Ысмайыл КАДЫРОВ: КЫРГЫЗДЫН ГИННЕСС КИТЕБИ

3 сентября 2020 Ысмайыл КАДЫРОВ:   КЫРГЫЗДЫН ГИННЕСС КИТЕБИ

 

Дүйнөлүк Гиннесс китебине киргендер

 

            “Гиннесстин рекорддор китеби” бүгүнкү күндө англис тилинде 40 өлкөдөн чыгарылат жана 30 тилге которулат. Ал китепке кыргыздардан төмөнкүлөр кирген:

  • Дүйнөдөгү эң узун поэма – кыргыз элинин “Манас” эпосу болуп эсептелет. Ал 1958-ж. жарыяланган, 500 миң саптан турат.
  • Кыргыздардан эле эмес, Борбордук Азия республикаларынын ичинен чыккан 1-каскадер – Үсөйүн Кудайбергенов (1949-2005). Ал СССРде эле эмес, дүйнө жүзүндө кайталангыс трюктарды жасаган. Каскадер катары көптөгөн фильмдерде тартылган. “Улуу Петр”, “Бабек”, “Борис Годунов”, “Али Баба жана кырк каракчы”, “Ярослав Мудрый” ж.б. фильмдерди тарткан режиссер дагы. Ал «Юность гения» аттуу өзбек фильминде 27 м бийиктиктеги жерден ат үстүндө 1,5 м тереңдиктеги Сырдарыяга секирип трюк жасаганы үчүн Гиннесс китебине кирген. Голливуд киностудиясынын эксперттеринин мыкты каскадер деген баасын алып, 1980-ж. дүйнөдөгү эң мыкты 10 каскадердун бири болгон. Каскадерлордун «Ардактуу куру» сыйлыгын алган.
  • Буту менен жаа атып, атканда да көзгө атар мергендей даана атып Гиннесс китебине кирген циркач кызыбыз Аида Акматова (20 жашта, 2007).
  • 2007-ж. 14-майда Япониянын Ниигата шаарындагы Япония эларалык университетинин 50 студенти (50 мамлекеттин өкүлдөрү, балдар-кыздар аралаш) мончонун буу бөлмөсүнө чогуу кирип, 720 ысыктыкта 1 саат отурушкан. Ошентип алар Гиннесстин рекорддор китебине жазылышкан. Алардын арасында кыргызстандык Ташболотов Турдакун деген мекендешибиз болуп, ал Кыргызстандын кичинекей желегин оозуна тиштеп отурган.

 

Кыргызстандын рекорддору

Алп адамдар

 

            Эл оозунда байыртадан эле алп адамдар болгондугу жөнүндө айтылып келет. Алсак, Манас, Кошой, Семетей, Сейтек ж.б. эпос каармандары,  уламыштагы Ажымоолук сыяктуулар алп адамдар катары сүрөттөлөт. Ал эми кийинки эле мезгилде жашап өткөн тарыхый алп адамдар да бар. Алардын айрымдары төмөнкүлөр.

  • Эң зор жана узун бойлуу кыргыз 16­кылымда жашаган алп Тобок. Анткени анын бою бизге жеткен маалымат боюнча 4 метр болгон. Ат көтөрө албай өмүр бою жөө жүргөн. Ал акталаалык Жанболот баатырдын иниси, Тайлак баатырдын бабалары болгон. Жанболот Кытайга туткунга түшүп калганда Тобок кыргыз жергесинен Пекинге чейин жөө барып бошотуп келген.
  • Элдин айтымында Нарын өрөөнүндө жашап өткөн Кыдыралы балбан да зор адам болгон. Ага тогуз койдун терисинен тон тигишчү экен. Жоголгон улак анын кепичинин ичине жатып алып, кепичтин таманына салынган чөптү кепшеп жатканда табылганы аңыз катары айтылат.
  • Кадимки Төрөгелди баатырдын да алп адамдардан болгондугу жөнүндө азыноолак маалыматтар бар.
  • Журналист Абдимуктар Абиловдун жазганына караганда алп кыргыздардын бири ноокаттык Токсонбай балбан болгон. Ал Кокон хандыгынын тушунда жашап, Кокон ханынын беш жыл камалып турган көк букасын жеңген, андан кийин хан ордосунда балбан болуп көп жыл кызмат өтөгөн. Эл арасында турганда бою көкүрөктөн өйдө чыгып турчу экен.
  • Кожомкул Каба уулу (1888-1955) кыргыз, казак элине атагы чыккан балбан. 47 жашында салмагы 165 кг, боюнун узундугу 2 м 36 см, манжаларынын узундугу 25 см, баш бармагынын диаметри 4 см болгон. 52­өлчөмдөгү өтүк кийген. Күчкө толуп турган убагында салмагы 400 кг чамалуу өгүздү жаракадан сууруп чыккан. Элге “Кожомкулдун ташы” деген ат менен белгилүү таштын салмагы 635 кг, аны Суусамыр өрөөнүндөгү Арамза төрүнөн 100 метрдей аралыкка көтөрүп барып, жерге күч менен уруп киргизген. Төө­Ашуудан атын өзү көтөрүп өткөнү, лом темирди ийип, ат таканы колу менен кысып сындырганы эл ичинде аңыз катары айтылат. КР күрөш федерациясы 1962­ж. эркин күрөш боюнча Каба уулу Кожомкул атындагы байге белгилеген. Ал мелдеш жыл сайын өткөрүлөт. 1­чемпиону - күрөш боюнча СССР спортунун 1­чебери, самбо күрөшү боюнча 1­чемпион болгон, спорттун эл аралык класстагы чебери, эл аралык категориядагы машыктыргыч Бараканов Кары.
  • Тогузторолук балбан Кыдырша уулу Абдыманаптын (1909-67) бою 2 метрден ашык, салмагы 130 кг болгон. Журналист Б. Орунбековдун изилдөөсү боюнча Абдыманап балбандын чепкени Кыргызстандын тарых музейинен Италияга, андан Финляндияга сатылып, дүйнөдөгү алп адамдардын кийимдери турган музейге коюлган.
  • КТ гезити 2002-ж. № 71 санына азыркы кездеги эң алп кыргыз катары акталаалык Турусбек Шыгаевди атаган. Салмагы ошол учурда 150 кг болгон.

