Ысык-Көл: үймө-үй кыдырып текшерүүдө 2 621 адам COVID жуктурганы аныкталды

2 сентября 2020 Ысык-Көл: үймө-үй кыдырып текшерүүдө 2 621 адам COVID жуктурганы аныкталды

Ысык-Көл облусунда 18-июлдан 29-августка чейинки аралыкта үймө-үй кыдырып текшерүү убагында COVID жана пневмония менен ооруган 2 621 адам аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча облустагы штабдан кабарлашты.

Алардын баарына тиешелүү медициналык жардам көрсөтүлгөн.

Жалпысынан 112 500 турак жайда жашаган 514 541 адам текшерүүгө алынган.

Буга чейин аталган облуста ачылган 119 стационардын баары жабылганы кабарланган.

sputnik