Сиз кандай адамсыз? (психологиялык тест)

7 сентября 2020 Сиз кандай адамсыз? (психологиялык тест)

Сүрөттөн бир жаныбарды тандап, өзүңүздү тереңирээк тааныңыз. “Өмүр түгүл, өзүмдү да билбеймин” дегендер көп. Ал эми психологдор “Адам өзүн-өзү иликтеп, өз мүмкүнчүлүктөрү менен мүнөзүн таанымайынча өзгөнүдү да, өмүрдү да түшүнө албайт” дешет. Ошондуктан, психологияда баарынан мурун өзүн-өзү таануу маанилүү. Түрдүү психологиялык тесттер ушул максатта түзүлгөн. Ошолордун бирин сунуштайбыз. Оюңузду бошотуп, сүрөттөргө көңүл буруңуз. Жаныбарлардын бирин тандаңыз. Тандаган сүрөтүңүз сиз тууралуу “айтып берет”.

АЮУ. Аюунун сүрөтүн тандаган эркектер чыдамкайлыгы жана кайраттуулугу менен айырмаланышат. Мындай эркектер үй-бүлөсүнүн мыкты коргоочусу. Аюу керектүү май корун топтомоюнча кышкы уйкугу жатпайт. Ушул сыяктуу эле, биринчи сүрөттү тандап алган эркектер “мамалактарынын” келечегине тынчсызданып, аларга шарт түзүп бермейинче жаны жай албайт. Алар көп иштешет. Мээнеткеч болот. Ал эми аялдар чыдамкай, акылдуу болот. Аларда ички энергия мол. Мындай аялдар балдарын мыкты тарбиялашат.

Кеңеш: сиздин башкы душманыңыз – сабатсыздык. Ошондуктан, физикалык күчкө караганда акыл-эс күчүн колдонууну үйрөнүңүз.

КӨПӨЛӨК. Бул образды тандап алгандар дос-туугандардын арасында боорукерлиги, оптимизми менен айырмаланат. Депрессияга кабылган адамды сөзү жана жасаган иши менен кубандыра алат. Ар дайым жакындарын колдоп, кубаттайт. Айланасындагылар үчүн үмүттүн отун жандыра алат. Булар даамдуу тамакты, таттуу уйкуну жана кооз жашоону жакшы көрүшөт. Максат коё билишет. Ар бир күнүн акыркы күндөй жашашат. Бирок, көп учурда өзүн унутуп, башкалардын көйгөйү менен алек болуп кетишет.

Кеңеш: Өзүңүздүн жөндөмүңүзгө ишенеңиз. Аракет кылсаңыз, сиз багындырчу бийиктиктер көп.

МЫШЫК. Табышмактуу адамдар. Көпчүлүктү жактырышпайт. Тынчтыкты сүйөт. Өз көз карашына ээ адамдар. Эгер башкаларга бир аз мээрим төгүп, убакыт бөлө турган болсоңуз, жашооңузда көптөгөн өзгөрүүлөр болот. Бул адамдар экстрасенстик касиетке ээ. Өздөрү маани бербегени менен, түшүндө көргөндөрү менен айткандары орундалат. Ошондуктан, жакшы сөздөрдү сүйлөгөнгө аракет кылышы керек.

Кеңеш: Бир нерсени далилдөөнүн, же актануунун кереги жок. Жүрөгүңүздү тыңшап үйрөнсөңүз, көп жаңылыштыктардан жана чыр-чатактардан алыс болосуз.

ЧЫЧКАН. Булар кыйынчылыктардан коркушпайт. Башкалар ойлонгончо, булар ишин бүтүрүшөт. Ошон үчүн теңтуштарынан ар дайым алдыда жүрөт. Эч качан чыккынчылык кылышпайт, сатып кетишпейт. Ийгилик да, жетишкендик да ак эмгек менен келет. Кыйналгандарга жардамын аябайт. Жакшы сапаттарынын бири – боорукердик. Эч качан өздөрүн “мен жакшымын” мактабай, акырын ишин бүтүрө беришет.

Кеңеш: Иш да, көйгөй да түгөнбөйт. Денеңизди жана акылыңызды эл алдырууну үйрөнүңүз. Эс алууга убакыт бөлүңүз.

КАРГА. Табиятынын акыл-эси жакшы жетилген, стратег адамдар. Булардан кеңеш сурагандар көп. Башкалардын кеңешин оңой менен угушпайт. Болбогон нерсеге ачууланбайт, шашылбайт. Жети өлчөп, бир кескен адамдар. Ошондуктан, ийгиликсиздиктин жана бактысыздыктын себебин өздөрүнөн гана издейт. Ал эми психологдор күнөөсүн билип, катасын мойнуна алган адамдар максатына бат жетет дешет.

Кеңеш: Билимиңизди жакшы максаттарга пайдаланыңыз. Таарыныч жана кек сактоо зыян экенин унутпаңыз.

ЖЫЛКЫ. Эркиндикти сүйгөн адам. Оюн ачык айтып, жакындарын таарынтып алат. Эч кимге көз каранды болгусу келбейт. Ошондуктан, коллектив менен тил табышуу кыйын болот, бир жерде көпкө иштей албайт. Бирок, жеке бизнес менен алектенсе, ийгиликке жетишет. Булар “эч кимге эч нерсе карыз эмесмин” деген принцип менен жашашат. Эч кимден колдоо күтпөйт жана көйгөйлөрүн да айтпайт. Башкаларга жардам бергиси келбейт. Өзүнө абдан ишенет. Бир кемчилиги – өзүнө карата айтылган сынды көтөрө албайт.

Кеңеш: Кээ бир көйгөйлөрдү жакындарыңызга айтып үйрүнүңүз. Айтылган сынга кулак салып, аны “камчы” катары пайдалана билиңиз.

ДЕЛЬФИН. Буларды баары жакшы көрүшөт. булар менен жолугушуу көңүлдүү өтөт. Назик, чыгармачыл адамдар. Сүрөт тартканды жана ырдаганды жакшы көрүшөт. Эгер кесиби медицина жана психология менен байланыштуу болсо, анда чоң ийгиликтерге жетишет. Позитивдүү көз карашы менен айырмаланышат. Көздөгөн максатына жетишет. Кемчилиги – өзүнө ишенбейт, жалкоо.

Кеңеш: Сизде чоң күч бар. Ошону пайдалана билиңиз.