Кыргыз Республикасы жөнүндө кыскача маалымат

3 сентября 2020 Кыргыз Республикасы жөнүндө кыскача маалымат

© Кадыров Ысмайыл, 2008. Бардык укуктар корголгон

© Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2008. Бардык укуктар корголгон

Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган

Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес

www.literatura.kg сайтында жайгаштыруу күнү: 2009-жылдын 30-сентябры

 

Алгы сөз

            Урматтуу окурман! Кыргыз Республикасынын эгемендүү мамлекет катары өзүнүн тарыхы, өзгөчөлүктөрү бар. Ошондуктан дүйнөлүк Гиннесс китеби сыяктуу Кыргызстандын дагы рекорддор китебин (өзгөчө, эң чоң, эң көп, эң узун ж.б. жөнүндө) түзүү менен көп жылдардан бери алектенип келем. Ал үчүн энциклопедиялардан, китептерден, гезит-журналдардан маалыматтарды топтоп, окшошторун бири-бирине салыштырып, тыкыр изилдөө жүргүзүү менен туура деп эсептегендеримди иргеп алдым. Машак тергендей бир чымчымдан чогултуп, мүмкүн болушунча тактоого аракет жасадым. Тематикаларга бөлүштүрдүм. Кыргыз мамлекетинин тарыхына, илимине, маданиятына, экономикасына ж.б. өзгөчө салымы бар инсандардын жасаган иштерин келечек муун биле жүрсө деген тилек кылдым. Дың бузуу, алгачкы чыйыр, из салуу, биринчи кадам таштоо, тунгуч, абалкы болуу өтө оор, өзгөчө жооптуу, ошол эле учурда сыймыктуу дагы. Ошондуктан кыргыздар чыгаандарды көч башы, топ бузаар деп кадырлашса, малдын дагы лидерин эркеч, баштаак деп ыйык көрүшкөн. Ошондуктан бардык тармактар боюнча баштоочтор, карлыгачтар жөнүндө да кыскача маалыматтар камтылды.

            Бул иш биринчи жолу жасалып жаткандыктан кемчиликтер болушу толук мүмкүн. “Көч бара-бара түзөлөт” дегендей авторго маалымат белгисиз болгондуктан китепке жазылбай калган, калпыс берилген жерлери, ошондой эле китептин жалпы түзүлүшү жөнүндө пикириңиздерди билдирип койсоңуздар, китептин андан аркы чыгарылыштары үчүн пайдасы гана тиет.  

            Бул китепчеде эч кандай саясий максат жок. Болгонун болгондой гана элге жеткирүү. Бул китепченин айрым материалдары бир катар республикалык басылмаларга мурда жарыяланган. Китеп окурмандарды кайдыгер калтырбайт деп ишенем.

Автор

 

Кыргыз Республикасы жөнүндө кыскача маалымат

 

  • Кыргыз Республикасы (КР)  Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Кытай Эл Республикасы менен чектешет. Чегарасынын жалпы узундугу 4508 км. Эң узуну Өзбекстан менен болгон чегара (1374 км). Республиканын батыштан чыгышка чейинки эң узун аралыгы 925 км, түндүктөн түштүккө чейин 453,9 км. Жалпы аянты 199,9 миң км2, анын 93 %и тоо, аймагынын 94,2 %и деңиз деңгээлинен 1000 м, 40,8 %и 3000 метрден ашык бийиктикте. Калкынын жалпы саны 5 млн. (2002, 27-август). Административдик аймагы 7 облустан турат: Ош, Жалалабат, Баткен, Талас, Чүй, Ысыккөл, Нарын. Борбору - Бишкек ш. КРдеги эң ысык температура +440С - Чүй, эң суук температура ­540С Аксай метеостанциясында катталган. Кыргызстан жер шарынын кургак жеринин 0,13%ын ээлейт, мында дүйнөлүк фаунанын 3%ке жакыны бар.
  • Кыргыз Республикасы  өзүнүн тарыхында алгачкы жолу 1991­жылдын 31­августунда көз каранды эмес эгемендүү мамлекет болуп жарыяланган.
  • Кыргыз Республикасынын 1-Конституциясы 1993­жылдын 5­майында Кыргыз Республикасынын 12­шайланган Жогорку Кеңешинин 12­сессиясында кабыл алынган.
  • Кыргыз Республикасынын Гимни - 1992­ж. 3­декабрда кабыл алынып, 18­декабрда КР Жогорку Кеңешинин токтому менен бекитилген. Сөзүнүн авторлору - Жалил Садыков, Шабданбек Кулуев. Музыкасы Насыр Давлесов менен Калый Молдобасановдуку.
  • Кыргыз Республикасынын Желеги 1992­жылдын 3­мартында кабыл алынып, Өкмөт үйүнүн төбөсүнө 5­мартта салтанаттуу көтөрүлгөн. Желектин авторлору: Айдарбеков Эмил, Жайчыбеков Бекбосун, Иптаров Сабыр, Матаев Жусуп, Сыдыков Маматбек.
  • Кыргыз Республикасынын Герби 1994­ж. 14­январда кабыл алынган. Авторлору - Асейин Абдраев, Садырбек Дубанаев.
  • Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили - кыргыз тили. Кыргыз тилине Мамлекеттик тил статусун берүү жөнүндө мыйзам 1989­ж. 23­сентябрда Кыргыз ССР Жогорку Советинин 11­шайланган кезексиз онунчу сессиясында кабыл алынган.
  • Кыргыз улуттук валютасы - сом 1993­ж. 10­майдан баштап республиканын аймагында жүгүртүүгө киргизилген. Сомго ошол учурдагы Улуттук банктын төрагасы Кемелбек Нанаевдин колу коюлган. 2000­жылдын 28­августунан баштап Кыргызстанда 200, 500, 1000 сомдук банкноттор жүгүртүүгө чыгарылган.

 

 

Облустар боюнча маалыматтар

 

Облустар

Аянты,
миң км2

1999-жылдагы эл каттоо боюнча калкы, миң

Кошумча маалыматтар

Түзүлгөн

жылы

Баткен

17,0

380,2

3 район, 2 шаар, 5 шаарча, 189 айыл

1999-ж., октябрь

Жалалабат

33,7

869,3

8 район, 6 шаар, 7 шаарча, 415 айыл

1939-ж.,

21-ноябрь

Нарын

45,2

248,7

5 район, 1 шаар, 2 шаарча, 132 айыл

1939-ж.,

21-ноябрь

Ош

29,2

1176,6

7 район, 3 шаар, 7 шаарча, 467 айыл

1939-ж.,

21-ноябрь

Талас

11,4

200,3

4 район, 1 шаар, 1 шаарча, 90 айыл

1980-ж.,

3-сентябрь

Чүй

20,2

772,2 (Бишкек кошулбайт)

8 район, 4 шаар, 5 шаарча, 327 айыл

1939-ж.,

21-ноябрь

Ысыккөл

43,1

415,5

5 район, 3 шаар, 5 шаарча, 181 айыл

1939-ж.,

21-ноябрь

 

Кыргызстанда жашаган кыргыз элинин жалпы саны 1924-ж. 750165, 1959-ж. 837 миң, 1989-ж. 2 млн. 530 миң 998, 1999-ж. 1-январга карата 3 млн. 128 миң 144 адам болгон.

