Елена Малышева адам баласы үчүн эң кооптуу беш илдетти санады

7 сентября 2020 Елена Малышева адам баласы үчүн эң кооптуу беш илдетти санады

Россиялык белгилүү дарыгер жана алып баруучу Елена Малышева дүйнөдөгү эң кооптуу илдеттерди атады. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Малышеванын айтымында, коронавирус пандемиясынан улам адамдар чындап коркунуч алып келе турган ооруларды унутта калтырып жатышат.

"Коронавирус өлүмгө кептей турган оорулардын арасында 17-орунда турат. Ал эми эң кооптуу бештикке кургак учук, гепатит В, пневмония, ВИЧ/СПИД жана безгек кирет", — деди ал.

Дарыгердин айтымында, коомчулук коронавирус менен башын оорутуп жатып вакцина жана дарысы табылса дагы, ушул убакка чейин адам өмүрүн эң көп алган ооруларга көңүл бурулбай жатат.

sputnik