Бишкек — Ош жолунда кырсыктап, үч киши каза болгон автоунаада бир туугандар бара жаткан. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын өкүлү Айбек Сатыбалдиев билдирди.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынан Ошту көздөй жол тарткан Toyota Wish үлгүсүндөгү автоунааны Ош облусунун Өзгөн районунун Дүптүл айылынын 30 жаштагы жашоочусу айдап бара жаткан.
Бишкек — Ош жолунун 450-чакырымына келгенде айдоочу рулду башкара албай жол четине чыгып, автоунаа ылдый көздөй кулап кеткен.
Такталган маалыматтарга караганда, машинада беш адам болгон.
Кырсыктын кесепетинен автоунаада бара жаткан Өзгөн районунун Дүптүл айылынын тургуну, айдоочунун 25 жаштагы бир тууган карындашы, анын бир жаштагы кызы жана Адыр айылынын жашоочусу тогуз жаштагы бала окуя болгон жерден көз жумган.
Ал эми 30 жаштагы айдоочу менен анын төрт жаштагы уулу денесинен жаракат алып, Таш-Көмүр шаардык ооруканасынын хирургия бөлүмүнө жаткырылган.
Буга чейин Жалал-Абад облусуна караштуу Таш-Көмүр шаарында, тагыраагы, Бишкек — Ош жолунда жеңил автоунаанын кырсыктаганы айтылган. Автокөлүк трассадан чыгып кетип, болжол менен 50-60 метр бийиктиктен кулап кеткен.