Ысмайыл КАДЫРОВ: КЫРГЫЗДЫН ГИННЕСС КИТЕБИ №2

3 сентября 2020 Ысмайыл КАДЫРОВ: КЫРГЫЗДЫН ГИННЕСС КИТЕБИ №2

 

Эң чоң

  • КРдеги эң чоң көл - Ысыккөл. Аянты 6236 км2. Андан кийин Соңкөл (аянты 270 км2), Чатыркөл (171 км2) турат. Кыргызстанда жалпы аянты 6836 км2 болгон 1923 көл бар.
  • Эң ири мөңгү-Түштүк Эңилчек. Кан­Теңир тоо тоомунда. Узундугу 58,9 км, туурасы 2-3 км, аянты 613,2 км2, орточо калыңдыгы 300-400 м.
  • Эң чоң ойдуң-Фергана өрөөнү. Узундугу 340 км, эң жазы жери 160 км, аянты 22000 км2.
  • Эң чоң жана узун өрөөн - Нарын өрөөнү. Ал Эки­Нарын капчыгайынан Фергана өрөөнүнө чейин созулат. Узундугу 470 км.
  • Эң ири жана суусу мол дарыя - Нарын. Анын Кыргызстандын аймагындагы узундугу 534 км. Ага бардыгы 830 суу куят. Нарын гидроэнергетикалык кубаттуулугу боюнча да алдыда. Гидроэнергоресурсу-5,94 млн кВт.
  • Эң ири суу сактагыч - Токтогул. Аянты 284,3 км2, жалпы көлөмү 19,5 млрд м3.
  • Аянты боюнча эң чоң облус - Нарын. Жалпы аянты 45,2 миң км2.
  • Эң чоң район Ат­Башы. Аянты 19,1 миң км2.
  • Кыргызстандагы эле эмес, дүйнөдөгү ири алтын кендеринин бири - Кумтөр. Алтындын геологиялык запасы 300 тоннага жакын. Деңиз деңгээлинен 4 миң метрден ашык бийиктикте. 1978-ж. 9-ноябрда ачылган. 1997­ж. андан алгачкы 132 т алтын казылып алынган.
  • Эң чоң ГЭС – Токтогул, кубаттуулугу 1200 мВт.
  • Кыргызстанда гана эмес, Орто Азиядагы эң ири архитектуралык эстелик-Ташрабат. 15­кылымда курулган. Атбашы айылынан 80 км түштүк­батышта, Бишкек-Торугарт жолунан 18 км аралыкта.
  • Эң чоң өткөөл капчыгай - Боом. Ал Чүй өрөөнү менен Ысыккөл өрөөнүн байланыштырат. Күнгөй Ала­Тоо менен Кыргыз Ала­Тоосунун жакындашкан жеринде, капчыгайдын таманынын деңиз деңгээлинен бийиктиги 1300-1550 м, капталдары таманынан 1800-2500 м. Узундугу 25 км, жазылыгы 150-350 м.
  • Эң ири ирригациялык жана энергетикалык канал - Чоң­Чүй каналы (азыр ал Батыш Чоң­Чүй каналы деп аталат). Курулушу 1941­ж. 14­майда башталган. Согуш учурунда токтоп, 1946­ж. кайра башталган жана 1958­ж. 11­июлда бүткөн. Чүй өрөөнүн чыгыштан батышка карай кесип өтөт. Узундугу 147 км, туурасы 10-20 м, тереңдиги 5-6 м. Каналда кубаттуулугу 29 миң кВт болгон 7 гидроэлектрстанция курулган. Анда 226 гидротехникалык курулма, 196 суу өлчөгүч пост бар.
  • Эң ири китепкана-В.И. Ленин атындагы улуттук китепкана. 1934­ж. ачылган.Китеп фонду 6 миллиондон ашык, дүйнө элинин 89 тилинде.
  • Эң ири завод-Майлысайдагы электр лампа чыгаруу заводу. 1968­ж. ишке берилген. Ал кубаттуулугу боюнча СССРдеги эле эмес Европадагы эң ири заводдордун катарында турган. Жылына 300 млндон ашык электр лампасын чыгарган.
  • Эң ири спорт комплекси - ”Спартак” стадиону Бишкекте 1939-41­ж. курулуп, 1963­ж. реконструкцияланган. Аянты 4,5 га. Трибунасы 25 миң орундуу.
  • Спорттук эң чоң курулуш – Кожомкул атындагы спорт сарайы (Бишкек ш., Тоголок Молдо көчөсү, 40) 1974-ж. ачылган.
  • Эң чоң базар-”Жайма базар” (Түртүшмө). Көп тармактуу “Дордой” ассоциациясына караштуу. Аны негиздеген алгачкы башкы директору Салымбеков Аскар Мааткабылович (2000­жылдан ардактуу президенти). 1991­ж. 7­декабрда ачылган. Бүгүнкү күндө Борбордук Азия, Урал аймагындагы эң чоң соода борбору.
