Социалдык тармак кылмышкер кыздын сулуулугуна суктанууда

27 ноября 2018 Социалдык тармак кылмышкер кыздын сулуулугуна суктанууда

Изделип жаткан кыз мектептеги эң сулуу бийкечтердин бири болгон.

Кытай полициясы алдамчылыкка шектелген кыздын сүрөтүн жарыялап, издөө салганын жар салган. Социалдык тармактын колдонуучулары шектүүнү "эң сулуу кылмышкер" деп атады. Бул тууралуу South China Morning Post жазды. 

Сычуань провинциясынын Мяньян шаарынын полициясы шектүүнүн сүрөтүн жарыялагандан кийин ал укмуш тездик менен тарай баштаган.

​Полициядан билдиришкендей, шектүү кылмыштуу топтун мүчөсү болуп барга келген адамдардын акчасын алдап алып турган. Укук коргоо органдары кылмыштуу топ жарым жылдан бери алдамчылык менен алектенип келгенин, ал эми изделип жаткан кыз 19 жашта экенин аныктаган.

Шектүүнүн классташтары ал мектептин эң сулуу кыздарынын бири болгонун айтышкан. Ал эми интернет колдонуучулар кылмышкер болгуча видеоблогерликти тандаганда алда канча көп каражат тапмагын жазышууда.




Дагы: sputnik.kg, фото - © Sputnik / Евгений Одиноков