Кыргызстандан Россияга уча турган авиакаттамдардын убакыт-сааты жарыяланды

1 сентября 2020 Кыргызстандан Россияга уча турган авиакаттамдардын убакыт-сааты жарыяланды

Россиянын Кыргызстандагы элчилиги КРден РФтин бир нече шаарына уюштурула турган чартердик каттамдардын расписаниесин жарыялады.

Маалыматта Россиянын жарандарынан сырткары айрым категориядагы кыргызстандыктар дагы учуп кетүүгө мүмкүн экени жазылган.

Алар төмөнкүлөр:

  • Аялы же күйөөсү, баласы, ата-энеси РФ жараны болсо;
  • Туруктуу жашоого уруксаты бар тараптар;
  • Медициналык мекемелердин чакыруусу;

Ооруп жаткан жакын тууганын кароо үчүн бара тургандар Россиянын аймагына кирерден үч күн мурун коронавируска тапшырган ПЦР-тести таза чыкканын көрсөткөн маалым каттын негизинде бара алат.

Каттамдардын расписаниеси:

  • 01.09 Бишкек — Жуковский, саат 5:30да учат (Уральские авиалинии);
  • 01.09 Ош — Жуковский, саат 5:15те учат (Уральские авиалинии);
  • 01.09 Ош — Новосибирск, саат 17:45те учат (S7);
  • 02.09 Бишкек — Екатеринбург, саат 04:45те (Уральские авиалинии);
  • 04.09 Ош — Москва, саат 07:45те учат (S7);
  • 05.09 Бишкек — Санкт-Петербург, саат 07:35те учат (Уральские авиалинии);
  • 05.09 Ош — Санкт-Петербург, саат 21:55те учат (Уральские авиалинии);
  • 06.09 Бишкек — Новосибирск, саат 18:10до учат (S7);
  • 07.09 Ош — Екатеринбург, саат 05:10до учат (Уральские авиалинии);
  • 08.09 Бишкек — Москва, саат 04:55те учат (Уральские авиалинии);
  • 08.09 Ош — Москва, саат 06:50дө учат (Уральские авиалинии).
  • 08.09 Ош — Новосибирск, саат 17:45те учат (S7);
  • 09.09 Бишкек — Екатеринбург, убактысы такталууда;
  • 11.09 Ош — Москва, саат 07:45те учат (S7);
  • 12.09 Бишкек — Санкт-Петербург, саат 07:35те учат (Уральские авиалинии);
  • 12.09 Ош — Санкт-Петербург, саат 21:55те учат (Уральские авиалинии);
  • 13.09 Бишкек — Новосибирск, саат 18:10до учат (S7).

sputnik