  • Кыргызча эң чоң китеп – манасчы Жусуп Мамайдын “Манасы”. Салмагы 6 кг. Араб алфавитинен кыргызча тамгага түшүргөн Мамлекеттик тил жана маданият институту (директору Үмүт Култаева).
  • “Манас” эпосундагы “Көкөтөйдүн ашынан” кийинки эң чоң аш сарбагыш уруусунун тынай уругунан чыккан чоң манап Шабдан Жантай уулуна (1840-1912) 1912­ж. октябрда берилген. Аш 5 күнгө созулуп, ага Түркстан чөлкөмүнөн (Жети­Суу, Фергана, Сыр­Дарыя дубандарынан) 40 миңден ашуун киши келген. 1900 боз үй тигилген. Ашка 10 миң кой, 2 миң тай союлган. Кемин өрөөнүндө өткөрүлгөн. Мында ат чабыш өткөрүүнүн батыштагы эрежелери алгачкы жолу колдонулган. Аламан байгеге 172 күлүк кошулуп, 1000 дилде, 30 төө, 100 жылкы, 30 бодо мал, 500 кой байгеге коюлган. Бишкек уездинде жашаган Борончу Ітөгөн уулунун аты чыгып, баш байге алган. Ал күлүк 1 чакырымды 1 мүнөт 35,5 секундда басып өтүп, ошол кездеги россиялык жетишкендиктерден ашып түшкөн ылдамдыкта келген. Ашты Шабдандын кудасы атбашылык Чоко Ак үйүн тигип, энесин аюу талпакка отургузуп коюп башкарган.
  • “Ленинчил жаш” гезитинин жазганы боюнча (1988­ж., 18­июнь) эң чоң мөндүр Базаркоргон районунун  Гава айылына түшкөн (Бабашата тоосунун этеги). 1988­ж. май айында чайыттай ачык турган күн заматта бүркөлүп, мөндүр жааган. Мөндүр улам чоңоюп, тооктун жумурткасындай болгон. Мөндүрдүн түшүшү 10 мүнөттөй созулган. 1998­ж. 18­июлда Талас районунун Көкой айылынын этегиндеги Нылды көлмөсүнө чоңдугу тооктун жумурткасындай, кээси топтоголок, кээси учтуу музтобурчак жааган. Тобурчактын үстүңкү формасы кудум эле мээ түзүлүшүнө окшош болгон. Жээктеги 3-4 машиненин терезелери сынып, темирлери бырыйган. Ушундай эле чоң мөндүр жана мурда болуп көрбөгөндөй катуу шамал ошол эле күнү Ысыккөлдүн Түп районунда да 20 мүнөттөй сабап турган.
  • Эң чоң дарбыз Ош облусунда өстүрүлгөн. Анын салмагы 85 килограммга жеткен.
  • Эң көлөмдүү жана тез жазылган чыгармалар эл жазуучусу Түгөлбай Сыдыкбековго таандык. Анын жарык көрө элек чыгармалары эле 4500 барактан ашат. Түкөбүздүн чыгармалары эле эмес, өзү дагы жазуучулардын ичинен “көлөмдүүсү” болгон экен. С.Станалиев билдиргендей анын салмагы 66 жашында 121 кг болуптур.
  • Кыргыз адабиятынын совет доорундагы тарыхында тагдыр чечээр үч чоң талкуу болгон. Биринчиси, 1952­ж. “Манас” эпосу, экинчиси 1958­ж. Ч.Айтматовдун чыгармалары, үчүнчүсү 1963­ж. У.Абдукаимовдун “Майдан” романы боюнча. Буларды бар же жок кылуу үчүн айыгышкан күрөш жүрүп, кыл чайнашкан кырчылдашуу курч мүнөздө болсо да, акыры тарых аларды өз ордуларына койгону белгилүү.
  • Бишкек шаарындагы 22 жаңы конуштун эң чоңу-Арча­Бешик. 1991­ж. түптөлгөн. Жалпы аянты 709 га. Калкынын саны 16200 (2001). Өз алдынча башкаруу комитетинин төрагасы Муктар Айткулов.
  • Эң чоң кинотеатр - Бишкектеги “Россия”. 1963­ж. ачылган, 1970­ж. реконструкцияланган. Көрүү залы 1 миң кишилик. Мындай уникалдуу кинотеатр Борбордук Азия аймагында жок.
  • Айрым оозеки маалыматтар боюнча эң чоң тебетейди Ормон хан тиктирген.