 

Чыдамкай, өжөр жана өзгөчө

 

  • Эң чыдамкай кыргыз - Балбай баатыр (Балбай Эшкожо уулу, 1791-1867). Ал жоого чыгаарда кургатылган уу коргошунду чайнап, артынан канжыгадагы чалабынан жутуп алчу экен. Кийин Алматы түрмөсүнө түшүп, эң күчтүү ционист кальций уусун тамагына салып беришкенде да өлбөй койгон.
  • Жазуучулардан макал­лакап, салт­санааны жакшы билген, эң көлөмдүү роман, арифметика боюнча 1­окуу китебин жазган (1932­ж. чыккан “Эсепти чыгаруу жолдору жана бөлчөктөр” деген китеби математика боюнча кыргыз тилиндеги алгачкы китептерден), артист, эң чыдамкай (темир ядро мурдуна тийип жалпайып калган мурдун карандаш менен өзү түзөтүп алганы, буту кызыл ашыгынан чыгып кеткенде бутун казыкка байлап силкип ордуна келтиргени айтылып жүрөт) жана уста да болгон Касымалы Жантөшев. Анын усталык өнөрү жөнүндө акын Эрнис Турсунов төмөнкүчө жазат: “Касыкеңдин балконунда же кампасында дайыма сүрсүгөн чүйгүн эт илинип турганын көрчүбүз. Атасы баба дыйкан болгондуктанбы, кыргызга керектүү аспаптар: чоткерки, орок, бүлөө, өгөө, кайрак, чарапзал, аттиш, кычкач, балка, көзөө салынган көмүркөйү да болор эле. Ал ат жабдыктарын жасачу: жүгөн, басмайыл, куюшкан, камчы өрчү. Машина тикчү, маасы ултарчу. Койдун ичегисинен комузга кыл сыдырчу. Жыгач да кармачу” (ЛЖ, 1989, 25­ноябрь).
  • Ат спорту боюнча эмгек сиңирген машыктыргыч, саяпкер, коомдук ишмер, ырчы­аткаруучу Ашыралиев Кемел Жакешович аяздуу күнү да агып жаткан шыргалаң сууга түшүүнү адатка айландырып, сууга түшүү узактыгын 10 мүнөткө чейин жеткирген (1998, январь). Кыштын кычыраган суугунда да муздак сууга түшүүнү жазуучу, журналист Айбек Түмөнбаев да адатка айландырган.
  • Эң эле басаанак адам - жеңил атлетиканын эки түрү (лыжа жана чуркоо) боюнча спорт чебери, эмгек сиңирген машыктыргыч нарындык Төлөн Насырбеков. Ал “Манас” эпосунун 1000 жылдыгына карата 1995­ж. 21­апрелде Бишкектен жөө жүгүрүп чыгып 7­июнда Стамбулга, 1997­ж. Стамбулдан Мекеге барган. Кийин Нарындан чыгып, Чүй, Көлдү айланып Таласка келген. 1998­ж. кышында Ош шаарынын 3000 жылдыгына карата лыжы менен Нарындан Ошко барган. Нарын-Бишкек-Чымкент-Ташкент, Бишкек-Астана ж.б. көптөгөн жүрүштөрдү уюштурган жана өзү катышкан. 1995-98­жылдардын аралыгында эле ал 13 миң чакырымдан ашык жолду расмий түрдө жөө чуркап өткөн.
  • Бир чака ташты кулагына илип алып кебелбей көтөргөн - классикалык күрөш боюнча спорт чебери Алым Ажыматов. Ал талкаланган айнекти жылаңайлак ылай тепсегендей эле тебелейт. Ыр да жазат.
  • Байыркы Индия йогдорунун ыкмасын өз алдынча үйрөнүп бийиктиги 18 см, узун­туурасы 45 х 50 см чемодандын ичине жыланча оролуп батып кеткен кыз - Гүлзат Туксариева. Салмагы 58 кг. Ал күнүнө 41 сөөлжанды тирүүлөй жегенди, айнек, мыктын үстүнөн басканды, муздак сууга кирингенди адатка айландырган. Кайнак сууга жуунганга да машыккан (1999).
  • Кыргыз элинде Чөп акын деген болгон. Ал чөптүн түрлөрүн, кайда өсөөрүн, качан гүлдөөрүн, кайсы чөп кандай дартка дабалыгын, качан терүү керектигин, айтор жалаң чөптүн образын ачып, өмүр бою чөптү ырдап, чөп жөнүндө ырларынын четин оёлбай кетиптир. Ушундан улам ал Чөп акын деген элдик наамга арзыса керек (азандагы аты башка болгону айтпаса да түшүнүктүү). Ошондой эле “жалаң үйдүн борумун жарым күнү ырдаган” Жайсаң ырчы, жандуу, жансыздардын жашоосу суу менен байланышкандыгын, суусуз тиричилик жоктугун таасын чечмелеп, “жети күн бир түн айтса да, түгөнбөгөн аккан суу” жөнүндө, шамалды философиялык дил­туюмдун элегинен өткөрүп жалаң шамал жөнүндө да узак ыр калтырган Жеңижоктой (Өтө Көкө уулу) алп акындар да арабыздан өткөн.
  • Ак­Талаа районунун Ак­Кыя кыштагында жашаган Калынур Иманалиева (1972­ж.т.) өзгөчө касиетке ээ. Сол колу шишик баскандай көрүнөт. Бирок, ошол колунда тубаса биоток көп экендигин приборлор көрсөткөн. Суукту сезбей колу жылуу жүрө берет. Кашык, бычак, айрылар колуна магнитке тартылгандай эле жабышып калат.
  • 1995­ж. июлда Караколдо 2 баштуу кыз бала төрөлгөн (операция жолу менен). Кошумча башы көкүрөгүнөн өсүп чыккан. Салмагы 4 кг 600 г болгон. Наристе ошол замат чарчап калган.
  • Кыргыздардан 1-жолу өзүн өзү нобель сыйлыгына көрсөткөн химия илимдеринин доктору Абди Акбаев. Ал илимге жаңылык киргизген КММН, КМН, Гетас, анидсалфен ж.б. дарыларды ойлоп тапкан. Москвадагы Войков атындагы химиялык заводдон 45 кошулмасы чыгууда. Өзү белгилүү обончу дагы.
  • Айтылуу каражаак Калык ырчы айтышта эч кимден жеңилбептир.
  • Өзгөчө өнөргө ээ – Азат Шамшиев. Ал табиятынан оймочулук касиетке ээ, адамдын, жаныбарлардын ж.б. сөлөкөттөрүн адегенде чийип-сызбастан дароо эле дал өзүндөй кылып кагаз, картон, кездемеден кыркып алат. Улуттук көркөм сүрөт академиясынын 9-классында окуйт (2007). Кочкората шаарчасында туулуп-өскөн.
  •  “Айкөл Манас” дастанын алгачкы манасчы Жайсаң Үмөт уулунун арбагынын жардамы менен жазып жаткан өзгөчө касиетке ээ – Бүбү Мариям Муса кызы. Жайсаңдын бир нече китеби жарык көрүп, чоң кызыгуу жаратууда. Мындай акылга сыйбас керемет окуяга туш болгон Бүбү Мариям жөнүндө жазуучу Жумадин Кадыров китеп жазган (2007).

