төрөлгөндө атам орундалбай калган кыялын менден көргүсү келип, менин актриса болуумду самап жүрүптүр. Мен окууну аяктаганда журналист болгум келгенин айткам, бирок атам Искусство институтуна колумдан жетелеп алпарып койгон.

-Сиз каршы болгон жоксузбу?

-Жок. Себеби кичинемден эле сахнаны сүйүп калдым десем болот. Анткени чоң апам, Бермет жамакчы болгон. Ал 4 класс гана окуса да абдан сонун ырларды жазат эле.  Ар-кандай кечелерге мени кошо ала барып, сахнага чыгып өнөрүн тартуулачу. Ошентип сахнага болгон сүйүүм пайда болгон. Мен айылдагы балдарды топтоп алып концерт коюп, ар кандай сынактарды да көп өткөрчүмүн.

-Тасма талаасына кандайча келип калдыңыз?

- 2005-жылдан баштап кино тармагында эмгектенип келе жатам. Кыргыз мамлекеттик искусство институтунун имараты ал убакта абдан эскилиги жетип калган эле. Окугум келбей жүрүп, кийин сабактардын өтүлүшү менен кызыгуум артып, окуу жайымды жакшы көрүп калдым. Күнү бою репетиция кылып, жаңылмачтарды айтышып, спектаклдерге барып, айтор, студенттик күндөрүм өтө кызыктуу өттү. Ошентип жүрүп 2-курста чоң киного аралаша баштадым. Актан Арым Кубат, Айбек Жангазиев, Адис Сейиталиев, маркумдар Эркин Рыспаев, Бакир Жусупбековдор  менен бирге иштөө мүмкүнчүлүгүнө ээ болдум. Алардан көп нерсени үйрөндүм.

-Кыялыңызда кандай тасмага тартылсам деп ойлойсуз?

-Сапаттуу тасмаларга тартылгым келет.

-Тасмага тартылуу үчүн чачыңызды кырдырганыңызды билебиз, бул кадамга барууңузга эмне түрткү болду?

-“Герой моей девушки” тасмасынын сценарийи жазылган соң актрисаларга айтсак, баш тартып коюшту. Жаш кыздардын көбү нары-бери басып Джульеттанын ролун гана ойногулары келет. Чачын алдырып, чыныгы образга кирүүгө эч ким макул болбой коюп, убакыттын тардыгына байланыштуу мен бул ролду ойноого макул болдум. Чачымды кырдырганыма өкүнгөн эмесмин. Себеби көпчүлүктөн өзгөчөлөнүп турганды жактырам.

-Айрым актрисалар образга кирүүгө макул болбой коюшту дебедиңизби. Чыныгы актриса кандай сапаттарга ээ болуусу керек?

- Азыркы актрисалар таарынышпасын бирок алардын көбү позерлор. Позер дегеним жөн гана каршы-терши басып тасмага түшкүлөрү келет. Кесиби үчүн курмандыкка бармай деген жок.   Актер көптү окуган, көптү билген, эрудициясы күчтүү адам болуш керек. Китепти көп окуш керек. Жоопкерчиликтүү болушу шарт.

-Өзүңүз тарткан тасма  жакпай калган учурлар болду беле? Сын көз караш менен карап дегендей...

-Чынында мен иштеген тасмаларга объективдүү сын-пикир айта албайм, анткени ар бир тасма өз балаңдай...Жакшы көрөсүң. Ал тасмалар көп нерсе менен байланыштуу...

- Кыргызстандагы тартылып жаткан тасмаларга кандай баа бересиз?

- Жакшы баа берем. Себеби Кыргызстанда тартылган тасмалар акырындап сандан сапатына өтүп баратат. Бул албетте кубандырат.

-Алдыдагы пландарыңыз менен бөлүшө кетсеңиз

-Учурда “705” деген чыгармачылык топ менен биргеликте “Үйү жок” аталышындагы пьесанын үстүндө иштөөдөбүз, ошондой эле “Биртууганчик” тасмасын тарткан жаш кинематографисттер менен бирге “В погоне за счастьем” аттуу тасма тарталы деп даярдык иштерин баштадык.

-Маегиңиз үчүн чоң рахмат! Ишиңизге ийгилик!

-Сиздерге да ыраазычылык.