Төрөттөн кийин аял менен төшөктө качан кошулууга болот?

3 сентября 2020 Төрөттөн кийин аял менен төшөктө качан кошулууга болот?

Наристе эркекти – ата, аялды – эне кылган күндөн баштап үй-бүлөнүн күн тартибин, жашоого болгон көз карашын, төшөк катнашына чейин өзгөртөт.

Жаңы төрөгөн аял өзү тыңыганча, баласы торолгончо кырк күн өтүшү керектигин баарыбыз жакшы билебиз. Дарыгерлер да төрөгөн аялга кеминде 6 жумага чейин төшөк катнашына барбоого кеңеш берет. Себеби...

Биринчиден, аялдын жыныс органдары төрөгөндөн кийин назик, алсыз, сезимтал болот. Ошондуктан, аялдын жыныс органдарына кандайдыр бир инфекция кире турган болсо, тез ырбап, эндометрит пайда болушу мүмкүн. Бул оору төрөттөн кийинки эң оор дарттардын бири болуп саналат.

Экинчиден, кан кетүү коркунучу бар. Аял төрөттөн кийин 1 ай, 1 ай 2 жума өткөндөн кийин милдеттүү түрдө гинекологго көрүнүшү керек. Дарыгердин кеңешинен кийин гана кошулууга болот. Бирок, ушуга карабай эл арасында төрөттөн кийинки жыныстык кошулуу тууралуу көптөгөн “аңыз” кептер айтылып жүрөт.

Биринчи “аңыз”. Төрөгөндөн кийин бир, бир жарым жылга чейин аял күйөөсүнө жакындабашы керек. Себеби, эненин организминде көптөгөн горманалдык өзгөрүүлөр жүрөт. Ошондуктан, сырттан кире турган ар кандай бактериялар менен аялдын оргазми күрөшө албайт. Төрөттөн кийин бала эки жашка толгончо аялдын жыныс органдары калыбына келбейт.

Деген менен, бул жалган түшүнүк. Табият өзү баарын бири-бирине ылайыкташтарып жараткан. Эгер төрөт оор болбосо, 6 жумадан кийин эркек менен кошулууга болот. Ал эми бала эки жашка чыкканча кошулбаш керек деген түшүнүк – бул кайра кош бойлуу болуп калуудан сактануу керек дегенди гана билдирет.

Экинчи “аңыз”. Эненин бала эмгизүүсүнө байланыштуу. Кээ бирлер бала эмгизип жатканда кошулбаш керек дейт. Эгер жыныстык катнаш тез-тез болуп турса, сүт тартылып кетет деген ишеним бар. Төшөк оюндары сүттүн курамына, сапатына жана санына таасир этпейт. Себеби, баланы эмгизген кезде, бала өзүнө керектүү сүттү өзү чыгарып алат. Эне сүт даярдап чыгара турган “ферма” эмес. Ал бала эмгизгенден бөлөк үй жумуштары менен да алектенет. Жыныстык катнаш да ушундай күндөлүк “жумуштардын” бири.

Жыйынтыктап айтканда...

Бала төрөлгөндөн кийин аялдын организминде “кайра жаралуу”, калыбына келүү процесси жүрөт. Жанбаш нервинин талчалары “жаңы формага” көнө баштайт. Мындан тышкары, төрөттөн кийин аялдар сезимтал болуп, көздөрү ойноктоп, баарын түшүнүп-билип калат. Аялдын денесинен бөлөк руханий, психологиялык, эмоционалдык өзгөрүүлөр болот. Баланын жарык дүйнөгө келиши аял менен эркектин ортосун алыстатпай, тескерисинче жакындатат.