 

Кыргыз тарыхынан кыскача маалыматтар

 

  • “Кыргыз” аталышы (этноними) тууралуу алгачкы маалымат “Кытай тарыхынын атасы” атыккан Сыма Цяндын б.з.ч. 201­жылдагы “Щи­цзи” (“Тарыхый жазмалар”) деген китебинде “гяньгунь” деген ат менен жолугат. Ошондой эле “кыргыз” аталышы Кытайдын Хань доорунда”цзянь­гунь”, Тан тушунда “ясңзясы”, Юань учурунда - “цзилицзицы”, гректе - ”херкис”, араб­парсы жазмаларында - ”хыркыз”,”хырхыр”, монголдордо - ”хяргас”, орустарда - ”киргиз” ж.б. түрдө айтылат. Андан сырткары гегу, гэгун, жиегу, чийгу, хегаз,жылыс, булуту, хакяньси, гягас, кыркыс ж.б. аталыштары да бар.  Санжырачылар “кыргыз” деген аттын Муканбет пайгамбардан 3700 жыл мурда пайда болгондугун айтышат, ал эми Осмонаалы Сыдык уулунун 1914­ж. Уфадан чыккан “Тарых Кыргыз Шадмания” деген китебинде кыргыз бабабыз Муканбет пайгамбардан 3400 жыл мурун дүйнөгө келгенин жазат. Алексей Левшиндин маалыматында Иса пайгамбар төрөлгөндөн кийинки 569­ж. император Юстин “Дизабулга” жиберген элчи Земарк кайтып кетип баратканда Алтай кыргыздарынын императорго бир сулуу кыз, ага кошуп бир нече кул бергендиги баяндалат. Тарыхта кыргыз өтө жотолуу, көк көз, сары чач, кызыл­чийкил болгон деп сыпатталат. Кыргыз элинин түпкү чыгышын, урууларга таралышын иликтеген Сейф­ад­дин Аксикенти (алгачкы кагазга түшүрүлгөн санжыра, “Маджму Ат­таварих”, кыргызча “Тарыхтар жыйнагы”, 16­к.), тунгуч агартуучу, окумуштуу­тарыхчы, санжырачы Осмонаалы Сыдык уулу (1875-1940), кыргыз тарыхын жазмага түшүргөн, жазма тарых менен оозеки тарыхты (санжыраны) салыштырып, дарамети жеткенче талдап, кыргыз тарыхын изилдөөнү эң биринчи илимий нукка салууга аракеттенген алгачкы тарыхчы Белек Төрөгелди уулу Солтоноев (1878-1938) болгон. Кийин Е. Поливанов, В. Радлов, Н.Бичурин, К. Юдахин, С. Абрамзон, К. Скрябин өңдүү орус илимпоздорунун келиши менен кыргыз илиминин жаңы доору башталган. Ал эми эл жазуучусу Асан Жакшылыков кыргыз элин күн (гунн, хунн), усун, сак (сактан), булут (бурут), кырк ууз (кыргыс, кыргыз) деген аталыш менен тээ топон суудан аркы доорлордон бери келаткан эң байыркы эл деп далилдейт (“Эстутум”, Б.:2005).
  • Кыргыздар жөнүндө эң алгач кеңири изилдөө жүргүзүп, көптөгөн эмгек жазган чыгыш изилдөөчүсү, академик­тарыхчы Василий Владимирович Бартольд (1869-1930). Анын “Кыргыздар” (1927) аттуу тарыхый­илимий очеркинин жарык көрүшү менен күн чыгыш тарыхынын изилдене башташынын жаңы доору, накта илимий деңгээлдеги мезгили башталган. Анын пикири боюнча кыргыздар Орто Азиянын эң байыркы элдеринин бири. Ал 618­907­жылдары башкарган Тан династиясынын тарыхынан бир кыйла мурунку кытай тарыхый чыгармаларында кыргыздар жөнүндө маалыматтар бардыгын, кыргыздар кайда жашагандыгы жана алардын өлкөсүн башка өлкөлөр менен кандай жолдор байланыштырып тургандыгы жөнүндө географиялык жактан так көрсөтүлгөнүн, кыргыз элинин өң түзүлүшү жана тили жөнүндө маалыматтар айтылганын жазган. Ал эми А.Н. Бернштам (1910-56) кыргыз элинин түбүн б.з.ч. 4­кылымга такайт. Анын айтымында кыргыз элинин уюткусун түзгөн айрым уруу тайпалары ошол учурда азыркы Монголиянын түндүк­батышындагы Хяргас­Нур (Кыргыз­Көл) чөлкөмүндө түптөлө баштаган. Ал эми илимпоз Кожош Мусаев өз изилдөөсүндө кыргыздар мындан 4 миң жыл мурда болгон деп эсептесе, жазуучу Орозбек Айтымбетов “Кара Кыргыз” деген эмгегинде кыргыздын 8 миң жылдык тарыхы бар экендигин далилдейт.     .
  • Байыркы кыргыздардын түндүк хуннуларга каршы уруштары жөнүндөгү маалымат 1-2­кылымга тиешелүү.
  • Тарыхта алгачкы кыргыз  мамлекети  480–447-жылдары түзүлгөн деген маалымат бар.
  • Тарыхтагы алгачкы күчтүү кыргыз мамлекети болгон Кыргыз кагандыгы Энесай дарыясынын боюнда Миң­Суу өрөөнүндө 6­кылымда түзүлүп, 13­кылымдын башына чейин өкүм сүргөн. Аны үстөмдүк кылуучу кыргыз урууларынан чыккан сулалелер бийлеген. Бартольд “9-10­кылым - Улуу Кыргыз мамлекетинин доору” деп атаган. Бул учурда Кыргыз каганаты чыгышы Байкөлдөн (Байкал) батышы Теңир­Тоого чейинки кеңири чөлкөмдө өз бийлигин жүргүзүп (Түштүк Сибирь, Монголия, Байкал, Эртыш, Кашкар, Ысыккөл, Талас ж.б. кыргыздарга баш ийген), кыргыз журтуна оомат келген, “Могулстандын жапайы арстандары” аталган. 904-ж. кыргыздар Кытайдан так талашкан. Ошол учурда өз жазуусу болгон. Байыркы ханзу тарыхынын маалыматы боюнча Энесай кыргыздары түрк тилинде сүйлөгөн тайпалардын ичинде эң алгачкы туруктуу календарга ээ болгон. Алар жыл башын “баш ай” атаган жана үч айды бир мезгил деп эсептеп, ар бир мезгилди жаз, жай, күз, кыш деп атаган. Ар бир жыл 12 жаныбардын аты менен аталган. Бул “мүчөл” делинген. Бир жылды 12 айга айрып, алар 1­баш ай, 2­корук ай, 3­күкүк ай, 4­чилде ай, 5­сарыча ай, 6­кыркүйөк ай, 7­мизам ай, 8­карача ай, 9­казан (согуш) ай, 10­каңжар ай, 11­акпаң ай (кара ай), 12­чил ай (соң ай) деп аталган. Кийин далай чабылып­чачылган учурларды да башынан өткөргөн. “Кайың барбы кыргыз балта чаппаган?

            Кабак барбы кыргыз кыргын таппаган?

            Кыр­жон барбы кыргыз сөөгү жатпаган?” - деген каңырык түтөтөр сөздөр чыккан. Ооматы кеткен кез “Манаста” “бири кетти Кырымга, бири кетти Урумга, бири кетти Каңгайга, бири кетти Алтайга, бири кетти Эренге, бири кетти Тереңге” деп сүрөттөлгөн.

