Сиз кандай уктайсыз? (тест)

3 сентября 2020 Сиз кандай уктайсыз? (тест)

Уктаганда кандай абалда жатасыз? Сүрөттөн өзүңүздү таап, психологдун сизге берген мүнөздөмөсүн окуңуз.

1. Солдат. Чалкасынан жатат, денеси, колу-буту түптүз. Илгери мындай калыпта жатып уктагандарды “канзада, падыша” болот деп болжошкон. Ал эми психологдор “эмоциясы менен напсисинин канзадасы, канайымы” деп мүнөздөмө берет. Өзүн кармай билген, тартиптүү. Үй-бүлөсүн да бир тартипте кармай алат. Салмактуу, сабырлуу, өзүнө ишенимдүү. Кыйынчылык менен бетме-бет келүүдөн коркпойт. Жакын адамдардын көзүнө тик карай алат, анткени эч кимдин артынан сөз айтпайт. Адамдар менен бат тил табышып кетет. Жашоого болгон өзүнүн планы бар.

2. Кыялкеч. Чалкасынан жатып, колун башынын астына жазданып, же бир колун башынан бийик коюп жатып уктайт. Позитивдүү адам. Иштерман, көп кыялданат. Жашоого болгон көз карашы түз. Туугандарына, досторуна жардамын аябайт.

3. Таарынчак. Эки колун көкүрөгүнө айкалыштырып, бир капталына кыйшайып уктайт. Психологдор мындай адамдар уктаганда эле эмес, башкалар менен сүйлөшүп жаткан учурда дагы колун айкалыштырып алса – “мен баары бир өз сөзүмдөн кайтпайм”, “кошулбайм”, “колдобойм”, “карым-катышка жабыкмын” дегенди билдирет дешет. Мындай адамдын чечим кабыл алышы, көнүшү, кечириши, өз катасын моюнга алышы өтө кыйын. Булар өздөрүн жалгыз сезишет, көп учурда депрессияда жүрөт.

4. Эмбрион түрүндө. Бир капталына жатып, колу-бутун бүгүп уктайт. Сырттан караган адамга курсакта жаткан баланы элестетет. Булардын көңүлү бала сыяктуу таза. Өтө сезимтал, табиятты, жаныбарларды, таттууну жакшы көрүшөт. Жабык. Жаңы чөйрөгө көнүшүнө убакыт керек болот. Өзүнө карата айтылган сынды кабыл алышына да убакыт керек. Мээримдүү. Баамчыл. Тегерегиндеги ар бир адамдын өңүнө карап, абалын билип коёт.

5. Тобокелчил. Көмкөрөсүнөн жатып уктайт. Колдору бош, буту басып бараткан адамды элестетет. Ачык, тамашакөй адам. Тобокелчиликтерге бара алат. Көз каранды болгонду жактырбайт, бирок карамагындагы адамдарды катуу кармайт. Өзүн кемчиликсиз адам деп эсептейт, мындан улам сынга туруштук бере албайт. Башкаларга чындыкты бетке айтканды жактырат.

6. Өтө сак. Чалкасынан, колу менен бутун “кулпулап” уктайт. Эч кимге ишенбейт. Баарынан шекшинип жүрөт. Өтө сак. Жетишкендиктерин да, көйгөйлөрүн да эч кимге айтпай, ичине сактаган адаты бар. Бул адаты аны башкалардан оолак кармайт. Кылдат. Ою тыянактуу. Бирок, өзүн этият кармагандыктан, жумушта өзүнүн жөндөмүн көрсөтө албайт.

7. Жылдыз. Чалкалып жатып, колу-бутун эркин коюп уктайт. Бир өзү эки адамдын ордун ээлеп жатат. Оюна, каалоолорун чек койбогондуктан, көп максаттары орундалат. Пейили кенен. Жашоонун белегин кабыл алууга дайым даяр. Туугандарына, досторуна кучагы ачык. Оюн да ачык айтат. Кысынуу ага мүнөздүү эмес. Көптүн назарында жүрөт. Лидерлик сапаты бар. Эрке. Жашоонун чыныгы эркеси десе болот.

8. Күрөшчүл. Бир жак капталында, бир бутун бүгүп, бир колун жазданып жатат. Сырттан караган адамга уктап жатса да “басып” бараткандай көрүнөт. Аракетчил. Колу, ою, тили ар дайым кыймылды. Эч качан чарчабайт. Уйкучу эмес. Чоң маселелерди чечүүгө жөндөмдүү. Мүмкүнчүлүктөрдү коё бербегенге аракет кылат. Колунан бардык иш келет.

9. Жакшы дос, сүйүктүү жар. Жаздыкты же төшөктү кучактап уктайт. Бир нерсеге же бир адамга көз каранды. Айрылуу, жоготуу, ажырашуу ал үчүн – трагедия. Бул адамдар өмүрүн үй-бүлөсүнө арнап, тынч жашоону тандайт. Башкаларга окшоп тоону томкоруп, көп акча таап, элден артта калбаганга аракет кылбайт. Ал үчүн карым-катнаш маанилүү. Достук, туугандык жана үй-бүлөдөгү мамилени сактап калуу үчүн баарына көнөт. Мындай адамдан жакшы дос, сүйүктүү жар, жумушуна жан-дили менен берилген кызматкер чыгат.

10. Алсыз. Көмкөрөсүнөн жатып, бутун түз сунуп, колун бүгүп же сунуп укташат. Физикалык абалы мыкты, денеси чымыр болгону менен, психикасы алсыз. Өзүнө ишенбейт. Стресске, депрессияга тез кабылат. Мындай адамдардын эч кимге айтпай турган кыялы, максаты бар. Бирок, ошол кыялына жетүү үчүн аны колдоп, жардам көрсөтө турган адам керек.