Өкмөт 221 миллион сомго сасык тумоого каршы вакцина сатып алды

9 сентября 2020 Өкмөт 221 миллион сомго сасык тумоого каршы вакцина сатып алды

Өкмөт сасык тумоого каршы 700 миң доза вакцина сатып алды. Бул тууралуу 8-сентябрда өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Эмдөө каражаттарын сатып алууга 221,5 млн сом коротулганы маалым болду. Биринчи кезекте балдар, мугалимдер, калктын аярлуу катмары жана дарыгерлер эмделери айтылды.

Премьер-министр Кубатбек Боронов өлкөдө эпидемиологиялык абал жакшырды деп айтуу азырынча эрте экенин белгилеп, коомдук жайларда, билим берүү мекемелеринде кабыл алынган алгоритмдерге ылайык санитардык-эпидемиологиялык талаптар күчөтүлөрүн кошумчалады.

Эмдөө маселеси 8-сентябрда Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын жыйынында да талкууланып, элдин сасык тумоого жана респиратордук вирустук инфекцияларга каршы эмделиши COVID-19 пандемиясы учурундагы абалды жеңилдетери айтылды.

Жалпысынан коронавирус эпидемиясы башталган март айынан бери Кыргызстанда бул илдет 44 526 адамга жукту, алардын 40 158и айыкты, 1062 бейтап каза болду.

centralasian