Балдарды үйүндө окуткан баткендик мугалимге белек берилет. Сүрөттүн чоо-жайы

9 сентября 2020 Балдарды үйүндө окуткан баткендик мугалимге белек берилет. Сүрөттүн чоо-жайы

Билим берүү жана илим министрлиги окуучулар үй шартында билим алып жаткан сүрөт тууралуу маалымат берди.

Белгилей кетсек, социалдык тармактарда аралыктан окута албаган мугалим окуучуларды үйүнө чакырып сабак өтүп жатат деген жазуу менен сүрөт тараган.  

Маалыматка ылайык, окуучулардын үй шартында окуп жаткан сүрөтү Баткен районунун борборунан 50 чакырым алыс жайгашкан чек ара аймагындагы Муса Кадыр атындагы орто мектебинин башталгыч классынын мугалими тарабынан тартылган. 

“Окуучулар менен кайтарым байланыш учурунда ата-энелер тарабынан түшүнбөөчүлүк жаралып, алар мугалимге көмөктөшүүнү суранып кайрылышкан. Мугалим 2-сентябрь күнү окуучуларды үйүнө чакырып, кайтарым байланыш каражаттарын практика түрүндө көрсөтүп берген. Мугалим окуучуларды социалдык аралыкты сактоо менен отургузуп, ар бирин бет кап менен гана киргизген. Сабак 15 мүнөткө созулган. Андан бери педагог кайтарым байланышты аралыктан өтүп келүүдө”, — деп айтылат маалыматта.

Билим берүү жана илим министрлиги мугалимдин бул аракетин өз кесибин сүйүп, билим берүүгө болгон умтулуусу катары баалайт. Ошондой эле окуучулардын да окууга болгон ынтызарлыгына жана дилгирлигине баа бергени белгиленди.

“Пандемия мезгилинде өлкө боюнча бирдей талап болуп жаткандыгын мугалимге түшүндүрүп, ага кайтарым байланышты уюштуруу үчүн мугалимге демөөрчүлөр аркылуу ноутбук алып бере турган болду. Бүгүн, 8-сентябрда, министрдин орун басары Надира Жусупбекова ошол педагог менен байланышып, ага усулдук, техникалык, материалдык жана моралдык жактан колдоо көрсөтүлө тургандыгын айтты”, — деп жазылат маалыматта.

Эскерте кетсек, Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан даярдалган телесабактар КТРдин “Баластан” жана ЭлТРдин “Илим жана билим” каналдарынан берилип жатат. Бул сабактар oku.edu.gov.kg порталында да жеткиликтүү. Кайтарым байланыш Zoom жана WhatsApp тиркемелери аркылуу уюштурулат. 

sputnik