Эң узак

 

  • Кыргызстанды эң узак жетектегендерин бири (туура 40 жыл), б.а. 1938-45­ж. Өкмөт башчысы, тагыраак айтканда Кыргыз ССР Эл Комиссарлар Советинин төрагасы, андан кийин 33 жыл бою (1945-78) Кыргыз ССР Жогорку Советине төрага болуп иштеген, ардагерлердин айтымында Сталинге 3 жолу кирген жалгыз кыргыз Төрөбай Кулатов. Ал эми Т.Усубалиев чейрек кылым Кыргызстан КП БКнын 1­катчысы болуп иштеген.
  • Совет мезгилинде эң узак райкомдун 1-катчысы болгон (31 жыл, а.и. Кочкордо 18 жыл) Соц. Эмгек Баатыры – Акназаров Корчубек.
  • Эң узак жашагандардын бири Калиман апа (акын Ташмат Арыковдун кайненеси). Ал 2000­ж. 120га чыккан (1980­ж. Чүйдөгү Сайлык айылында туулган). Өзү менен 6 бир тууган болуп, алар да узак жашашкан экен. Улуусу Төлөгөн киши колдуу болуптур, андан кийинкилери Киртен-110, Койсун-98, Болдук (философ Асанбек Табалдиевдин энеси)-103, Кашка 89 жаштарында дүйнөдөн өтүшүптүр. Ал эми эркектерден Турсункул Арзыкулов 1999­ж. 112ге чыккан. Базар­Коргондогу Арстанбап айылынын тургуну.
  • Жазуучулардан узак жашаган - Тоголок Молдо. Ал киши 100 жылдыгын өткөргөндөн кийин гана дүйнө салган.
  • Эң узак мектеп директору болуп иштеген - Жумабек Ниязов. Ал Ноокен районунун Бирлик орто мектебинде 36 жыл директор болгон.
  • Дүйнөлүк тарыхта 1­жолу асфальт жолдо өтө алыс аралыкка (Стамбулдан Таласка чейин) ат чабуу супермарафону 1995­ж. “Манас” эпосунун 1000 жылдыгына карата өткөрүлгөн.

 

Эң кичине, аз, кыска

 

  • Эң кичине облус - Талас. Анын аянты 11,4 миң км2. Калкынын саны да аз. Болгону 199,9 миң адам (1999).
  • Жалгыз чыгармасы классикага айланган жазуучу - Узакбай Абдукаимов. Ал реалисттик “Майдан” романы менен кыргыз адабиятынын классигине айланган. Чоң котормочу катары белгилүү болгон, өмүр бою ыр которгон, өзү да ыр жазган. Ал эми Ашым Жакыпбеков “Айгашка” жана “Теңири Манас” (роман) деген эки гана китеп чыгарган (романы көзү өткөндөн кийин чыккан). Бирок, Ч. Айтматовдун чыгармаларын ийине жеткире которгон котормочу катары белгилүү болгон. Ошентсе да булар залкар жазуучулар катары элге таанылып, көркөм адабиятыбыздын төрүнөн орун алышкан.
  • Эң аз кыргыз уруусу - төбөй.
  • Эң кыска мөөнөт эл башкарган - уламыштагы Кедейкан. Болгону 15 эле күн такка отурган. Ал эми 2005-жылдын 24-мартындагы Элдик революциядан кийин КР ЖКнын Мыйзам чыгаруу жыйынына спикер болуп (3 эле күн иштеген) шайланган Ишенбай Кадырбеков автоматтык түрдө КР Президентинин милдетин аткаруучу болуп бир нече саат гана иштеген.
  • Кыргыз Республикасынын Премьер-министри болуп эң кыска мөөнөт иштеген – Азим Исабеков (29.01-29.03.2007).
  • Эң кыска «өмүр сүргөн» гезиттер «Арият» (1 эле саны чыккан), «Политика» (Чынара Жакыпова, 2 саны чыккан).
  • Айрымдардын ырасташына караганда эң кичине киши атбашылык Акунов Таке. Боюнун узундугу 1 м 41 см. Көп жылдар партиялык, советтик кызматтарда иштеген.