                                                          

Эң байыркы

 

  • Илимпоздордун пикири боюнча кыргыз тили - түрк тилдеринин эң байыркысы.
  • Кыргызстанда эле эмес, КМШ өлкөлөрүнүн ичиндеги эң байыркы шаар - Ош. 2000­ж. анын 3000 жылдыгы белгиленген. Демек, ал байыркы Рим менен жашташ.
  • Тарыхчылардын маалыматтары боюнча Кыргызстандын түндүгүндөгү эң байыркы шаар - усундардын борбору Чигу шаары (б.з.ч. 40­жылдар чен). Ал Ысыккөлдүн алдында калган. Ал эми жазуучу Орозбек Айтымбетов Чигу ш. Ысыккөлдө деген пикирди жокко чыгарып, ал калаа Турпан ойдуңундагы Айдыңкөл деген чакан көлдүн жээгинде болгонун далилдейт.
  • 1999­жылы күзүндө Чолпонатадагы автовокзалдын жанына курулуп жаткан кафенин курулушчулары адам сөөгүн табышкан. М.Чолпонкулов менен Ч.Жуманазованын билдирүүсү боюнча аны республикалык тарых музейинин байыркы орто кылым тарыхы боюнча адиси Темирлан Чаргынов изилдеген. Бул өтө баалуу тарыхый табылга илимий изилдөөдөн кийин б.з.ч. 1000 жылдыктагы адамдын сөөгү деп табылган жана тарых музейине алып келинген.
  • Кымыз жөнүндөгү эң байыркы маалымат Игнатьев жылнаамасында кездешет. Анда князь Игорь Северский тоолуктардын туткунунан аны кайтарган жоокерлер кымыз ичип уктап калганда качып чыкканы айтылат. 1245­ж. Батый хан князь Галицкийди кымыз менен сыйлагандыгы жөнүндө да маалымат бар. Белгилүү европалык саякатчы Марко Поло 13­кылымдын 2­жарымында Орто Азияны кыдырып баргандан кийин кымызды ак шарап деп жазган.

