Саясий партиялар бюллетендеги катар номерин качан тандайт? БШКнын жообу

7 сентября 2020 Саясий партиялар бюллетендеги катар номерин качан тандайт? БШКнын жообу

Жакынкы күндөрү партиялардын бюллетендеги номерин бекитүү үчүн чүчү кулак кармоо өтөт. Бул туурасында Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Кайрат Осмоналиев билдирди.

Ал календарлык планды көрсөтүп, номерлер шайлоого 25 күн калганга чейин, башкача айтканда, 9-сентябрга чейин бекитилиши керектигин белгиледи.

"Чүчү кулак кармоо эртеңден болот. Азыр "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын даттануусу боюнча соттун чечимин күтүп жатабыз. Партия соттон утуп чыгышы толук ыктымал, анда аны да каттап, чүчү кулак кармоого киргизүүгө туура келет. Мен дагы деле ал партияны жарыштан четтетүүгө жетиштүү негиз болгон эмес деп эсептейм. Ошондуктан Атыр Абдрахматовага окшоп каршы добуш бердим", — деди Осмоналиев.

Белгилей кетсек, Боршайком 3-сентябрда "Бүтүн Кыргызстан" партиясын талапкер катары каттоодон баш тарткан. Буга партиянын курултайда түзгөн талапкерлердин тизмеси менен БШКга жиберген тизме дал келбей турганын жүйө келтирген. Мындан сырткары, талапкерлерди көрсөтүү үчүн добуш берүүдө эреже бузуулар катталганын айткан.

Буга байланыштуу партия Бишкек шаардык административдик сотуна кайрылган.

sputnik