Эң кеч, акыркы

  • Улуу Ата Мекендик согуштагы эрдиги үчүн Советтер Союзунун Баатыры наамын эң кеч алган (1991-ж., өлгөндөн кийин) – Ысмайылбек Таранчиев (1923 - 44).
  • Эң кеч илим доктору болгон - Осмонкулов Аскар. Ал 1996-ж 70 жаш курагында педагогика илимдеринин доктору болгон. Ал эми ага чамалап эле барып, 69 жашында Иманалиев Мусалы (экономист, 1991), Керимбаев Сүйүн Каримович (тарыхчы, 1984), 68 жашында Акбаев Абди Алымкожоевич (химик, 1996) илим докторлору болушуптур.
  • Эң кеч – 70 жашында профессор болгон тилчи Дыйканов Карбоз. Философ Жумагулов Сулайман 68, юрист Тургунбеков Рафик 67 жашында профессор деген наамга ээ болушкан.
  • Кыргыз Улуттук ИАнын корреспондент-мүчөлүгүнө эң кеч – 72 жашында Балтабаев Мукаш Руставлетович (педагогика илимдеринин доктору), 65 жашында Тургунбеков Рафик (юридика илимдеринин доктору), 62 жашында Данияров Санжарбек Сейитович (тарых илимдеринин доктору) менен Ботбаев Ильяс Махмудович (айыл чарба илимдеринин доктору) шайланышкан.
  • КР УИАга эң кеч – 91 жашында Карасаев Кусейин (1992-ж. ардактуу академик болгон, филология илимдеринин кандидаты), 68 жашында Салиев Азиз (философия илимдеринин кандидаты), 61 жашында Данияров Санжарбек Бакирович (медицина илимдеринин доктору), Ильясов Сатар (тарых илимдеринин доктору), Садыков Тургунбай (скульптор) болгон.
  • Эң кеч илим кандидаты болгон адам Алиев Токтош Исмаилович. Ал 69 жашында педагогика илимине кандидаттыгын жактаган.
  • Залкар манасчылардын эң акыркысы - Саякбай Каралаев.
  • Советтер Союзунун Коммунисттик партиясынын Борбордук коитетинин Саясий бюросунун биринчи жана акыркы мүчөсү болгон кыргызстандык мамлекеттик ишмер Жумгалбек Аманбаев (1990-ж., 45 жашында). Ал Кыргызстан КП БКнын эң акыркы 1-катчысы болгон.

 

Эң бийик, терең, чуңкур, калың, күчтүү, күлүк, сейрек, кызык

 