  • 840-ж. кыргыздар Борбордук Азиядагы уйгур кагандыгын талкалаган. Алардын ордосу Ордо-Балыкты басып алган. 840 – 44-жж. бүткүл Борбордук Азиядагы бийлик Энесай кыргыздарына өткөн.
  • Кыргыз маданиятынын  гүлдөгөн учуру 10-11­кк. болгон. Ал учурда шаарлар, кол өнөрчүлүк, соода өнүккөн. Окумуштуулар менен акындар чыгармаларын жараткан. Жайсаң манасчы ушул доордо жашаган деген пикирлер бар. Ал мезгилде Чүй өрөөнүндөгү Баласагын шаарында туулган Жусуп Баласагындын “Куттуу билим”, Ысыккөл кылаасындагы Барскан шаарында туулган Махмуд Кашгаринин “Түркий тилдер сөз жыйнагы” деген залкар эмгектери жазылган. 1067-68­ж. Баласагында тыйын чыгарылган.
  • Кыргыздар ислам динин Караханийлер кагандыгынын тушунда кабыл алган. Бул кагандык 10­кылымдын 2­жарымынан 13­кылымдын башына чейин азыркы Кашкар, Түштүк Казакстан, Орто Азия, анын ичинде Кыргызстандын аймагын ээлеп турган. Кагандыктын негиздөөчүсү Сатук Буура хан Абд ал­Керим болгон. Ал 960­ж. ислам динин кабыл алып, аны мамлекеттик идеология катары жарыялаган.
  • 1680-ж. Тяньшань кыргыздары чыгыш Түркстанга жортуул жасаган.
  • 1762­ж. 2­августта Россияда 1680-ж. Теңиртоо кыргыздары чыгыш Түркстанга жортуул жасаган.
  • Теңиртоо кыргыздары жөнүндө алгачкы маалымат берген П.И. Рычковдун “Оренбург басмаканасы...” деген эмгеги жарык көргөн.
  • Түштүк кыргыздар жөнүндө биринчи маалымат берген, кыргыз менен казактын айырмасын баса белгилеген, ошондой эле кыргыздар жөнүндө кыйла кызыктуу маалыматтарды камтыган эң узун аталыштагы китеп Филип Ефремовдун “Орусия унтер­офицери, азыр жарандык кызматтагы Ефремовдун он жылдык саякаты жана Бухара, Хива, Персия менен Индиядагы окуялары, андан Англия аркылуу Орусияга келгендеги өзү жазган китеп” аттуу китеби (1786). Китеп өтө кызыгууну пайда кылып, автордун көзү тирүүсүндө эле үч жолу басылган.
  • 15­кылымдын 80­жылдары - 16­кылымдын башында кыргыздардын бир топ урууларынан “Кыргыз хандыгы” түзүлгөн.
  • 16­кылымдын 1­жарымы - 1493-1529­жылдарда Орто Азиядагы окуялар жөнүндө     З.М. Бабурдун “Бабур­намэ” жыйнагы чыккан.
  • 18­кылымдын 2­жарымында айрым кыргыздар Тяньшандан Памир­Алайга көчкөн.
  • 1871­ж. мартта Фергана кыргыздары Кудаяр ханга каршы көтөрүлүшкө чыккан.
  • Пишпек уездиндеги кедей жана орто дыйкандарды бириктирген демократиялык уюм “Букара” союзу 1917­ж. 3­майда түзүлгөн. 1917­ж. 9­сентябрда Пишпекте союздун сьезди болуп, анын башкармасынын төрагалыгына Кожомурат Сарыкулаков, орун басарына Имаш Көбөков шайланган.
  • Тунгуч кыргыз революционер­большевиги Жукеев Таабалды (жашыруун аты Пудовкин Александр Александрович, 1882-1930).
  • Кыргызстандын аймагында 1­болуп 1917­ж. ноябрда Сүлүктү менен Кызылкыяда Совет бийлиги жарыяланган.
  • 1917­ж. декабрда Таласта, 1918­ж. январда Ошто, февралда Пишпекте, апрелде Нарында, майда Караколдо Совет бийлиги орногон.
  • Советтердин уезддик 1­сьезди Пишпекте 1918­ж. 11­февралда болуп, совет бийлиги жарыяланган жана уезддик советтин президиумунун төрагалыгына Григорий Иванович Швец­Базарный шайланган.
  • 1918­ж. 5­октябрда курамына Кыргызстан кирген Түркстан АССРинин Конституциясы кабыл алынган.
  • 1922­ж. 10­октябрда Кыргыздардын тарыхы боюнча комиссия түзүлгөн.
  • 1924­ж. 14­октябрда Бүткүл россиялык БАК РСФСРдын курамында Кара­Кыргыз автономия облусун түзүү жөнүндө чечим кабыл алган. Ага Каракол, Нарын, Пишпек, Ош уезддери, Олуя­Ата уездинин Талас өрөөнүндөгү болуштуктары, ошондой эле Анжиян, Кокон, Наманган уезддеринин Фергана өрөөнүндөгү болуштуктары кирген. Ошол жылы облустун калкынын саны 737 миң болуп, анын 63,5 %и кыргыз, 16,8 %и орус, 15,4 %и өзбек, 4,5 %и башка улуттар болгон. Облустун убактылуу мамлекеттик башкаруу органы революциялык комитет деп аталган. 1924­ж. 21­октябрда Кара­Кыргыз АОсунун Ревкомунун курамы бекитилип, ал 12­ноябрда ишке киришкен. Ал комитет облусту убактылуу башкарган атайын бийлик органы болуп 1925­жылдын мартына чейин иштеген. Ревкомдун 1­төрагасы, б.а. Кара­Кыргыз АОсунун 1­өкмөт башчылыгына Иманалы Айдарбеков, жооптуу катчылыгына Ибрай Тойчинов, облустук партиялык уюмдун 1­катчылыгына М.Каменский, жооптуу катчылыгына Ж. Абдрахманов, катчылыгына Ж. Саадаев дайындалган. Облустун убактылуу борбору Ташкен болгон. Борбор 1924­ж. декабрдын аягында Пишпекке көчүрүлгөн. 1926­ж. 12­майда Кыргыз АССРинин борбору Фрунзе деп аталган. 1936­жылдан Кыргыз ССРинин борбору болгон. 1991­ж. 5­февралда Фрунзеге Бишкек деген эски аты кайта берилген.
  • 1925­ж. 27-30­мартта Кара­Кыргыз АОсунун Советтеринин 1­уюштуруу сьезди болуп, анда кыргыздардын мамлекети жарыяланган. Облустук Аткаруу Комитетинин төрагалыгына Абдыкадыр Орозбеков шайланган.
  • 1925­ж. 25­майда Кара­Кыргыз АОсу Кыргыз автономия облусу деп аталган.
  • Кыргыз АОсунун аты 1926­жылдын 1­февралында Кыргыз АССРи (Кыргыз Автономиялуу Советтик Социалисттик Республикасы) деп өзгөртүлгөн.
  • 1927­ж. 7-12­мартта Бишкек шаарында Кыргызстандын Советтеринин 1­уюштуруу сьезди болгон. Сьезд Кыргыз АССРин түзүү жөнүндө декларация кабыл алган. Ага 238 делегат (анын 107си кыргыз)  катышкан. Сьезд курамында 122 мүчөдөн, 27 мүчөлүккө кандидаттан турган Борбордук Аткаруу Комитетин (БАК) шайлаган. 12­мартта БАКтын 1­сессиясы болуп, Кыргыз АССРинин БАКынын Президиумунун төрагалыгына (республиканын 1­жетекчилигине) А. Орозбеков, республиканын Өкмөтү болгон Эл Комиссарлар Советинин төрагалыгына Ж. Абдрахманов шайланган. Кыргыз АССРинин мамлекеттик абалы алгачкы ирет БАК жана РСФСР ЭКС тарабынан 1927­ж. 24­мартта бекитилген.
  • 1936­ж. 5­декабрда Кыргыз АССРи СССРдин карамагына кирген Кыргыз ССРи (Кыргыз Советтик Социалисттик Республикасы, Кыргызстан) болуп түзүлгөн.
  • Кыргыз АССРинин 1­конституциясы 1929­ж. 30­апрелде Кыргыз АССР советтеринин 2­сьездинде кабыл алынган. Бул кыргыз улуттук мамлекеттүүлүгүн мыйзамдаштырган 1­конституция болгон. Кыргыз ССРи болгондон кийинки 1­конституция 1937­ж. 23­мартта республикалык Советтердин чукул чакырылган 5­сьездинде кабыл алынган.
  • Кыргыз ССРинин Гимни 1­жолу 1946­ж. 30­мартта кабыл алынган. Анын текстин К.Маликов, Т.Сыдыкбеков, М.Токобаев, А.Токомбаев, музыкасын В.Власов, А.Малдыбаев, В.Фере жазган.
  • Кыргыз ССРинин Мамлекеттик желеги 1­жолу 1937­ж. бекитилген.
  • Кыргыз ССРинин Мамлекеттик герби 1936­ж. түзүлгөн. Автору О.Т. Павленко болгон.
  • 1990-жылдын 24-30-октябрында коммунисттик диктатурага каршы алгачкы ачкачылык жарыялагандар Топчубек Тургуналиев, Тынчтыкбек Чоротегин ж.б.

