Төрөттөн кийин корсет кийген туурабы?

8 сентября 2020 Төрөттөн кийин корсет кийген туурабы?

Төрөттөн кийин кыз кезиндеги турпатына кайра келгендер бар. Бирок, баарында эле андай боло бербейт. Көпчүлүк энелер ичин тартууга туура келет. Курсакты кайра тартып, ичти жыйнап, белди кыса таңуу – чоң күчтү, эмгекти талап кылат. Диета, көнүгүүлөрдөн бөлөк, муну менен күрөшө турган каражаттар бар. Алардын баары пайдалуу, зыяны жок деп айтууга болбойт. Ден соолук үчүн пайдалуусун тандап алуу маанилүү.

Корсет

Бүгүнкү күндө бийик, белди кысуучу корсет кеңири колдонулат. Анын негизги өзгөчөлүгү омуртканы кармап туруу жана оорунун алдын алуу. Мындан тышкары, бел менен жанбашты тыкан кармап турат. Салбыраган терини, топтолгон майды, чоң курсакты ичти көздөй тартат. Кийимдин астынан анча билинбейт. Бирок, анын кемчилиги да бар. Аны кийгенде дем алуу кыйындайт. Жатынды кысып, табигый жол менен жыйрылуусуна жол бербейт. Кан айланууну жайлатат. Бардык ички органдарыды кысат. Тамак сиңирүүнү жайлатат. Көкүрөк оору, баш оору пайда болушу мүмкүн. Ошондуктан, корсет тандоодо өлчөмүнө, сапатына, материалына көңүл буруңуз.

Бенкунг

Муну баары эле биле бербейт. Биздин рынокко келгенине көп болгон жок. Бул малазиялык энелердин ыкма болуп саналат. Бенкунг – узундугу 10-15 метр, туурасы 20-30 см болгон кездеме. Табиягый материалдан жасалган. Төрөттөн кийин ички органдары өз ордунда кармап туруу үчүн белге оролуп байланат. Сөөктөрдү, дененин пропорциясын эске алуу менен таңылат. Жанбаштан өйдө карай таңылгандыктан, ички органдарды төмөн түшүрбөй, ар бирин өз ордунда кармап турат. Кемчилиги – корсет сыяктуу даяр каражат эмес, аны туура байлоону үйрөнүү керек.

Ычкыры бийик ич кийим

Энелер көбүнчө белине бийик резина тагылган ич кийим кийишет. Алар ичтин төмөнкү бөлүгү, жатын тушу гана салбырап калгандарга жакшы жардам берет. Эгер төрөттөн тери көкүрөккө чейин чоюлуп калган болсо, анда мындай ич кийим менен ичеги карын, курсакты тартууга болбойт. Таасири да убактылуу. Кийгенде гана тартылып, чечкенде курсак мурунку абалына келип калат.

Аталган каражаттар сулуулук үчүн гана эмес, ден соолук үчүн да керек. Биз сыпаттама бердик, тандоо сизден болсун.