                                                          

Эң жаш

 

  • СССР Жазуучулар союзуна – 18 жашында Кыргызстандан Давид Кугильтинов, Эргешпай Узакбаев кабыл алыныптыр, ал эми 19 жашында кабыл алынгандар Кусейин Эсенкожоев (1939), Абдылда Белеков (1947), 10­класстын окуучусу Байдылда Сарногоев (1951) болуптур.
  • Алгачкы кыргыз фантасты Кусейин Эсенкожоевдин “Саякатчы бала” 1937­ж., “Родинанын уулу” жана “Ічүнчү шар” деген эки китеби 1938­ж. жарык көргөн. 17-18 жашында катары менен эки жылда үч китеби жарык көргөн жазуучу азырынча кыргыз жазма адабиятынын тарыхында кездеше элек.
  • Акын Тенти Адышева Кыргызстан ЛКЖС БКнын катчылыгына 18 жашында (1938­ж..) шайланган кыргыз кыздарынын алгачкы өкүлү.
  • Кыргыз кыз­келиндеринен эң жаш министр болгон Күлүйпа Кондучалова. Ал 22 жашында маданият министри болгон. 40 жыл бою кызматтык номенклатурадан түшпөй, аялдардын ичинен абсолюттук рекорд койгон. Ал көптөгөн жооптуу кызматтарда да эң биринчи иштеген аялзаты. Ал эми жигиттерден Алиаскар Токтоналиев 24 жашында министр болуптур.
  • Эң жаш кезинде окумуштуулук даражага жеткен Салмоорбек Табышалиев. Ал 23 жашында илим кандидаты, 25инде Кыргызстан Ленин комсомолунун катчысы, 32синде республикадагы жалгыз университеттин ректору болгон (аны 17 жыл башкарган). Ал эми азыркы миллардерлердин бири Александр Машкевич (1954-ж. Бишкекте туулуп, көп жыл жашаган, азыр Казакстанда) 27 жашында филология боюнча илим кандидаты болгон.
  • Кыргыздардан ичинен эң эрте курагында илим доктору болгон Жумабеков Сабырбек Артисбекович. Ал 1995-ж. 31 жашында медицина илимдеринин доктору болгон. Ал эми Урманбетова Жылдыз Карыбаевна да 1997-ж. 31 жашында философия илимдеринин доктору болуптур. 32 жашында Матыев Эркинбек Сагыналиевич (биология илимдеринин доктору, 1991), Шаимбетов Бакыт Орозбекович (медицина илимдеринин доктору, 1995), 33 жашында Турсунов Кубанычбек Жаныбекович (техника илимдеринин доктору, 1993) илим докторлору болушкан.
  • Эң  эрте куракта Матиев Эркинбек Сагыналиевич 33, Иманалиев Мурзабек (математик) 34, Сулайманкулов Какин (химик), Жакыпова Чынара Шаршеевна (тарыхчы) жана Мамытов Аман (топурак таануучу) 35 жашында профессор наамын алышыптыр.
  • Кыргыз Улуттук ИАнын корреспондент-мүчөлүгүнө эң жаш курагында: 34 жашында Исабаева Валентина Абдылдаевна (медицина илимдеринин доктору), Керимжанова Бүбү Дыйканбаевна (филология илимдеринин кандидаты), 39 жашында Табалдиев Асанбек (философия илимдеринин доктору), Оторбаев Жоомарт Кайыпович (физика-математика илимдеринин доктору) шайланышкан.
  • КР УИАга эң эрте курагында академик болгондор: 34 жашында Мамытов Аман (айыл чарба илимдеринин доктору), 38 жашында Жумалиев Кубанычбек Мырзабекович (техника илимдеринин доктору), 40 жашында Эркебаев Абдыганы (филология илимдеринин доктору).
  • Эң жаш диктор болгон - Сакин Бегматова. Ал 1934­ж. Бишкек педокуу жайында окуп жүргөндө радиодо штаттан тышкаркы диктор болуп иштеген (14 жашында), 1938­ж. эң мыкты штаттан тышкаркы диктор катары Кыргыз ССР Жогорку Советинин Ардак грамотасы менен сыйланган (18 жашында). Кийин 1961-80­ж. 19 жыл бою Кыргыз ССР Министрлер Советинин төрагасынын орун басары болуп иштеген. Алгачкы кыргыз дипломат кыздарынын бири.
  • Кыргыз дипломатиясынын тарыхында эң жаш элчи болуу рекордун Эрлан Бекешович Абдылдаев койгон. Ал 35 жашында Кыргыз Республикасынын Кытай Эл Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалган (2001). Кыргыз, орус, англис, кытай тилдерин мыкты билет. Адистиги кытаевед.
  • Театр сценасына эң эле жаш кезинде чыккан СССРдин эл артисти, кыргыз балетинин жылдызы Айсулуу Токомбаева. Ал 5 жашында эле Ж. Пуччининин “Чио­чио­сан” операсындагы Баттерфляй айымдын уулу Сузукинин образын кыргыз театрынын сценасына алып чыккан.
  • КР эмгек сиңирген артисти наамын эң жаш курагында - 22 жашында опера ырчысы Марьям Махмутова (1920-89) алган. Ал “Ардак Белгиси” орденин да эң жаш кезинде-19 жашында (1939­ж. кыргыз искусствосунун Москвада өткөн декадасында) алыптыр. 27 жашында Эл артисти наамына татыган. Ал кыргыз искусствосунун түптөлүшүнө бараандуу салым кошкон.
  • Эң жаш СССРдин эл артисти болгон Чолпонбек Базарбаев. Бул наамды 23 жашында алыптыр.
  • Эң жаш музыкант - Эмил Атагелдиев (1977­ж.т.). 5 жашынан пианинодо ойной баштаган. Париж, Италия, Израилдеги чоң конкурстарда жогорку сыйлыктарды алган.
  • Эң жаш жана Борбордук Азиядагы өзү курактуу оюнчулардын ичинен эң күчтүү теннисчи Абика Калсариева (1984­ж.т.). Ал Пакистанда өткөн эл аралык турнирде (1998) 1­орунду ээлеген.
  • Эң жаш кезинде 2 китеби чыккан – Айша Айткеева (1993-ж.т.). Чыгармалары 8 жашынан басма сөзгө жарыялана баштаган. 12 жашында “Учкун” (2005), 14 жашында “Ачуу чындык” деген китептери чыккан. Китептерине ар кыл жанрдагы чыгармалары (жомок, аңгеме, ыр, интермедия, фантастика, табышмак, кроссворд, пьеса, пародия) кирген. №70 гимназияда 8-класста окуйт (2007).
  • Эң жаш шахматчы - Эрнесто Инаркиев (1985­ж.т.). 12 жашында спорт чебери наамына жеткен. 5 жашынан шахмат ойной баштаган. 1999­ж. Элиста шаарындагы дүйнөлүк шахмат олимпиадасында эл аралык чебер наамына татыган. Ал Азиянын, Кыргызстандын 16 жашка чейинки өспүрүмдөр арасындагы чемпиону жана спорт чебери. Дүйнөдөгү ири мелдештердин катышуучусу жана байге ээси.
  • Шахмат боюнча республиканын эң жаш чемпиону болгондор – Бегимай Кадырова (1997-ж. 8 жашта), Жохар Жаанбай уулу (2006).
  • Эң жаш облус - Баткен. Ал 1999­ж. “Баткен окуясынан” кийин Ош облусунан бөлүнүп чыккан.
  • Кыргызда аңызга айланган эң сулуу аялзаты Акмөөр Адыл кызы. Ал эң эле жаш кезинде айтылуу Жантай Карабек уулунун 5­аялы болгон. Анын сулуулугу, акылга дыйкандыгы айкалышып, эл оозунда сулуулуктун үлгүсүнө айланган.
  • 19 жаш курагында кыргыз адабиятында рецензия жанрына тиш салып, республикалык басма сөзгө жарыялаган - К.Бобулов, Т.Аскаров, С.Карымшаков, А.Эркебаев, Ж.Бөкөшөв.
  • Акын Абдылда Белеков 16 жашында мектеп директору болгон экен.