  • Эң бийик чоку - Жеңиш чокусу. Ал Какшаал тоо тизмегинде, бийиктиги деңиз деңгээлинен 7439 м.
  • Кыргызстандагы эң бийик жана мөңгү өтө көп аймак - Ысыккөл сырты. Ал деңиз деңгээлинен 2000-2500 метрден бийик жайгашкан. Тоң сырты, Жетиөгүз сырты, Сарыжаз сырты деп үчкө бөлүнүп, Ысыккөл облусунун жалпы аймагынын теңиндейин түзөт. Сарыжаз жана Нарын дарыялары ушул жерден башталат. Республикадагы эң бийик жайлоо катары белгилүү.
  • Эң бийиктеги көл - Чатыркөл. Ал деңиз деңгээлинен 3520,2 м бийик жайгашкан. Аянты 170,6 км2, узундугу 23 км, туурасы 11 км, тереңдиги батышында 18-19 м, чыгышында 8 метрге жетет. Балык болбойт.
  • Бишкектеги эң биринчи 9 кабаттуу үй 1973-ж. Белинский жана Ленин проспектисинин кесилишине, алгачкы 12 кабаттуу үй 1982-ж. Тынчтык проспектисине (1-кабаты “Байчечекей” дүрдүнүйө дүкөнү) салынган.
  • Бишкектеги эң биринчи 18 кабат үй 1970-ж. «Айчүрөк» дүр-дүнүйө дүкөнүнүн маңдайына курулган.
  • Кыдыр аке Байсары уулунун күмбөз­эстелиги 1993­ж. Аксуу районунун Керегеташ айылында курулган. Чыгыштын байыркы оймо-чийме үлгүлөрү менен архитектуранын азыркы талаптары эриш­аркак пайдаланылып, пайдубалынан төбөсүнө чейинки бийиктиги 14 м, ал эми маңдай жагы жерден 17,5 м. 70 миң кыштан курулган. Күмбөздүн архитектору, салган уста Табылды Байбосов. Азырынча мындан бийик күмбөз жок.
  • Эң терең көл - Ысыккөл. Эң терең жери 668,0 м.
  • Эң чуңкур жер Лейлек районунда. Деңиз деңгээлинен 401,0 м төмөн.
  • 1982­ж. 25-27­октябрда Ысыккөлдөгү Чоктал жана Ананьев айылдарынын аралыгына эң калың кар жааган. Адегенде абдан күчтүү куюн болуп, андан кийин кар жаай баштаган. Кардын калыңдыгы 150-170 см болгон.
  • Акыркы 2-3 кылымда байкалган эң күчтүү жер титирөө (чордонундагы күчү 10 балл) 1911­жылдын 4­январында Чоң­Кеминде болгон.
  • Мойнок уулу Кыдыкпай деген жөө күлүк Ысыккөлдүн Коргондубулак айылында төрөлгөн. Бала кезинен жөө күлүк атанган. 1910­ж. 60 тандамал жөө күлүк менен жарышып (Аксай айылынан Туурасууга чейин 17 км) биринчи келген. Байгесине 1 боз үй, 10 кой алган. Кийин Кулчумат уулу Жаныман аттуу болуш айтылуу Тору жоргосу  менен жарышып жетпей калган.
  • Кыргыз тарыхындагы эң күлүк ат – Тайтору. Манасчылардын айтымында аны 60 асыйында Каныкей төлгө кылып чапканда бир нече күндүк жолдон, 600-700 аттын ичинен 1-чыгып келип, намысын алып берген.
  • Уламышта Торуайгыр деген күлүк болгону айтылат. Аны көр турмуштун айынан көлдүн тескейиндеги бир адамга ээси сатып жиберет, ээсин сагынган ат бир күнү качып Ысыккөлдү туурасынан сүзүп өтүп, азыркы Торуайгыр айылы турган жердеги ээсине жетип, өнүп-өскөн жерин көрүп, айлананы адамдай эле карап туруп жан берген экен (Ысыккөлдөгү айыл ошондон аталган). Ал эми Шырдакбетин Бозжорго дагы айтылуу күлүктөрдөн болгон.
  • Журналист Темирбек Алымбековдун изилдөөсү боюнча айтылуу Көбөгөн ажынын Нарбаш деген аты өтө белгилүү күлүк болгон экен. 1916-ж. Үркүндө Нарбаш Кашкар байына сатылып кеткен. 1917-ж. эл жерине кайтканда Нарбаш эки буту тушалуу бойдон эки жолу Кыргызстанга качып келет. Эки жолу тең артынан кашгарлыктар келип алып кетишет. Үчүнчү жолу үч буту тушалуу бойдон качып келгенде, ажынын туугандары күлүктү катып, алып калышыптыр.
  • Байтик баатырдын Кергашка деген аты да чоң күлүк болуптур. Кочкордо Канат хандын атасы Ыбыкенин ашында 150 чакырымга 300 күлүк чабылып, Кергашка баш байге алган.
  • Өтө сейрек учуроочу тубаса кооз тембрлүү, чабыты кенен  үн - күркүрөгөн добуштуу (бас) ырчылар дүйнөдө үчөө болсо, анын бири Болот Миңжылкиевдики болгон.
  • Ш.Бейшеналиевдин «Аманат» повестинин баш каарманы 7 жашар комузчу бала Санарбек Карымшаков болсо (кийин ал белгилүү адабиятчы жана сынчы болгон), ошол повесть боюнча тартылган кинофильмдин баш каарманынын ролун анын 7 жашар уулу Алишер аткарган.
  • Германиянын Гютерстох шаарында жашаган коллекционер Питер Шонрох дүйнөнүн өтө белгилүү 500дөн ашык кишисинин кол тамгаларын жыйнаган. Бул улуу кишилердин кол тамгалары жыйналган дүйнөдөгү жападан жалгыз жана кайталангыс өзгөчө кенчте бир гана кыргыздын –  Ч.Айтматовдун кол тамгасы бар.
  • Жазуучу, журналист Калкан Керималиевдин ырастоосу боюнча Кыргызстанда бир гана атанын балдарынан (азык уруусу) тараган бирден бир айыл – Атбашы районунун Кызылтуу айылы. Бул айылда 2 миңдей адам жашайт (2006).
  • Экөө тең министр, экөө тең профессор болгон жубайлар Кулубек Бөкөнбаев менен Ишенгүл Болжурова.
  • Аты-жөндөрү да, өздөрү да окшош адамдар бар. Алардын бири дүйнө чемпиону, спортсмен Каныбек Осмоналиев менен илимпоз, коомдук ишмер Каныбек Осмоналиев. Дагы бир кызыгы экөөнүн тең балдарынын аты Чыңгыз.
  • Айыл элине кордук көрсөтүп, уурдап-тоноп тыйылбай койгондугу үчүн элден чыккан тентекти таш бараңга алып өлтүрүү акыркы 100 жылдыкта 1-жолу 1997-ж. Таластын Бакайыр айылында болгон.
  • 200 сомдукка акын Алыкул Осмоновдун сүрөтү түшүрүлүп, арткы бетине анын:

“Ысык­Көл кээде тынч да, кээде толкун,

            Толкуса толкунуна тең ортокмун.

            Турмушта канча жолдош күтсөм дагы,

            Бир сырдуу сендей жолдош күткөн жокмун”, - деген ыры жазылган. Улуттук валютага ыр түшүрүү практикасы башка элде болгон эмес.

  • Журналист Айжан Айтышеванын изилдөөсү боюнча Ысыккөлдүн Ананьево айылынын тургуну 70 жаштан ашкан (2006) Калыйкан апанын тиштери жапжаш селкиникиндей. Өмүр бою бир да жолу тишин тиш паста менен жууган эмес. Болгону Ананьевонун алмасын дайыма жейт.
  • “Бишкек Таймс” гезитинин жазганы боюнча (№20, 23.06) Бишкек шаарынын 21 жаштагы тургуну Рысалиева Чолпон 2 жолу кош бойлуу болгон кезинде самынга талгак болгон. Басса-турса самынды чукуп жей берип, жуунганда денесинен чыккан самынга эле жуунуп калган.
  • Колдорунун да, буттарынын да манжалары алтыдан болгон Азамат Казизов деген Жетиөгүз районунун Жаргылчак айылынын тургунун КыргызТуусу коомчулукка жарыялаган (КТ, 1-4-декабрь, 2006).
  • 2006-ж. 28-июнда кыргыз тарыхында 1-жолу Бишкек шаарынын № 1 төрөт үйүндө 6 кг 140 гр. салмактагы кыргыз уулу төрөлгөн. Боюнун узундугу 68 см (норма 50 см), башынын диаметри 39 см (норма 35-36 см). Апасы Махабат Абышова (врач-терапевт, 32 жашта), атасы Рустам Сакиев (экономист, 32 жашта). Жердиги жумгалдыктар.
  • Белгилүү ырчы Айчүрөк Иманалиеванын, уулу Арлендин, кызы Аэлитанын туулган күндөрү бир күнгө - 12-январга туш келгени дагы өзгөчө окуялардан.
  • 16 кг гирья менен күнүгө 15 саат тынымсыз машыгып (колу, буту менен көтөрүп) мурда эч ким жасабаган өзгөчө номер жараткан – Оганес Егизарян.
  • Биз билгени эң кеч баш кошкондор – Асек Урманбетов менен Тамара Балтабаева. 2006-ж. 85 жаштарында үйлөнүшкөн. Экөө тең Атамекендик согуштун катышуучусу.

 

Биринчилер...

Шайлоо

 

  • Революцияга чейинки Россия Думасына депутаттыкка кандидат болгон 1-кыргыз – Төрөкул Жанузаков (1921-ж. 28 жашында каза болгон). Ал советтик классикалык көркөм чыгармада (Д.Фурмановдун 1923-ж. жазылган “Козголоң” романында) өзүнчө бир главада баяндалган жападан жалгыз кыргыз кулуну. Түркстан мамлекеттүүлүгүн түзүүдө чоң уюштуруучулук ролдо болгон. Түркстан Республикасынын Борбордук Аткаруу Комитетинин төрагасынын орун басары болуп иштеген. 1920-ж. сентябрда Бакуда өткөн Чыгыш элдеринин Ү конгрессин уюштуруучулардын бири болгон жана сөз сүйлөгөн.
  • Кыргыз ССР Жогорку Советине биринчи шайлоо 1938­ж. 25­июнда болгон. Биринчи болуп Фрунзе округунан И.Сталин, Нарын округунан Н. Ежов шайланган.
  • Мугалимдерден 1­болуп Кыргыз ССР Жогорку Советине 1947­ж. аксылык Сармат Качыкеев депутат болуп шайланган.
  • Республикадагы алгачкы референдум 1991­жылдын 17­мартында болгон бүткүл союздук референдум. Анда СССРди сактап калуу маселеси коюлган.
  • Кыргыз Республикасында 1­жолу эки палаталуу Жогорку Кеңешке шайлоолор 1995­ж. 20-февралда болуп, 28­мартта Жогорку Кеңештин 2 палатасы: Мыйзам чыгаруу жыйынынын жана Эл өкүлдөр жыйынынын 1­сессиясы ачылган.
  • Эгемендүү Кыргызстандын Шайлоо комиссиясынын 1-төрагасы – Ибраев Маркил.

