Кечирүү – ООРУдан айыктырат

4 сентября 2020 Кечирүү – ООРУдан айыктырат

Адам ооруп жатканда жакын адамын көргүсү келип калат. Адамга үй-бүлөсү, ата-энеси, бир туугандары – чоң бакыт. Психологдор бакыт менен кубаныч гана эмес, кыйынчылык менен сыноо да ушул эң жакын адамдар аркылуу келерин айтышат.

Кубаныч менен кайгы күн менен түн сыяктуу. Бирөө келсе, экинчиси автоматтык түрдө кетет. Бул мыйзам ченемдүү. Андай болсо, сизди кайгыга салып жүргөн кыйынчылыктардын формуласы да ачык-айкын эмеспи?

Аксиома: кыйынчылыктын себеби – көңүл калуу, кек сактоо, ызалануу, таарынуу. Ушуларды жоймоюнча, кубанычка, бакытка орун жок.

Мисалы: Чыны толо ачыган тамакты элестетиңиз. Ага таза суу же сүт куюу үчүн, алгач аны бошотуп, жууш керек. Ал эми көңүл чынысын кечирим гана тазартып, бошото алат.

Кечирүү аркылуу оорудан да айыга аласыз, кечирүү жан дүйнө менен дененин дарысы дешет психологдор. Андай болсо, сиздин көңүлүңүздү калтыргандардын баарын кечириңиз.

Эсиңизде болсун: бактылуу болуунун, дене менен жан дүйнөнүн ооруларынын эң чоң, натыйжалуу ыкмасы менен дарысы – кечирүү.

Кимге тарынып жүрөсүз?

Эгер бактылуу сааттарда чын дилден кубана албасаңыз, анда сиз кечире албай турган адамсыз. Мейли ал бул жашоодо бар болсун, мейли алда качан көзү өткөн болсун, кечиришиңиз керек. Эгер кечире албасаңыз, анда жагымсыз эмоциялардын түбүнөн эч качан чыга албайсыз.

Кимге таарынып жүрөсүз? Кимди кечире албай жүрөсүз? Ойлонуп көрүңүз. Эстеп таап, кечириңиз. Эч кимге таарынычым жок деп айтышыңыз мүмкүн. Балким, качандыр бир болгон окуяны кечире албай жүрөттүрсүз? Аныктоо үчүн жүрөгүңүздү тыңшап, санааңызды аралап чыгыңыз. Жан дүйнөңүзгө терең кириңиз. Ал үчүн төмөнкү көнүгүүнү жасаңыз.

КЕЧИРҮҮ ТЕХНИКАСЫ

Көзүңүздү жумуп, өзүңүздү калың бактын арасында жүргөндөй элестетиңиз. Айланаңызга көз жүгүртүңүз. Кандай кооз жаратылыш. Шаркырап аккан дарыянын, же шылдыраган булактын жээгине барып отуруңуз. Өзүңүзгө жаккан жерге отургандан кийин терең дем алып, табияттын таза абасын сезиңиз. Өзүңүзгө “Мен кимди кечирүүм керек? Кандай абалды кечирүүм керек?” деп суроо салыңыз. Андан кийин денеңизди угуп көрүңүз. Кайсы жериңиз ооруп жатат? Оюңузду топтоңуз.

Ооруган дене мүчөңүздү байкаңыз. Эгер ошол оорунун автору ким экенин таппасаңыз, таарынычтан бошоно турганыңызды айтыңыз. “Мени таарынткан, жан дүйнөмө, денеме оору салган адамдарды кечиремин” деп үч ирет кайталаңыз. Денеңиздеги ооруну агып жаткан сууга агызып жибериңиз. Таарынычтар суу менен сизден алыстап агып баратканын элестетиңиз. Бети-колуңузду муздак сууга жууп, денеңиздин жеңилдегенин сезиңиз.

Кечирүү техникасы бардык таарынычтарды тазартат. Бул медитацияны кайгы менен санаа кеткенче күндө бир жолу жасаңыз. Көнүгүүнү жасап жүргөндө жашооңуз өзгөрө баштаганын жана оорулардан дарысыз “айыгып” жатканыңызды байкайсыз.