Кыргыз жазуусу

  • Чулу таштарга, аска бетине чегилген байыркы руна жазуусу (Орхон­Энесай алфавити) 6-7­кк. пайда болуп, 10-12­кк. чейин колдонулган. Мындай эстеликтер Энесай, Саян, Тува, Монголия, Талас, Кочкор өрөөндөрүнөн табылган. Ал жазууларды биринчи жолу 1893­ж. даниялык илимпоз В. Томсен (1842-1927) жана орус түркологу В. Радлов (1837-1918) окуган. Бул эстеликтердин кыргыздарга таандык экендигин айтышкан алгачкы окумуштуулар В.Радлов, В.Томсен жана орус тилчиси, түрк тилдерин изилдөөчү С.Е. Малов (1880-1937) болгон.  Малов “Енисейлик түрктөрдүн жазуусу” деген эмгегинде “5­кылымдагы енисейлик жазуу эстеликтеринин тили - байыркы кыргыздардын тили” деп аныктаган. Бул эстеликтерди изилдөөгө башоту менен киришкен алгачкы кыргыз окумуштуусу - Четин Жумагулов. Анын эсеби боюнча Кыргызстандын аймагынан акыркы 100 жыл ичинде 20 руна жазуусу табылган.
  • 1929-ж. 29-ноябрда кыргыз жазмасын араб алфавитинен латын алфавитине 1930-жылдын 1-январынан тартып өткөрүү боюнча Кыргыз АССР БАКынын Президиуму чечим кабыл алган.
  • 1941-ж. 31-январда латын алфавитиндеги кыргыз жазуусун орус алфавитине (кириллицага) которуу жөнүндөгү мыйзам чыккан.
  • Илимпоз-түрколог Четин Жумагулов 1975-ж. Кегети аймагынан айдоодогу топуракка көмүлүп калган эки эстелик таш таап, алардын сүрөттөлүшүн берип, араб тамгасында чегилген жазууларын чечмелеп окуп, “Эпиграфика Киргизии-2” аттуу китебине жарыялаган. Бул эстелик кимге арналып коюлгандыгын жазуу жүзүндө баяндап көрсөткөн 19-кылымдагы эң алгачкы эстеликтерден болуп эсептелет. Анын бири Муратаалы бийге тиешелүү.

 

Алгачкы кыргыз башкаруучулары, тарыхый инсандар

 

  • Алгачкы кыргыз башкаруучусу - Барс­бег ажо (Барсбек, Ынанчу Алп Билге каган, Могилян). 711­ж. ал кагандык чыгыш түрк аскерлеринен жеңилип, Барсбег дүйнөдөн кайткан. Санжыра боюнча 5-6­кылымдарда Алтайда 1­кыргыз кагандыгы түзүлгөн. Ак кийизге салып Калач аттуу адамды хан көтөрүшкөн. Бул Барсбек болушу да ыктымал.
  • Осмоналы Сыдык уулунун “Тарых кыргыз Шадмания” деген эмгегинде моңолдордон чыккан Асан уулу Самансур бүт кыргызга хан болгондугу айтылган. Ал көп мыйзамдарды киргизген. Кийин бул мыйзамдарды Ормон пайдаланган.
  • 1670­ж. кыргыздын чоң багыш уруусунун улугу Койсары бий Кашкардын акимдигине көтөрүлгөн.
  • Кыргыздарды тышкы душмандардан коргоп, көз карандысыздыгы үчүн күрөшкөн улуу инсандардын катарында төмөнкүлөр өзгөчө айтылат.
  • Кокон хандыгын башкарган алгачкы кыргыз - Шераалы хан, Ажибек (Хаджибек) уулу Шераалы (1792-1844). Ал Кокон хандыгын 1842-45­ж. бийлеген. Энеси да, аялы да кыргыз болуп, өзү Таластагы кыргыздардын арасында өсүп­өнгөн.
  • Кокон хандыгындагы баш вазир даражасына жеткен 1­кыргыз - Алымкул аталык (?-1865). Ал Молдо Алымкул деп да аталган. Кыргыздын кыпчак уруусунан чыккан.
  • Алымбек датка кыргыздын түштүк жана түндүк урууларын бириктирүүгө көп аракет жасаган. Ал Кокон хандыгындагы кыргыздардан чыккан (алайлык) эң таасирдүү саясий ишмерлердин, аскер башчылардын бири, парваначы наамын (генералга тете) эң биринчи алган адам. “Датка” наамы Кокон хандыгынын учурунда Орто Азия аймагында 18­кылымда пайда болгон. Эң көрүнүктүү, кадыр­барктуу, зоболосу жогору адамдарга берилген. Датка элден түшкөн даттанууларды ханга билдирип, арыз ээлерине жообун кайтарып турган. Бул наам ошол доордо кеңири жайылган казы, бий сыяктуу жергиликтүү өкүмдүк наамдардан кыйла жогору турган. Датканы И.Бичурин «генералга тете жогорку чин» десе, орус окумуштуусу А.Кун генерал-губернаторго теңеген. Даткалар хан казынасынан жылына 200 батман аштык жана 1000 дилде алууга акылуу болушкан, ар кандай кызматтарды аткарышкан. Алмазбек Абасбековдун изилдөөсү боюнча 1804-1876-жылдары кыргыз инсандарынан төмөнкүлөр датка даражасын алышкан: Ажыбек (чыныгы аты Аспердин, Талас), Медет (Жумгал), Кедейбай (Чартактын акими), Сарымсак, Тойчу Молдо (Хоженттин акими), Шапак, Сейитбек (кесек уруусу), Болот, Касым, Гаиб (Алай), Бозой (Бадахшан), Тилла (тейит уруусу), Каракул (найман уруусу), Айдарбек (Чүй), Алымбек (Алай). Алымбек 1831­ж. Мадали хандан “Алайдын даткасы” наамын алган. Ал өлгөндөн кийин даткалык наам аялы Курманжанга өткөн. Курманжан Маматбай кызы (1811-1.02.1907) кыргыз аялдарынын ичинен гана эмес, бүткүл Борбордук Азиядан аялзатынан жападан жалгыз өзүнүн даанышмандыгы, акылмандыгы менен сый­урматка татып 1864­ж. датка наамын алган, “Алай ханышасы” атка конгон. 1876­ж. Курманжан даткага орус бийлиги “полковник” чинин ыйгарган. Мындай чоң чинге ага чейин эч ким ээ болгон эмес. Айрым маалыматтарда ага чейин Зыйнат датка (Шералы хандын таежеси) болгону да айтылат.
  • Ормон Ниязбек уулу (1791-1854) 19­кылымдын ортосунда (1842) кыргыз урууларын бириктирип, кыргыз хандыгын (мамлекетин) түзүүгө аракет жасаган инсан. Ага Кокон хандыгы парваначы даражасын ыйгарган. Кол башчылыкка Төрөгелди баатырды, кеңешчиликке Жантайды дайындаган. Кокон хандыгынын кыргыздарга көрсөткөн кысымынан кутулуу үчүн Орусиянын Сибирдеги аскер бийликтери менен тымызын байланыш түзүүгө аракеттенген. Бирок, ал ишке ашкан эмес. Анын казак султаны Кенесары Касымовдун жортуулун талкалоодогу айла­амалы (тактикасы) “Ормон опуза” деген ат менен белгилүү.
  • Тайлак Рыскул уулу, Тайлак баатыр (1796-1838) 19­кылымдын 1­жарымындагы кыргыз элинин көз карандысыздыгы үчүн кыймылдын ири өкүлдөрүнүн бири, саяк уруусунун чоро уругунан чыккан. Ал бир тууганы Атантай менен бирдикте 1832-38­ж. Атбашы, Акталаа, Тогузторо аймакгындагы кыргыздарды бириктирип, Кокон хандыгына каршы күрөштү жетектеген.
  • Ажыбек баатыр Токтобай уулу (1800-1856) Атбашы, Какшаал чериктерин башкарып, кыргыз-кытай чегарасын сактоодо олуттуу орду бар инсан.
  • Кубат бий 18­кылымдын 2­жарымында Алай жана Фергананын батыш жагындагы кыргыздарды бийлеген. Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түзүүдө жасаган көп иштери уламыш катары айтылып келет.
  • Боромбай 1844­ж. Батыш Сибирдеги орус падышасынын бийлигине бугу уруусун букаралыкка алуусун өтүнүп элчи жиберген, 1848­ж. ал орус бийлигине 2 ирет кайрылган. 1853­ж ага полковник чини ыйгарылган.
  • Шабдан Жантай уулу (1839-1912) кыргыз мамлекеттүүлүгү үчүн зор иштерди жасаган инсандардын бири. Ал Кокон хандыгынын кол башчысы Канат­шаа менен 2 жылга жакын Ташкенде туруп, Ташкенди курчап алгандардан коргоодогу эрдиги үчүн Түркстан шаарынын бегине дайындалган. Шабдан 1883­ж. орус падышасы Александр ҮҮҮнүн такка отуруу аземине чакырылып, ага аскер старшинасы наамы ыйгарылган. Ал жоомарттыгы, берешендиги, боорукердиги менен да өзгөчөлөнгөн. Чоң­Кеминге жаңы усулда сабак өтүүчү медресе (“Шабдан медресеси”) ачтырып, кыргыздардын билим алуусуна да чоң салым кошкон.
  • Байтик кыргыз элинин өз алдынчалыгына умтулуп, Кокон хандыгынын эзүүсүнө каршы күрөштүн башында турган инсандардын бири.
  • 1949-72­ж. Кичи Памирдеги кыргыздардын ханы болуп, чет жерге ооп барган кыргыздарды чачыратпай башкарып жүргөн 1­адам Рахманкул хан (1912-1990) болгон.

