Чек албай кетип... Казакстандык аял жарым миллион теңгеден айрылып кала жаздады

6 сентября 2020 Чек албай кетип... Казакстандык аял жарым миллион теңгеден айрылып кала жаздады

Казакстандын Экибастуз шаарынын тургуну терминал аркылуу банктык эсебин жарым миллион теңгеге толуктап, бирок чек албай кетип калган. Жыйынтыгында каражат анын эсебине түшпөй калганын жергиликтүү полиция департаментине таянып Sputnik Казакстан агенттиги жазды.

2-сентябрь күнү полицияга Экибастуз шаарында жашаган аял кайрылган. Ал терминалга салган акчасын башка бирөө алып койгонун айтып даттанган.

"Көрсө аял соода борборундагы терминалга 550 миң теңге (102 миң сомдун тегереги) жүктөп, бирок анын кабыл алынган же алынбагандыгы тууралуу чек бериле электе кетип калган. Банктан эсеби толукталгандыгы тууралуу СМС билдирүү келбеген соң кайра дүкөнгө кайткан. Ал жерде турган адамдар аял кетип калары менен аппарат акчаны кайтарып берип, аны кезек күтүп турган башка келин алып кеткенин айтышкан", — деп айтылат маалыматта.

Бирок бейтааныш келин каражатты алып кетип калбай, жакын жердеги полиция бөлүмүнө таштап койгон. Ошентип акча толугу менен өз кожойкесинин колуна тийген. 

sputnik