 

Эң узун

 

  • Кыргызстандагы эң узун кырка тоо - Какшаал тоо тизмеги. Узундугу 582 км.
  • Эң узун дарыя - Чүй. Анын жалпы узундугу 1030 км.
  • Республикадагы эң узун автожол Бишкек-Ош автомагистралы. Узундугу 650 км, анын 300 километри тоо аркылуу өтөт. Өлкөнүн түндүгү менен түштүгүн байланыштырат. Бул жол Борбордук Азиянын 5 мамлекетинин, ошондой эле түштүк­азиялык субконтиненттин 10 мамлекетинин чектеринде эл аралык транспорттук интеграция процессине тартылган. Бул жолдо 100дөн ашык көпүрө, 5 туннель бар. Анын бири деңиз деңгээлинен 3115-3185 м бийиктикте жайгашкан. Суусамыр туннелинин узундугу 2,5 км. Жол 1965-ж. ишке берилген.
  • Бишкектеги Эркиндик бульварына узундугу жана кооздугу жагынан дүйнөдө эч бир көчө тең келбейт.
  • Эң узун радиотасма 1960­ж. жазылган. Ошол жылы режиссер Турсун Уралиев үч ай бою манасчы С. Каралаевден “Манас” эпосун 45 миң м радиотасмага жазып алган.
  • Айрым пикирлер боюнча эң узун кыргызча сөз - тегирменчиникиндегилерденсиздерби? - деген суроолуу сөз. 33 тамгадан турат.
  • Азыркы учурдагы эң узун кыргыз акталаалык Жеңишбек Айылчиев (1979-ж.т.). Боюнун узундугу 2 м 28 см, салмагы болжол менен 120 кг (2004).