 

Эл каттоо

 

  • Айрым маалыматтарга караганда кыргыздардагы эң биринчи эл каттоо жүргүзгөн Ормон хан болгон. Ал сарбагыштардын санын билүү максатында жигиттерин түтүнмө түтүн кыдыртып, куржундун бир көзүнө аялзатына ак, экинчи көзүнө эркектерге кара таш салдырткан. КРде  өзүнчө мамлекет катары 1­улуттук эл каттоо 1999­жылдын 24­мартынан 1­апрелине чейин өткөрүлгөн.
  • 1897­жылдагы эл каттоодо Бишкекте 6615 адам жашаса, 1970­ж. 429 миң болуп, 1976­ж. 15­мартта шаардын калкы жарым миллионго жеткен.
  • Кыргызстандын калкы 2002-жылдын 27-августу күнү 5 миллионго толгон. Ушул күнү жубайлар Кенжебек Курамаев менен Бакбүбү Жапаровалардын үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген наристе 5 миллионунчу болуп, ага президент улуу тилек менен Тынчтыкбек деген ат койгон.

 

Статистика

 

  • РСФСРдин курамындагы Түркстан Республикасынын статистика башкармасы 1920-ж. 29-мартта түзүлгөн. Ушул эле жылы Бишкек, Каракол жана Ош уезддеринде статистика бюролору түзүлгөн. 1925-жылдын аягында облустук статистика бюросу, 1926-ж. 29-апрелде Статистика комитети түзүлгөн. Республикада статистика кызматын баштагандар жана калыптанышына чоң салым кошкондор: Есипов Николай Семенович, Алымкулов Садык, Алмаев Талгат Масгутович, Олейник Андрей Карпович, Лапидус Борис Вениаминович, Полтавский Василий Трофимович, Дунаев Владимир Михайлович ж.б.

 

Бишкек шаары

 

