Бак-дарак аз жерде чоңойгон балдардын ой жүгүртүүсү тар болот. Иликтөө

2 сентября 2020 Бак-дарак аз жерде чоңойгон балдардын ой жүгүртүүсү тар болот. Иликтөө

Бельгиялык окумуштуулар бак-дарак аз жерде өскөн балдардын ой жүгүртүүсү өзү теңдүүлөргө караганда бир аз тар болорун аныкташты. Бул тууралуу Medical Xpress басылмасы жазды.

Мындай жыйынтыкка келиш үчүн адистер Бельгияда балдардын IQ-деңгээлин текшерген борбордун маалыматын алган. Анализ жүргүзүү үчүн 10дон 15 жашка чейинки 600 баланын тест боюнча жыйынтыктары колдонулган. Акырында алар кайсы шаарда, кайсы аймакта жашарын текшерип көргөндө, токой, айдоо талаалары, көлмөлөр көп жерлерде жашаган балдардын ой жүгүртүүсү салыштырмалуу кенен экени билинген.

Ошондой эле адистер балдардын жүрүм-турумуна жана чыдамдуулугуна көңүл бурушкан. Мында дагы жашыл аймакта жашагандардын жыйынтыгы экинчи топтогуларга караганда орто эсеп менен эки упайга жогору болгон.

Окумуштуулар өсүмдүктөр стрессти азайтып, адамдын кабыл алуусун жакшырта турганын айтып, тунук акыл менен токтоолуктун себебин ушуну менен түшүндүрүшөт.

sputnik