 

Эң көп

 

  • Кыргыз жергесиндеги жаан­чачын эң көп жааган жер Фергана кырка тоосунун батыш капталы (Актерек­Гава метеостанциясы)-1090 мм, эң аз жааган жер Ысыккөл ойдуңунун батыш чети (Балыкчы)-144 мм.
  • Элинин саны эң көп облус - Ош. Мында 1999­жылдагы эл каттоо боюнча 1176,0 адам жашаган. Бул облус райондорунун (10), айыл­кыштактарынын (622) саны боюнча да алдыда.
  • Калкынын саны эң көп район - Карасуу. Элинин саны 302714 адам (2001). Эң көп Эмгек Баатыры  (22 адам), эң көп улут өкүлү (30дан ашык) да ушул райондо.
  • Балыгы эң көп көл - Ысыккөл. Балыктын 22 түрү бар. Анын 12 түрү өзүнүкү, 12 түрү башка жактан алып келинип байырлаштырылгандар. Ысыккөлдөн балык кармоо алгач 1895­ж. башталган. Ушул жылы Нарын аскер гарнизонунун курамындагы жоокер М.И.Баган Ысыккөлдө 1­балык кармоо артелин уюштурган. Көлдөгү эң көп балык - Ысыккөл майда чабагы. Узундугу 15-17 см, салмагы 40 грамм. Өтө баалуу өнөр жайлык балык - каңылтыр (сазан). Салмагы 12-16 кг.
  • Варианты көп жана эң көлөмдүү чыгарма-”Манас” эпосу. Кыргыз УИАда сакталып турган 70дей варианты бар. “Манастын” Ы. Абдрахманов Сагымбайдан 1922-26­ж. жазып алганы эле 180378 сап ырды түзсө, Саякбай Каралевдин варианты боюнча жарык көргөн “Манас” 500553 ыр сабынан туруп, “Илиада” менен “Одиссеядан” 20 эсе,”Шахнамеден” 5 эсе, индия элдеринин эпосу “Махабхаратадан” 2,5 эсе көптүк кылат. Изилдөөчүлөр эпостун эң алгачкы айтуучулары Жайсаң жана Нооруз деген ырчылар болгон деп эсептешет.
  • Эң көп жер­суу аттары жолуккан чыгарма - ”Манас”. Мында 500дөн ашык географиялык аталыш бар. Эң көп библиографиясы бар чыгарма да “Манас”. Бул эпоско арналган илимий, көркөм ж.б. эмгектер 3 миңден ашат.
  • Эң көп (1000ден ашык) күү билген куйма кулак адам Ниязаалы Борош уулу болуптур. 1936-ж. 80 жашында олимпиадага катышып, 1-орунду жеңип алыптыр.
  • Чыгармалары эң көп тилге которулган (100дөн ашык), эң көп басылган (300дөн ашык), эң көп нускада (20 миллиондон ашык) чыккан жана дээрлик бардык чыгармасы боюнча кино тартылган жана театрда коюлган, кыргыздардан 1­болуп эң көп эл аралык сыйлыктарды алган жана чет элдик көптөгөн академияларга мүчө болгон жазуучу - Чыңгыз Айтматов. ЮНЕСКОнун эсеби боюнча чыгармаларынын басылып чыгышы жана нускасы боюнча дүйнөдө алдыңкы орунду ээлейт. Китептеринин эң көп нускада чыгышы боюнча андан кийинки орун жазуучу Шүкүрбек Бейшеналиевге таандык.
  • Эң көп коюлган спектакль Бексултан Жакиевдин «Атанын тагдыры», ал 2003-ж. март айында миңинчи жолу коюлган, ал эми драматург Бакы Өмүралиевдин “Жаңырык” (“Жүз катын”) аттуу пьесасы Ош драма театрында 800 жолу коюлган.
  • Эң көп китеп жазган акын - Муса Жангазиев. Ал 81 жашында 73 китептин автору болуптур.
  • Акын Самсак Станаливдин изилдегенине караганда өмүр бою басмада иштеген балдар жазуучусу Дүйшөн Сулайманов китеп редакциялоо боюнча рекорд коюп, миңдей китептин редактору болуптур.
  • Эң көп томдуу кыргыз китеби - 30 томдук “Эл адабияты” сериясы. Бул ири көлөмдөгү жана кыргыз фольклорунун бардык жанрларынын үлгүлөрүн ирээти менен камтыган илимий мүнөздөгү эмгек 1996­2003-ж. чыгарылган.
  • Эң көп обон чыгарылган ыр - эл акыны Сооронбай Жусуевдин “Унутпаймын” деген ыры. Ал ырга 5 автор - Р.Абдыкадыров, Б.Тургунбаев, Э.Мааданбеков, Б.Усубалиев, Ж.Жумагулов обон чыгарган.
  • Эң көп обон жараткан (700дөй) композитор­обончу - Жумамүдүн Шералиев. Ал Кыргыз мамлекеттик филармониясынын алгачкы солисттеринин да бири.