 

 

Кыргызстан облаткомунун, Эл комиссарлар советинин, Министрлер советинин төрагалары жана Премьер­министрлери

 

Айдарбеков Иманалы (1924-25), Орозбеков Абдыкадыр (1925-27), Абдрахманов Жусуп (1927-33), Исакеев Баялы Дыйканбаевич (1933-37), Салихов Мурат (1937-38), Кулатов Төрөбай (1938-45), Раззаков Исхак (1945-50), Сүйөркулов Абды (1950-58), Дикамбаев Казы (1958-61), Мамбетов Болот (1961-68), Сүйүмбаев Акматбек Сүттүбаевич (1968-78), Ибраимов Султан (1978-80), Дүйшеев Арстанбек (1981-86), Жумагулов Апас (1986-91, 1993-98), Исанов Насирдин (1991), Чынгышев Турсунбек (1992-93), Жумалиев Кубанычбек Мырзабекович (1998), Ибраимов Жумабек (1998-99), Муралиев Амангелди Мурсадыкович (1999-2000), Бакиев Курманбек Салиевич (2001-02, 2005), Танаев Николай Тимофеевич (2002- 2005), Кулов Феликс Шаршенбаевич (2005-2007), Исабеков Азим Бейшенбаевич (29.01.-29.03.2007), Атамбаев Алмаз Шаршенович (29.03.-24.12.2007), Чудинов Игор Витальевич (24.12.2007-жылдан).

Кыргызстан компартиясынын обком жана Борбордук комитетинин биринчи катчылары

Каменский Михаил Давыдович (1924-25), Узюков Николай Анисимович (1925-27), Шубриков Владимир Петрович (1927-29), Кульков Михаил Максимович (1929-30), Шахрай Александр Осипович (1930-33), Белоцкий Морис Львович (1933-37), Аммосов Максим Кирович (1937-38), Вагов Алексей Власович (1938-45), Боголюбов Николай Семёнович (1945-50), Раззаков Исках (1950 –61, 2000-ж. жайында сөөгү Москвадан алып келинип, Аларча көрүстөнүнө коюлган), Усубалиев Турдакун (1961-85), Масалиев Апсамат (1985-91), Аманбаев Жумгалбек Бексултанович (1991.04.-.08).

Кыргызстан Борбордук Аткаруу Комитетинин, Жогорку Кеңештин төрагалары

 

Орозбеков Абдыкадыр (1927-37), Шамурзин Султанкул (1937-38), Салихов Мурат (1938.02-05), Толубаев Асаналы (1938-43), Токобаев Молдогазы (1943-45), Кулатов Төрөбай (1945-78), Ибраимов Султан (1978.09-12), Дүйшеев Арстанбек (1979-81), Кошоев Темирбек Кудайбергенович (1981-87), Акматов Таштанбек (1987-90), Масалиев Апсамат (1990-91), Шеримкулов Медеткан (1991-92), Чолпонбаев Мукар Шалтакович (1992-97), Мукамбаев Усуп (1997-2000) Матубраимов Алмамбет, Эркебаев Абдыганы (1998-2005),  Бөрүбаев Алтай Асылканович (2000-2005), Текебаев Өмүрбек Чиркешович (2005-2006), Султанов Марат Абдыразакович (2006-2007), Мадумаров Адахан Кимсанбаевич (2007-жылдан).

Кыргыз ССР Жогорку Советинин 1-төрагасы – И.П.Боряк (1938 - 40).     

Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту 1991–ж. түзүлгөн. Анын тунгуч төрайымы – Баекова Чолпон Турсуновна.

Кыргыз Республикасынын 1-Омбудсмени (Акыйкатчысы) Турсунбай Бакир уулу. Ал 2002-ж. 21-ноябрда КР ЖКнын Мыйзам чыгаруу жыйынында шайланган.

 

Алгачкы саясий ишмерлер

Кыргыз кыз-келиндеринен чыккан алгачкы коммунист, айыл өкмөтүнүн 1-төрайымы, эң алгачкы чарба башкармасынын раиси, БАКга 1-мүчө болуп, 1-Москвага барган - Уркуя Салиева.

Кыргыз ССР Жогорку сотунун 1-төрагасы – С.Б. Сегизбаев (1936-37).

