РФке барган мигранттар башка чет элдиктин үйүнө каттоого тура алат. Жаңы мыйзам

7 сентября 2020 РФке барган мигранттар башка чет элдиктин үйүнө каттоого тура алат. Жаңы мыйзам

Россияда үйү бар чет элдиктерге мигранттарды каттоого тургузууга мүмкүндүк берген федералдык мыйзам күчүнө кирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Буга чейин "Россия Федерациясында башка өлкөлөрдүн жарандарын же жарандыгы жок адамдарды миграциялык каттоого алуу жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилип, ага июнь айында президент Владимир Путин кол койгон.

Документке ылайык, мындан ары Россияда өзүнүн турак жайы бар чет элдиктер башка чет элдиктерди кабыл алуучу тарап катары өз үйүнө каттоого тургуза алат.

Ошондой эле бул мыйзам мекендештеринин Россияга келишине жардам берүү боюнча мамлекеттик программанын чет элдик катышуучуларына сырттан келген тууган-уругун 30 күнгө чейин каттоого тургузбай эле коюуга мүмкүндүк берет.

sputnik