“БАЛАМ БАЙ БОЛСУН” десеңиз ушул 4 катаны кетирбеңиз

9 сентября 2020 “БАЛАМ БАЙ БОЛСУН” десеңиз ушул 4 катаны кетирбеңиз

Баланын келечекте ийгиликке жетип, бай-бакубат өмүр сүргөнүн ким каалабайт? Бул ар бир ата-эненин тилеги жана максаты. Көздөгөн максатка жетүү үчүн бүгүнтөн баштап аракет кылуу керек. Бала жетишкендикте, сизде болгон нерсени талап-тонобой жашашын кааласаңыз, азыртан баштап аракет кылуу зарыл. Бул үчүн баланын жолу менен багын байлай турган 4 катадан алыс болуңуз.

“БАЛАМ, ЭЛ ЭМНЕ ДЕЙТ?”

Ушул сөздү эч убакта балаңызга айтпаңыз. Эгер айтчу болсоңуз, баладагы жаңычылдыкка, оригиналдуулукка болгон умтулууну жок кыласыз. Ал эми балада төмөнкү түшүнүктөрдү калыптандырасыз:

  • Ар качан элдин пикирин эске алууну;
  • Башкалардан өзгөчөлөнбөөнү;
  • Башкалар баскан жол менен гана басууну;
  • Жаңы нерсеге жол ачпоону;
  • Башкалардын сөзүн угууну;
  • Өз алдынча чечим кабыл албоону...

Бул тизменин аягы жок. Баары терс таасир берет. Өзүнүн эмгеги жана байлыгы менен белгилүү болгон адамдарды эстеп көргүлө. Алардын көпчүлүгү өзүнүн айтканынан кайтпаган адамдар болушкан. Эч кимди угушкан эмес. Демек, балага дагы туура тарбия берүүгө аракет кылуу керек.

“САБАГЫҢДЫ ОКУ, БАШКА НЕРСЕГЕ БАШ ООРУТПА!”

Балдардын суроосу эч качан түгөнбөйт. Ар бир суроонун артында чоң кызыгуу бар. Ошол кызыгуу билим ааламына жетелеши мүмкүн. Бирок, биз не дейбиз? “Апаң айткан иштерди кыл, башкасы менен башыңды оорутпа!” деп баланы тыйып коёбуз. Сабактарды бешке окуса болду деп эсептейбиз. Башка жаатта бала менен изденүүгө, жол көрсөтүүгө убакыт жок, каалабайбыз. Ушинтип баланын кыялын кыркабыз. Балага мектептен тышкары кошумча маалымат берүү өтө маанилүү. Ошон үчүн, эгер бала сураса, түрдүү энциклопедиялардан, китептерден, интернеттен маалымат издеп, таап берүүдөн ээринбеңиз.

“КАНЧА САБАКТАН “5” АЛДЫҢ?”

Ушундай суроо берүү менен балага сабакты бир гана “5ке” окуу керектигин үйрөтөбүз. Бардык сабактан жакшы окуу ушунчалык маанилүбү? Ар бир балада жөнөдөм жана талант бар. Ошол талантты өнүктүрүүгө жардам бергендин ордуна, бардык кемени бир сүйрөөгө үйрөтөбүз. Көбүнчө мындай балдарда “мыкты окуучу синдрому” болот. Муну мугалим менен ата-эне калыптандырат. Дал ушул синдром кийинки турмушунда көп зыян алып келет. Ийгиликке жетүүдө да, бактылуу болууда да, бай болууда да. Ошон үчүн, баага эмес, кызыкчылыгына карап билим алуусуна мүмкүндүк бериңиз.

“МУГИЛИМДИН (ЧОҢДОРДУН) АЙТКАНЫНА КАРШЫ БОЛБО”

“Мугалимге каяша сөз айтпа”, “классташтарың бир нерсе сураса, бер”, “чоңдорго каяша айтпа”, “бирөө жардам сураса, милдеттүү түрдө жардам бер”, “эч кимге жаман сөз сүйлөбө” – балаңызга ушундай сөздөрдү көп айтасызбы? “Уят болот”, “кемчиликсиз адам бол” деп үйрөтүү менен, балаңызга зыян гана алып келесиз. Ата-эненин ушундай сөздөрүнөн кийин бала эч кимге оюн, пикирин ачык айта албайт, баарынын көңүлүн алганга аракет кылып, эч кимге “жок” деп айта албай чоңоёт. Мындай адамдар ийгиликке жетеби? Жетиши күмөн. Башкалар үчүн ийгиликке жетүү тепкичи болуп берет.

Албетте, бала тарбиялоо чексиз илим. Ийгиликке жете турган мыкты баланы тарбиялоодо көптөгөн эрежелер бар. Ата-энелер кетирген каталардын саны муну менен эле чектелбейт. Бирок, булар негизгилери. Ушул төртөөнөн алыс болсоңуз, айрым көйгөйлөрдүн алдын алууга мүмкүндүк түзүлөт.