  • Эң көп жана эң көлөмдүү романдар Т.Сыдыкбековго гана тиешелүү болсо, акыркы жылдары эң көп роман жазган жазуучу - Мелис Макенбаев. 1994-98­жылдардын ичинде эле анын учурдун социалдык проблемаларын камтыган 9 романы жарык көргөн.
  • Эң көп псевдоними (жашырын аты) бар акын - Рамис Рыскулов. Өзүнүн айтуусу боюнча 500дөн ашык псевдоними бар. 6 ат менен басма сөз бетине чыгып жүрөт.
  • “Жигитке 70 өнөр аздык кылат” деген принципти карманып, өзгөгө каниет кылса да өнөргө топук кылбаган кыргыз элинин көп кырдуу таланттарындын бири Казакбай Абдышев. Кесиби инженер­механик. 25 жыл автоунаа тармагында иштеген. Ал жазуучу, акын, күүчү, обончу, аткаруучу, комузчу, домбрачы, график­сүрөтчү ж.б. көп өнөрлөрдүн ээси.
  • Эң көп союзга мүчө болгон-искусство таануучу Сарман Асанбеков. Ал КПССтин, СССР Жазуучулар союзунун, СССР Журналисттер союзунун, Кыргызстан Сүрөтчүлөр союзунун, Кыргызстан театр ишмерлери союзунун мүчөсү. Ал эми композитор Сталбек Бактыгулов Композиторлор, жазуучулар, журналисттер, театр ишмерлери союздарынын мүчөсү. Ч.Айтматов академиясынын академиги.
  • “Эркектин ролун мыкты аткаргандыгы үчүн” деген сыйлыкты эң көп алган (6 жолу) бирден бир киноактёр- Сүймөнкул Чокморов.
  • Эң көп чемпиондук наамга спортчу Орзубек Назаров ээ болгон. Ал кесипкөй­боксчулардын арасында дүйнөнүн 7 жолку чемпиондук наамын жеңип алган.
  • Эң көп аял алган кыргыз айтылуу Барпы акын (Алыкулов) болгон дешет. Элдин айтымында анын нике кыйдырып алган аялдарынын саны эле 20дан ашкан. Андан кийинки көп аял алган Тоголок Молдо (Байымбет Абдыракманов) болгон экен. Ал киши 19 жолу төшөк жаңыртыптыр.
  • Көзү тирүүсүндө эң көп небере­чөбүрөлүү болгон Курманжан датка (1811-1.02.1907). Датканын көзү өткөн учурда (96 жашында) анын 183 тукумунун 98и (2 уулу, 2 кызы, 31 небереси, 57 чөбөрөсү, 6 чебиреси) жашап жаткан.
  • Азыркы учурдагы эң көп небере­чөбүрөлүү адам Өмүрзак уулу Муканбетсабыр. Ал 1999­ж. 99га чыккан. Байбичеси Бүкөш 83тө. Алардын 8 баласы, 57 небереси, 17 чөбүрөсү бар. Нарын облусунун Солтон­Сары жайлоосунда жашайт. Ал эми атбашылык Сайра Атаева 1999­ж. 119га чыккан. Анын 43 небереси, 99 чөбөрөсү, 22 кыбырасы бар.
  • Жазуучулар менен артистерден эң көп балалуу болгондор: акын Салибай Шатманов-11, артист-Орозбек Кутманалиев 10 баланын атасы.
  • Эң интернационалдуу үй­бүлө Нарын шаарынын тургуну Жаманов Окоштуку, анын 5 келини 5 улуттун өкүлү. Ал эми алгачкы кыргыз тилчилеринин бири, репрессиядан көп жапа чеккен Аскар Ыдырысовдун кызы Роза Ыдырысованын апасы Зайнаптын атасы казак, апасы татар болгон. Ал эми улуу кызы өзбекке, үчүнчү кызы грузинге турмушка чыккан, бир уулу оруска, дагы бир уулу корей кызга үйлөнгөн.
  • Эң көп буту­колу бар бала Кыргызстанда 1998­ж. төрөлгөн. Башкача айтканда 1998­ж. июлда Базаркоргон райондук ооруканасынын төрөт бөлүмүнө Көкалма айылынан келген Каныкей Сатымбаева медициналык практикада кездешүүчү сиам эгиз кыздарын төрөгөн. Төрөт операция жолу менен болгон. Эгиздердин 2 башы, 4 колу, 4 буту, ал эми калган органдары бирден эле болгон. Кыздар өлүү төрөлгөн.
  • Эң көп депутат болгондор: Турдакун Усубалиев СССР Жогорку Советине, Кыргыз ССР Жогорку Советине 28 жыл бою депутат болгон. КР Жогорку Кеңешине депутат болуп 1992, 1995, 2000­жылдары да шайланган. Төрөбай Кулатов СССР Жогорку Советине удаасы менен 9 жолу депутат болуп шайланган. Андан кийинки орун Жамин Акималиевге таандык. Ал удаасы менен 7 чакырылыштын депутаты болгон.
  • Эмгек Кызыл Туу ордени менен эң көп жолу (4 ирет) сыйланган - Кадыркул Качкеев (1905-2001). Ал Москвада СССР Министрлер Советинин алдындагы Кыргыз Өкмөтүнүн туруктуу өкүлүнүн милдетин 17 жыл аткарып, эң узак элчи болгон.
