Кубакы ашуусундагы жол кырсыгында 25 жаштагы жигит каза болду. Сүрөт

8 сентября 2020 Кубакы ашуусундагы жол кырсыгында 25 жаштагы жигит каза болду. Сүрөт

Нарын облусунун Кочкор районундагы Кубакы ашуусунда адам өмүрүн алган жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) кабарлады.

Кырсык 7-сентябрь күнү Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун 175-чакырымында катталган. Volkswagen Polo үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай калып, жолдон чыгып оодарылып кеткен. Анын кесепетинен 25 жаштагы жигит каза болгон.

ӨКМдин №42 өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн кызматкерлери маркумдун сөөгүн унаадан чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

sputnik