Кыргыз ССРинин 1-прокурору – А.М.Присяжный (1938-39). Биринчи кыргыз прокурору – Таш Кудайбергенов.

Кыргыз ССРинин 1-тышкы иштер министри – Казы Дыйканбаев (1944-49). Ал эми кыргыз аялдарынан чыккан 1-тышкы иштер министри – Сакин Бегматова (17 жыл болгон).

Алгачкы эл агартуу комиссары – К.Тыныстанов (1927).

Республиканын 1-мал чарба министри – Акун Саякбаев.

Кыргыз кыз-келиндеринен тунгуч министр – Нургазиева Фатима (Батый). 1955-жылга чейин Саламаттык сактоо министри болгон. Ал кыз-келиндерден чыккан 1-ректор дагы.

Жогорку партиялык мектепти аялдардан 1-болуп бүткөн – Күлүйпа Кондучалова. Ал кыргыз кыз-келиндеринен чыккан алгачкы министрлерден дагы.

Кыргыз ССРинин улуттук коопсуздук органын жетектеген 1-кыргыз Жумабек Асанкулов. Ал кыргызстанда аскердик чалгын структурасын 1-болуп уюштурган, Москвадагы КГБнын Жогорку мектебин 1-бүткөн кыргыз, “СССР коопсуздук кызматынын ардактуу кызматкери” наамын да биринчилерден болуп алган.

1990-ж. Кыргыз ССРинин тарыхында 1-болуп компартия доорунда альтернативдик негизде элдик шайлоо менен Көкжаңгак шаардык компартиянын 1-катчылыгына Курманбек Бакиев шайланган.

1992­ж. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мүлк фондусу түзүлгөн. 1­төрагасы Абдыжапар Тагаев Абдыкаарович.

Кыргыз элчиликтери

  • 648­ж. июлда Кытайга кыргыз элчилиги баргандыгы жөнүндө маалымат бар.
  • Тарых маалыматтарына таянсак кыргыздардын Енисей доорундагы элчиси 38 жаштагы Эрен Улуг болгон. Ал кыргыз ажосу Барсбектин тапшыруусу менен 711-ж. Тибет ханына элчиликке барган, бирок андан кийинки тагдыры белгисиз боюнча калган.
  • Кытайга барган алгачкы кыргыз элчилиги жөнүндө бизге так маалымат 1758­жылга тиешелүү. Ушул жылы Черикчи бий Темир уулу жетектеген кыргыз элчилери Пекинде Кытай императорунун кабыл алуусунда болуп, алардын бийлигин тааныгандыгын ооз жүзүндө билдиришкен жана согуштук жөнү менен таанышып кайтышкан. Кытай императору Черикчи бийге 3­даражадагы чиндик белги ыйгарган.
  • Соңку кылымдагы кыргыз элинин алгачкы дипломаты, эл аралык мамиле ырашкерлигинин негиздөөчүсү - Кыдыр аке.
  • Орусияга 1­кыргыз элчилигин 1785­ж. сарыбагыш уруусунун бийи Атаке баатыр Тынай уулу орус императору Екатерина ҮҮге жиберген. Элчилердин башчысы Абдырахман Алкучак уулу (чын аты Карыганбай) болгон. Элчилерди Орусия борбору Санкт­Петербургда 1786­ж. 15­мартта Екатерина ҮҮ салтанаттуу кабыл алган. 18­кылымда кыргыз дипломатиясына чыйыр салууга алгачкы аракеттерди жасаган Атаке баатыр орус мамлекети менен байланышты чыңдоону көздөп 1788­ж. Омбу шаарына дагы бир ирет элчилерин жиберген. 1789­ж. 2­январда Абдырахман Алкучак уулу баштаган кыргыз элчилери Омбу шаарына келишкен.
  • Ысыккөл өрөөнүнөн Орусияга барган 1­кыргыз элчилигин 1813­ж. 21­ноябрда бугу уруусунун бийлөөчүлөрү жөнөткөн. Качыбек Шералы уулу, Жакыпбек Ниязбек уулу баштаган элчилер 1814­ж. 5­январда Семейге келишкен. Тобольск шаарында Батыш Сибирдин генерал­губернатору элчилерди кабыл алган. Алардын Петербургга баруу жана Орусия императоруна жолугуу өтүнүчү канааттандырылган эмес. Элчилерге орус армиясынын капитаны чини берилген.
  • Кыргызстандын Москвадагы туруктуу өкүлдүгү 1924­ж. декабрда уюштурулган. Биринчи өкүлү Т. Токбаев болгон. Кыргыздан чыккан алгачкы элчилердин бири Закон Турдукулов, ал 1955-ж. элчи болгон, чет тилин билген 1-кыргыз адиси.
  • Совет мезгилиндеги дипломатиялык кызмат расмий түрдө 1944-ж. башталган. Ушул жылы Кыргыз ССР Тышкы иштер эл комиссары уштурулуп, К.Дикамбаев комиссар болуп дайындалган.
  • 1958­ж. 21­ноябрда Кыргыз ССРинин чет өлкөлөр менен достук жана маданият байланыш коому уюшулган.
  • Алгачкы кесипкөй кыргыз дипломаты - Талгарбек Сарбанов. Ал 1957-60­ж. Москвадагы дипломатиялык академияда окуп, 1960­ж. БУУдагы СССРдин өкүлчүлүгүнө жиберилген. 1961­жылдан Мексикада иштеген. Т. Сарбанов АКШда, дегеле Америка континентинде кызмат өтөгөн алгачкы кыргыз.
  • СССР кулагандан кийин Кыргыз Республикасы  кирген жаңы союз КМШ (Көз карандысыз мамлекеттер шериктештиги) деп аталып, 1991­ж. 21­декабрда түзүлгөн. Ал күнү Алматы декларациясы кабыл алынып, анда өз ара кызматташууга мурунку СССРдин курамынан бөлүнүп чыккан эгемендүү 9 мамлекет кол койгон.
  • Кыргыз Республикасынын көз каранды эместигин 1­болуп 1991­жылдын 27­декабрында АКШ тааныган.
  • 1992­жылдын 1­февралында Орто Азиянын жана Кыргызстандын тарыхында 1­жолу Бишкекте АКШнын жана Вашингтондо Кыргыз Республикасынын элчилиги ачылган. Бул республикадагы 1­дипломатиялык өкүлчүлүк болгон. Ушул эле жылы Кытайдын, Германиянын, Россия Федерациясынын элчиликтери иштей баштаган.
  • 1992­жылдан тартып КР эларалык абройлуу уюмдарга тең укуктуу мүчө боло баштады. 1992­ж. 30­январда ОБСЕге мүчө болгон. 2­мартта тарыхта 1­жолу БУУнун (Бириккен Улуттар Уюму) мүчөлүгүнө кабыл алынып, ошол эле күнү БУУнун Нью­Йорктогу имаратынын алдында Кыргызстандын мамлекеттик желеги илинген.
  • 1998­ж. 14­октябрда Кыргызстан КМШ өлкөлөрүнүн ичинен 1­болуп Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун 131­мүчөсү болуп кабыл алынган.

