Карантинде Москвадагы мигранттар арасында кылмыштуулук күчөдүбү? Мэрдин жообу

7 сентября 2020 Карантинде Москвадагы мигранттар арасында кылмыштуулук күчөдүбү? Мэрдин жообу

Москва шаарынын мэри Сергей Собянин пандемия мигранттарга кандай таасир эткенин айтып берди.

"Мигранттар пандемиянын айынан такыр эле жумушсуз калды деп айтууга болбойт. Албетте, жазында обочолонуу учурунда курулуш тармагында иш токтоп турду. Бирок ал көпкө созулган жок", — деди мэр.

Ошондой эле Собянин мигранттар арасында кылмыштуулук күч албаганын кошумчалады.

"Социалдык тармактарда ишсиз калган мигранттар уурдайт, тонойт, кылмыш кылат деген сыяктуу негизсиз кеп тарап жатты. Турмуш жүзүндө андай болгон жок. Карантин учурунда оор кылмыштардын саны, тескерисинче, 40 пайызга азайды. Болгону шылуундук боюнча фактылар катталып жатты", — деди шаар башчысы.

Ал коронавируска каршы күрөш уланып жатканын айтып, бирок күз-кыш мезгилинде жаздагыдай карантиндик чектөөлөр болбой турганын билдирди.

sputnik