Адвокат: Атамбаевди №1 тергөө абагына которуу аракеттери жүрүүдө

2 сентября 2020 Адвокат: Атамбаевди №1 тергөө абагына которуу аракеттери жүрүүдө

Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаевди №1 тергөө абагына которууга аракеттер көрүлүп жатат. Мындай маалыматты анын жактоочусу Сергей Слесарев тастыктады.

"Алмазбек Шаршенович аны №1 тергөө абагына которушу мүмкүн экенин билдирди, бирок УКМКдан расмий билдирүү айтыла элек. Бизге эмнеге байланыштуу, эмне себептен дал ушул мезгилде которуларын түшүндүрүшкөн жок", — деди Слесарев.

Жактоочу ошондой эле Атамбаевдин ден соолугу жакшы эмес экендигин билдирди.

"Алмазбек Атамбаевдин кан басымы мурдагыдай эле абалда, жакшы эмес десе да болот. Анткени бир күндө эле кан басымы эң төмөнкү көрсөткүчкө түшүп, айрым учурда эң жогорку чекке көтөрүлүп кетип жатат. Мындай өзгөрүүлөр ден соолук үчүн кооптуу. Ошондуктан биз башынан эле Атамбаевге медициналык жардам көрсөтүү үчүн кадимки ооруканага жаткыруу зарыл экенин айтып келебиз", — деди Слесарев.

Улуттук коопсуздук комитетинин расмий өкүлү Рахат Сулаймановдон маалымат алууга мүмкүн болгон жок.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев 2013-жылы кримтөбөл Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда абактан чыгышына айыпталып 11 жылга эркинен ажыратылган. Мындан сырткары, ага Кой-Таш окуясы боюнча бир катар беренелер менен айып тагылган.

Атамбаев өзү болсо аны экс-президент макамынан ажыратуу мыйзамсыз болгонун белгилеп, көрсөтмө берүүдөн баш тартып келет.

sputnik