Кыргыз жергеси

  • Алгачкы таш дооруна (800-140 миң жыл илгери) таандык эң адепки таш куралдар Түндүк Кыргызстандын аймагынан табылган.
  • Ортоңку таш дооруна (140-40 миң жыл илгери) таандык адамдардын алгачкы тургун жайларынын бири Чүй өрөөнүнөн табылган. Чүй дарыясынын оң жээгиндеги Чулу адырында мустье маданиятына (100-40 миң жыл илгери) таандык тургун жай иликтенген. Андан 4 миңдей таш куралдар табылган.
  • Кыргызстандагы Андронов маданиятына таандык эң байыркы тургун жай Чүй боорундагы Ак­Суунун жанынан табылган (б.з.ч. 15-13­к.).
  • Саймалы­Таш эстелиги  археолог А.Н.Бернштамдын божомолунда б.з.ч. 21­жылдарда пайда болгон. Андагы сүрөттөр 120 миңге жетет. Саймалы­Таш жөнүндөгү 1­кабарды 1903-04­ж. орус офицери, аскер топографы Н.Г. Хлудов жергиликтүү элден угуп, илимпоздор чөйрөсүнө маалымдаган. Мындай сүрөттөр азырынча дүйнөнүн башка жерлеринен кездеше элек.
  • Азыркы кыргыз жергесинин аймагындагы эң байыркы мамлекет - Түрк кагандыгы (552-744). Ал Түндүк Кытай, Борбордук жана Орто Азия аймактарын ээлеген. Аны Бумын каган 555­ж. негиздеп, Борбордук Азиядагы түрк элдерин бүт каратып алган.
  • 7–8-кылымда Орто Азияга арабдар басып кирген. 741-ж. кытайлар Миң-Булактагы түрктөрдүн Карлук кагандыгын сыртка сүрүп чыгарган. Карлуктар менен арабдар биригип Таласта кытай армиясын талкалашкан.
  • Ысыккөл жөнүндөгү эң алгачкы маалымат байыркы грек астроному   К. Птолемейдин жана кытай саякатчысы Чжань Цзяндын эмгектеринде кездешет. “Ысыккөл” деген аталыш 1­жолу 936­ж. жазылган белгисиз автордун “Худудал­Алам” аттуу эмгегинде жолугат. Ысыккөл ага чейинки эмгектерде “Ян­Шай”, “Хан­Хай” (“Туздуу көл”), “Хе­Хай” (“Жылуу көл”), “Тяньчи” (“Толтура көл”), “Жити­Көл”, “Тускөл­Нор” ж.б. деп аталып келген.
  • Араб авторлорунун ичинен Кыргызстандын тарыхына тиешелүү эң алгачкы кабар Тамим ибн Бахрдын (ал 9­кылымдын 1­жарымында жашаган) күндөлүгүндө кездешет. Ал 808­ж. Чыгыш Түркстанга жасаган саякатында Ысыккөлдүн жээгинде Жогорку Барскандын аймагында 8 шаар жайгашкандыгын жазган.
  • Алгачкы араб географтарынын бири Ибн Хордадбек (820-912) Кыргызстандын түштүгүндө Куба, Ош, Өзгөн, түндүгүндө Атбаш, Барскан шаарлары болгонун, Боом капчыгайы аркылуу өткөнүн жазып, түрк элдеринин тизмесинде кыргыздарды да атаган.
  • Энциклопедиячы­окумуштуу Махмуд Кашгари “Диван лугат­ат­турк” (“Түрк тилдеринин сөздүгү”) аттуу эмгегинде (1075) өзү түзгөн дүйнөнүн картасын тиркеген. Анда 1­жолу Ысык­Көл, Борбордук Теңир­Тоо системасы, Баласагын, Барскан шаарлары көрсөтүлгөн. Барынан кызыгы Ысык­Көл картанын борборуна келтирилген.
  • Борбордук Азия өлкөлөрүн, анын ичинде Кыргызстанды 1200­жылдары Европага ачкан итальян саякатчысы Марко Поло болгон. Ал 1­жолу Европага жол ачкан. Кыргызстанды Улуу Жибек жолундагы керемет чөлкөм катары жазган.
  • 1211­ж. Тянь­Шанда монгол­найман ханы Күчлүктүн бийлиги орногон.
  • 1390­ж. Чүй өрөөнүндө Тимур мамлекети орнотулган.
  • Артиллериянын капитаны Иван Унковский 1723­ж. Петр Үнин тапшыруусу менен Жунгариянын ханы Цевен Рабтанга элчиликке келген. Ал Ысыккөлдүн чыгышы аркылуу өткөн. Өткөн жолун картага түшүргөн. Географтардын пикири боюнча бул карта Кыргызстандын аймагындагы географиялык обьектилерди кеңири көрсөткөн Европадагы 1­карта болуп эсептелет.
  • Ысыккөл, Тянь­Шань сырттарынын табиятын, кыргыз тарыхын, этнографиясын, рухий жана материалдык маданиятын алгачкылардан болуп казак илимпоз­энциклопедиячысы Ч.Ч.Валиханов (1835-1865) изилдеген. Ал Ысыккөлдүн көрүнүшүн жана өрөөндүн табиятын чагылдырган сүрөттөрдү тарткан. Ал кыргыз эли, “Манас” эпосу жөнүндө дүйнөгө маалымат берген 1­окумуштуу болуп эсептелет.
  • Ысыккөл жөнүндө алгачкы илимий эмгекти орус географы жана ихтиолог, академик Лев Семёнович Берг (1876-1950) жазган. Ал “Озеро Иссык­Куль” деп аталып, 1904­ж. жарык көргөн.
  • Ысыккөл дүйнөдөгү бийик тоо көлдөрүнүн ичинен Америкадагы Титикака көлүнөн кийинки 2­орунду (деңиз деңгээлинен 1607,8 м бийиктикте), ал эми тереңдиги (эң терең жери 702 м) жана суусунун көлөмү (1738 км3) боюнча 1­орунду ээлейт. Көлдүн жалпы аянты 6232 км2, узундугу 178 км, туурасы орточо 60 км.
  • Орус зоологу жана зоогеографы Николай Алексеевич Северцовго Тянь­Шанды, анын жаныбарларын изилдегендиги - ”илимий майдандагы айрыкча эмгеги” үчүн диссертация жактатпастан эле Москва университетинин зоология доктору наамы ыйгарылган.
  • Көчмөн уруулардан 1-болуп оттук ташты энесайлык кыргыздар табышкан экен.

Табышмактуу жерлер

            Кыргызстанда эң эле кызыктуу, табышмактуу, сырдуу, таң калыштуу жаратылышка ээ болгон жерлер да көп.