  • Эң көп тил билген кыргыз – жазуучу Турусбек Мадылбай. 30дай тил билет. Алар: түрк, өзбек, казак, англис, француз, немис, испан, итальян, португал, андан сырткары “жансыз тилдер” деп аталган санскрит, авеста, латын, жаканий, байыркы түрк, эски славян ж.б. Кыргызча жазат. Чыгармаларын орус, англис, немис тилдерине өзү которот. Анын “Күкүнүс” деген романы Россиянын “Русская премия” деген сыйлыгына татыган. Ал эми Италияда жашаган Цицерон Козубеков Улан (акробат машыктыргыч Светлана Козубекованын уулу, 20да, 2000­ж.) кыргыз, испан, француз, англис, немис, италян, орус тилдерин билет. Дениза Балтабаева (1980­ж.т.)  деген кызыбыз кыргыз, орус, англис, француз, япон, испан тилдерин билет. Эрте жетилген көп кырдуу талант дагы. 3 жашынан окуган. 5 жашынан гитара, фортопиано ойногонду үйрөнгөн, ырдайт, вокалист, сүрөтчү (комикс түзөт), бизнести башкаруу адистиги боюнча Токиодо окуган (2000).
  • Комуз күүлөрүн таржымалы менен эң көп билген комузчу – Нурак Абдрахманов. Ал 170 күүнү жаралыш тарыхы менен айтып чертет, өзү 17 күү чыгарган.
  • Эң көп аспапта ойногон таланттардын бири Курмангазы Азыкбаев. Ал 22 аспапты аткара билет (комуз, сыбызгы, чоор, флейта, саксафон ж.б.). Ал тил билүү боюнча да рекордсмен (14 тил билет экен). Ал эми кызы Нурайым 12, уулу 7-8 аспапта ойнойт.
  • Эң көп окумуштуу чыккан айыл - Ысыккөл районунун Бостери айылы. Бул айылдан 15 илим доктору, 40тан ашык илим кандидаты чыгыптыр. Окумуштуулар династиясынын көптүгү боюнча да бул айыл рекордду бербейт. Алсак  Мамытов, Абдылдаев, Айтуганов, Исаев, Султаналиевдер тукумунан чыккан илим адамдары арбын.
  • Эң көп атактуу адамдар Ысыккөлдүн Торуайгыр айыл өкмөтүнөн (Сарыгамыш, Торуайгыр, Чырпыкты) чыгыптыр. Мында Сагымбай Орозбаков, Муратаалы Күрөңкөев, Карамолдо, Чалагыз Иманкулов, Молдогазы Токобаев, Касым Тыныстанов, Иса Ахунбаев, Чабалдай Жаныбеков, Абдылда Миңжылкив, Кыялбек Урманбетов, Жеңишгүл Өзбекова, Асылбек Өзүбеков, Орозбек Айтымбетов ж.б. киндик каны тамган.
  • Эң көп китептүү өздүк китепкананын ээси - акын Эсентур Кылычев. Китеп ышкыбоздорунун айтымында үч бөлмөлүү үйү ирегесинен баштап китепке жык толгон. Мында сейрек кездешүүчү мыкты китептер арбын. Санын өзү да так билбейт.
  • Эң көп китеп окуган кыргыздардан чыккан алгачкы энциклопедиялык билимдүү дипломсуз илимпоз, алгачкы агартуучулардын бири Талып Байболот уулу (1849-1949). Өзүнүн айтуусунда 14 миң 700дөн ашык китеп окуптур.
  • Ы. Таранчиев АН-2 самолёту менен 1471 жолу өз алдынча учкан.
  • Эң көп ардактуу атуул наамына арзыган полковник Шейшенбек Байзаков. Ал Баткен окуясынан кийин элге сиңирген эмгеги үчүн ага Кыргызстандын Баткен, Лейлек, Чоң-Алай, Кадамжай, Өзбекстандын Сох, Тажикстандын Исфара райондорунун ардактуу атуулу наамы берилген.
  • Кыргыз министрлеринин тарыхында 1-жолу Роза Отунбаева бир эле – КР Тышкы иштер министрлигине 3 жолу дайындалыптыр (СССР учурунда, 1992-ж. жана 1994 – 97-ж.).
  • Эң көп премьер-минстр иштеген жыл – 2007-ж. Жыл башында Ф.Кулов, 2 ай А.Исабеков, 8 А.Атамбаев, жыл агында И.Айдаралиев (милдетин аткаруучу) иштесе, жуп жаңы жыл алдында И.Чудинов премьер-министрлик креслого отурган.
  • Көптөгөн чет элдик академияларга, университеттерге академик, профессор болуп шайлануу боюнча рекордду Ч. Айтматов, А.Акаев койгон.

 

© Кадыров Ысмайыл, 2008. Бардык укуктар корголгон

© Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2008. Бардык укуктар корголгон

Редактору Түгөлбай Мамбетжунушев