  • Азыркы Бишкектин ордундагы “Бишкек чебин” 1825­ж. май айында Кокон ханы Мадали  курдурган. 1854­ж. 24­январда Бишкек чебин алууга орус падышасы Александр ҮҮҮнүн көрсөтмөсү чыккан.
  • 1878­ж. 26­апрель-13­майда уезддик башкаруу Токмоктон Бишкекке көчүрүлүп, Бишкек  Токмок уездинин борборуна айланып, шаар статусун алган.
  • Бишкек шаарын эң биринчи жашылдандыра баштаган адам – орус натуралисти, багбан Алексей Михайлович Фетисов. Ал 1881-ж. Анжиян кара жыгачын жана Европада өсүүчү жемиш бактарынын түрүн отургузуу менен баштаган бак адегенде Казыналык бак, кийин Каражыгач багы аталган. 1890-ж. отургузулган бактардын түрү 200гө, саны 80 миңге жеткен. Азыркы кезде анын аянты 200 гектардан ашык. Ал 1898-ж. Эмен паркын негиздеген, бакчылык мектебин түзгөн.
  • 1906-ж. Бишкекте 1-жолу өнөр жай товарын жана мал сатуу боюнча ярмарка уюштурулган.
  • Бишкектеги алгачкы кинотеатрлар – 1911-ж. француз кинофирмасы ачкан «Марс» жана «Метеор» чакан кинотеатрлары. 1914-ж. Эмен паркында ошол кездеги эң чоң «Эдиссон» кинотеатры ачылган. Республикада алгачкы оригиналдуу архитектурада салынган «Ала-Тоо» кинотеатры чоң жаңылык болгон. Адегенде «Авангард» деп аталып, Ж.Бөкөнбаевдин сунушу менен «Ала-Тоо» деп өзгөртүлгөн. Ал 1981-ж. тарых жана маданият эстелиги статусун алып, мамлекеттин коргоосунда турат.
  • Бишкектин көчөсүндө алгачкы автомобиль 1912-ж. жүрө баштаган.
  • Бишкектеги алгачкы 2 кабат үй шаар башчысы Терентьевдин үйү (азыркы дареги Эркиндик пр., 54).
  • Бишкектеги алгачкы парк – “Жылдыз” (азыркы И.В.Панфилов атындагы) 1924 – 26-ж. отургузулган.
  • Бишкектеги алгачкы ири базар – “Борбордук колхоз базары”. Ал 1929 – 84-ж. иштеген. Жалпы аянты 2 га. Шаардын борборунун планын ишке ашырууга байланыштуу 1984-ж. жабылып, анын ордуна Жеңиш аянты салынган.
  • Жөө адамдар жүрүүчү көчө боюндагы жолчолор (тротуар) 1-жолу Бишкекте 1932-ж. курулган. Ал Дзержинский (азыркы Эркиндик) жана Ленин (азыркы Чүй) проспектилеринде болуп, узундугу 360 метрге жеткен.
  • Алгачкы автобус Бишкекке 1934-ж. алып келинген.
  • 1937­ж. 13­декабрда Бишкек шаарынын алгачкы негизги планы түзүлгөн.
  • 1938-ж. Бишкекте 1-жолу ботаникалык бак уюштурулган. Аны профессор Е.В.Никитина, И.В.Выходцев, Э.З.Гареев негиздеген. Кийин ИА карамагына өткөн. 1-директору И.В.Выходцев.
  • Бишкектеги алгачкы механикалык семафор 1939-ж. Совет менен Киров, Ленин проспектиси менен Биринчи май, Москва менен Логвиненко көчөлөрүнүн кесилишине орнотулган.
  • Бишкекте 1-троллейбус жолу (узундугу 8,4 км) 1951-ж. ишке берилип, 13-январда 1-троллейбус көчөгө чыккан. Ошол жылы 4 троллейбус каттаган. Алгачкы маршруту темир жол вокзалынан эт комбинатына чейин болуп, Совет, Сталин (азыркы Чүй) көчөлөрү аркылуу каттаган. Биринчи айдоочу Николай Тагильцев аттуу адам. Кыргыз кыздарынан биринчи айдоочу Загый Байбаракова, кыргыз айдоочулар Кыдыралы Туяков, Шакен Туралиев ж.б.. Ошол жылы 3 млн 200 миң жүргүнчү тейлеген.
  • 1957­ж. Бишкекте 1­универсал дүкөн ачылган.
  • Бишкекте жазуучулар үчүн курулган (1957-ж. 3-ноябрда алгачкы жашоочулары кирген) биринчи жана акыркы үй – Москва көчөсүндөгү № 41 үй. Бул үйдө залкар манасчы Саякбай, жазуучулар У.Абдукаимов, Р.Шүкүрбеков, А.Токтомушев, Ч.Айтматов, С.Эралиев, С.Жусуев, К.Акаев, М.Жангазиев, Ш.Бейшеналиев, О.Орозбаев, Н.Байтемиров, А.Айтбаева, С.Фиксин, А.Сальников, К.Каимов, Т.Абдумомунов, С.Шмеев, А.Токтакунов ж.б. жашаган жана окурмандарга кеңири белгилүү чыгармаларын жаратышкан. Айрымдары азыр да жашайт.
  • Бишкектеги алгачкы кичирайон – Ботаника массиви. Ал 1957 – 62-ж. жемиш багынын аймагында 1-кичирайон катары курулган. Аянты 54,6 га. Авторлору: архитекторлор Н.Карпенко, В.Грибова, М.Гулько.
  • Кыргызстандагы бирден бир эл аралык класстагы төрт жылдыздуу “Ак-Кеме” мейманканасы биринчи жолу Бишкекте 1996-ж. 17-майда ачылган.
  • Бишкек шаарынын гербинин автору - сүрөтчү Майрамкул Асаналиев.
  • Кыргызстан эгемендүү болгондон кийинки Бишкектин 1-мэри – Жумабек Ибраимов.

 

© Кадыров Ысмайыл, 2008. Бардык укуктар корголгон

© Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2008. Бардык укуктар корголгон

Редактору Түгөлбай Мамбетжунушев