Жыныстык катнаштын көп болушу аялдын ден соолугу үчүн кооптуу

4 сентября 2020 Жыныстык катнаштын көп болушу аялдын ден соолугу үчүн кооптуу

Жыныстык катнаштын ден соолук үчүн пайдасы көп айтылып келет. Бирок, анын зыяны барбы деген ой келди беле?

“Табият ушундай жараткан”, “организмге керек”, “туруктуу секс менен алектенип туруу зарыл” деген ойдун арты менен төшөк оюндарынын санын көбөйтүүнүн да зыяны бар экен. Өзгөчө аялдын ден соолугу үчүн...

“Качан?” деген суроо пайда болушу мүмкүн. Эгер көп кошулса... Неге?

Көп кошулуу кандайча кооптуу?

Бул аялдардын организминин өзгөчөлүгүнө байланыштуу. Аялдардын жыныс мүчөсү жаракат алышы мүмкүн. Ашыкча жыныстык катнаш жыныс кынынын былжыр челинин булчуңдарын жана тарамыштарды жабыркатып, оорутат.

Дагы бир кооптуулугу – жыныс кынынын алдыңкы бөлүгү жабыркап, натыйжада сезгенүүгө алып келиши мүмкүн. Мындай учурлар сейрек болот, ошондо жардамына муктаж болосуз.

Жүрөк кемтиги бар аялдар үчүн да жыныстык катнаш менен көп алектенүү жана ашыкча активдүүлүк зыян. Жашоонун ушул “таттуу ирмеминен” такыр баш тартууга болбойт. Дарыгерге кайрылып, атайын кардио көнүгүүлөрдү жасаш керек. Ал эми соо адам үчүн төшөк оюнунун өзү – кардио көнүгүү.

Аялдын өзүнүн “дозасы” бар

Төшөк оюндары менен алектенүү адамдын күч-кубатын талап кылат. Демек, көп алектенген аялдар чарчаңкы абалда жүрөт. Чарчаган аялдын иши оңунан чыкпайт. Мындайда көк чай менен минералдык суу, табигый шире ичиңиз. Бирок, аша чабуунун кереги жок.

Жыныстык катнаш менен канчалык деңгээлде алектенүүнү ар бир үй-бүлө өзү аныктайт. Башкача айтканда, ар жуптун өзүнүн өлчөмү бар, ушул сыяктуу эле ар бир аялдын өзүнүн дозасы бар. Эгер аял оргазмга жумасына бир жолу канааттанса, кийинки жумада эки жолу болушу мүмкүн. Чынында, төшөк оюндарын самап, чарчабай турган да аялдар бар.

Жыныстык катнаш – көп же сейрек, кыска же узак болушу мүмкүн. Башкысы, андан аял да, эркек да рахат алыш керек.