Кыргызстандыктардын канча пайызы мобилдик интернет колдонот

4 сентября 2020 Кыргызстандыктардын канча пайызы мобилдик интернет колдонот

Учурда кыргызстандыктардын 99 пайызы мобилдик интернет менен камсыз болду. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.

"Булардын ичинен 70 пайызы жогорку сапаттуу 4G интернетти пайдаланат", — деп айтылат билдирүүдө.

Жаш курагы боюнча айта турган болсок, интернеттин активдүү колдонуучулары (82 пайызы) 15-28 жаштагы жарандар. Ал эми жогорку билими бар адамдардын 81 пайызы интернетсиз жашабайт.

Баса, Кыргызстанда дээрлик бардык мектептер (99 пайыз) дүйнөлүк желеге туташканын өкмөт башчы Кубатбек Боронов билдирген. Анын айтымында, өлкө боюнча 22 мектепте гана интернет жок.

sputnik