  • КРдеги эң кызык жер Баткенде. Мындагы Кыштут деген жерде кышында бир ай, жайында бир ай күн тийбейт.
  • Аксуу районундагы Теплоключенка айылынан 6 км аралыкта Алтын­Арашан деген кичинекей көлмө бар. Анын айланасында кышында да ар түрдүү гүл өсүп турат.
  • Кан­Теңир тоо тоомунун батыш капталында, Түндүк Эңилчек мөңгүсүнүн этегинде Кептештин көлү (бул илимде Мерцбахер көлү делет) деп аталган бийик тоо көлү бар. Узундугу 2-3 км, туурасы 1,1 км, аянты 4 км2 , тереңдиги 60-70 м. Деңиз деңгээлинен 3304 м бийиктикте. Байламтасы мөңгү менен тосулуп, андан омкорулган муз сыныктары көл үстүндө калкып жүрөт. Эңкейиш жагы жайдын акыры-күздүн башталышында жырылып, суусу Эңилчек дарыясына куюлат. Көлдө чөөттөр гана калат. Бул учурда дарыя ташкындап, ал 7-10 күнгө созулат. Бул күндөрү дарыянын өлчөмү 700 м/секундага жетет. Сууга толбогон жылдары көл жырылбай калган учурлар да болот.
  • Ысыккөлдөгү Жыргалаң шахтасынын аймагы республикада эң нымдуу жер. Мында жаан­чачындын орточо көп жылдык өлчөмү 850-900 мм.
  • Кыргызстандагы эң катуу шамал - Боом капчыгайынан чыгып, Балыкчыдан 30-40 км чыгышка чейин жетүүчү Улан шамалы. Өтө катуу соккондо 40 м/секундадан ашат. Ал эми Санташ ашуусунан башталып, көлдүн чыгыш акваториясына чейин жетүүчү (Уланга карама­каршы чыгыштан батышты карай) Санташ шамалы өтө катуу соккондо 30-35 м/секундага чейин жетет.
  • Кочкор районунун Чолпон айыл өкмөтүнүн аймагында Аракөл деген чөйчөктөй көл бар. Узуну 1,5, туурасы 1 км. Суусунун көлөмү 3 млн м3. Бул көл космостон спутниктин изилдөө микросхемасына тартылып калган. Ал схемага айрым маанилүү жерлер, кендер, көлдөр гана тартылуу күчү менен түшүп калат экен. Мындай схемага Ысыккөл, Соңкөл, Чатыркөлдөр да түшкөн эмес. Көлдүн үстүндө 4-5 үйдүн ордундай саз болуп, ал шамалдын ыгына карата жылып жүрөт. Ал саздын үстүнө отуруп алып, балык кармагандар да болот. 1980­жылдардын орто ченинде Дүйнөлүк суу жана суу ресурстарын изилдөө институтунун кызматкерлери атайын Москвадан келип, космостон кандайча микросхемага тартылып калганын изилдеп кетишкен.
  • Кыргызстанда кышкысын да кар жатпаган эң шамалдуу жер Кочкор району. Кочкорду өрдөп баргандагы Кызарт, өөдөлөгөндөгү Каракол, бет маңдайындагы Сөөк өрөөндөрүнөн соккон шамал Кочкорго кашык кар калтырбай сапырып кетет. Ошондон бул жер “кар жатпас кара Кочкор” аталып келет.
  • Таластын Көксай айылынан Манас тоосун карай 2-3 км жерде, жолдун боюнда алачыктай чоң таш жатат. Жергиликтүү эл муну «Ажыдаар таш» деп аташат. Үстү оюк. Оюктун көлөмү 50-60 метрлик чоң казандай. Ичине кар, жамгыр суусу түшүп, жыл мезгилине жараша суу өңүн өзгөртүп турат. Ушул суу менен жуунса тери оорулары (котур, чакалай, аллергия, диатез, сөөл, жара) сен көр, мен көр айыгат дешет.
  • 1970­жылдарда Кадамжай районундагы Хайдаркан айылына жакын жерден табылган минерал Хайдарканит деп аталган. Бул заттын өңү кызгылт. Курамында титан, күмүш, сурьма, жез ж.б. заттар бар. Химиктердин айтымында мындай минерал башка эч бир жерден кездешпейт.
  • Геология-минералогия илимдеринин кандидаты Делвес Жээнчороев Нарын облусунун аймагынан жаңы минерал тапкан. Ага Акаевин деген ат коюлган. Ал минералдардын кобальт монтморилонит тобуна кирет. Көк түстөгү ири минерал. Д.Жээнчороев алгачкы аскер кызматкерлеринин бири Жамангул Жээнчороевдин уулу.
  • Аксынын Кечүү деген айылынын тоосунда жайгашкан Койташ кенинде “упа таш” деген таштар бар. Башка жерде кездешпейт. Фарфор буюм жасоого пайдаланылат.

 

Сейрек, жаңы өсүмдүктөр жана жаныбарлар, жаңы породалар

 

  • Кыргыз ССР Министрлер Советинин 1976­жылдын 10­майындагы токтому менен 1­жолу Кыргызстандын Кызыл китеби түзүлүп, 1981­жылдын 13­апрелиндеги токтому боюнча ага катталуучу өсүмдүктөр менен жаныбарлардын тизмеси бекитилген (Кыргыз жергесинде өсүмдүктүн 4,5 миңдей түрү өсөт, анын 600дөйү дары чөптөр). Кызыл китепке өсүмдүктүн 65, курт­кумурсканын 18, канаттуунун 33, сүт эмүүчүлөрдүн 13, балыктын 2 түрү киргизилген. Алардын ичинде өтө азайып же жок болуп бараткан анардын байыркы сорту, мандалактын сейрек учуроочу түрү, бүркүт, шумкар, аюу, элик, марал, илбирс ж.б. бар.
  • Баткендин “Айгүл тоо” тоосунда “Айгүл” деген өтө кооз гүл өсөт. Мындай гүл Кыргызстандын башка жеринде өспөйт, ал түгүл дүйнө жүзүндө эки гана жерде-Канадада жана Афганстандын айрым жерлеринде гана өсөт экен. Илимде бул гүл “Рябчик Эдуарда” деп аталат. Ай тийип турган учурда гана гүлүн ачат. Уругу менен көбөйүп, жети жылдан кийин гана өсүп чыгат, дагы 7 жылдан кийин 1 гана гүл, кийинки жылы 2, ошентип жыл сайын бирден гүл кошуп турат. 28 гүл ачкан Айгүл гүлүн көргөндөр болгондугун айтышат. Апрель-май айында гүлдөп, аны көргөн адамдар бактылуу деп эсептелишет.
  • Марко Поло жана Карелини аркар-кулжасы Кыргызстанда гана эмес, бүткүл дүйнө табиятында да сейрек кездешет. Алар Аксай өрөөнүндө байырлашкан. Мындагы “аркар оту” деп аталган чөп дагы сейрек кездешүүчү өсүмдүктөрдөн.
  • Жергиликтүү кыргыз жылкысы менен дон жана таза асыл тукум минги жылкыны аргындаштыруудан 1-жолу 1954-ж. порода катары жаңы кыргыз жылкысы алынган.
  • Жүгөрүнүн “Манас” деп аталган гибриди Кыргызстандан башка эч бир жерде жок. Биздин шартта 200 центнерден кургак дан берет. Бул дүйнөлүк рекорд болуп эсептелет.
  • Республикада жаңы чарбаны-африкалык төө куш (страус) өстүрүүнү 1­баштаган Іркүнбек Жуматаев. Ал Панфилов районунун Вознесеновка айылында төө куш фермасын түзгөн. Төө куш 1 жылда эле 90-110 килограммга жетет, жылына 80дей жумуртка тууйт, жумурткасынын салмагы 2,3-2,8 кг. 30-35 жыл жашайт.
  • Гезиттик маалымат боюнча 1997­ж. Нарын облусунун Ташбашат айылынын тургуну Төлөбай Мамбетовдун кою бөтөнчө козу тууган. Анын бир капталында “Алла”, экинчи капталында “Мухаммед” деген жазуу болгон. Бирок козу узак жашаган эмес. Ушундай эле жазуусу бар козу 2006-ж. январда Курбан айт учурунда Бишкектин «Актилек» конушунда жашаган Абдибахап Матубраимовдун үйүндө да туулган.
  • Ош облусунун Карасуу районундагы Жоош айыл өкмөтүндө жергиликтүү фермер К.Карабаев койдун “Кактус” деген породасын көп жылдык селекциялык иштердин натыйжасында алган. Негизинен кызыл түстүү, жүнүнүн узундугу 17-25 см, башка тукумдагы койлордон салмактуу (2001).
  • 2005-жылдын июль айында Жалалабат облусунун Алабука районунун тургуну Турсунбай Абдуллаевдин ую эки баштуу торпок тууган. Ветеринария департаментинин билдирүүсү боюнча Алабукада ушуну менен 2-жолу 2 баштуу торпок туулган.
  • 1911-ж. Кеминде болгон зилзала (жер титирөө) 11 баллдан ашып, дүйнө тарыхындагы сейрек кездешчү табият ааламаты болуп эсептелет экен.