Ургаачысы үчүн кармашып... Шыптан кулаган Австралиядагы жыландардын сүрөтү

3 сентября 2020 Ургаачысы үчүн кармашып... Шыптан кулаган Австралиядагы жыландардын сүрөтү

Австралиянын Квинсленд штатынын жашоочусу Дэвид Тейт үйүнө келип талкаланган шыпты көрүп, эки башка бөлмөдөн узундугу бир нече кулач болгон эки жыланды тапкан. Бул тууралуу "National Geographic Россия" сайты жазды.

Ал эми окуянын кандай болгонун баяндаган сүрөт Facebook тармагына жарыяланды.

facebook. Сүрөт

Тейт үйүнө келип талкаланган шыпты, ашканасынан чачылган идиш-аяктарды көрүп, алгач эмне болуп кеткендигин баамдаганга аракет кылган. Ал жакынкы күндөрү жамгыр жаабагандыктан чагылган түштү деген ойдон алыс болгондугун айткан.

Тамын акырындап карап чыгып, уктоочу жана конок бөлмөдөн илимде Morelia spilota деп аталган эки питонду тапкан. Коопсуздугун ойлогон жигит жыландарды кармап кызмат көрсөтүп жүргөн Стивен Браунга кайрылган.

Адис узундугу 2,5 жана 2,8 метр болгон жыландарды кармаган. Экөөнүн салмагын кошкондо 50 килограммга жакындаган.

"Менимче, бул экөө тамдын чатырынан ургаачы жылан үчүн урушуп кетип, алардын салмагын көтөрө албай шып сынып кеткен", — деген Браун.

Күтүлбөгөн конокторду кармаган Браун питондорду токойго, ал эми алардын сүрөттөрүн Facebook колдонуучуларына жөнөткөн.

Жылан кармагыч кылдаттык менен ургаачы жыланды издеп, бирок чатырдан таба алган эмес. Адис питондордун тамдын үстүнө чыгып кеткенине өзү да айран-таң.

sputnik