УКМК кызматкерлери Россиядан уурдалган унаалардын тралын коштогону айтылды

3 сентября 2020 УКМК кызматкерлери Россиядан уурдалган унаалардын тралын коштогону айтылды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын (УКМК) Ош облусунун Кара-Суу району боюнча бөлүмүнүн эки кызматкери Россияда уурдалган унаалардын тралын коштоп жүргөн. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине күч түзүмдөрүндөгү ишенимдүү адам билдирди.

27-августта болжол менен саат 10:00дө Баткен облусунун Кадамжай районунда Тажикстанга Россиядан уурдалган 15 унааны алып бараткан адамдар кармалган. Ишенимдүү адамдын айтымында, эки тралды УКМКнын кызматкерлери коштоп барган.

Кармоо ишин Кадамжай РИИБдин криминалдык милиция кызматы жүргүзгөн. Агенттикке маалымат берген адамдын айтымында, тралда 2019-2020-жылдары чыгарылган унаалар болгон. Алар Казакстан аркылуу Бишкекке алып келинген.

"Тралдарды төрт күн "Сосновка" өткөрүү пунктунда, андан кийин Жалал-Абаддын Сузак районунда кармап турушкан деген маалымат бар. Бирок экөөнү тең коё берип салышкан. Көпчүлүк унаалардын кыймылдаткычтарында номерлери алмаштырылган. Алдын ала маалыматтар боюнча, үч автоунаа уурдалган, калгандары күрөөканаларда күрөөгө коюлган", — деп айтып берди редакция менен маектешкен адам.

Азырынча кылмышка шектелген УКМК кызматкерлери кармалганы же кармалбаганы белгисиз. Милиция 27-августта сотко чейинки өндүрүштү баштап, ишти Аскер прокуратурасына өткөрүп берген. Башкы прокуратура КРдин Кылмыш кодексинин 319-беренеси менен ("Коррупция") иликтөө жүрүп жатканын билдирди.

sputnik