Бишкектеги "Караван" соода борборунун ижарачылары аталган объектинин сатылышына нааразы болуп, митингге чыгышты. Жеринен кабарчыбыз билдиргендей, акцияга жүзгө жакын адам катышууда.
Нааразычылык билдиргендер электрондук сатык боюнча мыйзам кабыл алынса, Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду онлайн-аукцион аркылуу бутиктерди сатыкка коёт. Ишкерлер бул өз кезегинде ижара акысын кымбаттатат деп тынчсызданышууда.
Ижарачылар жылдап акча сарптап бутиктерди жана соода борборун элге таанымал кылса, анан анын Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду тарабынан сатылып кетиши акыйкатсыз болорун белгилеп жатышат.
Бул соода ишкерлери митингге чыккан биринчи окуя эмес. Буга чейин акциялар соода борбордун жана Ак үйдүн жанында өткөн. Митингге чыккандар президент Сооронбай Жээнбековго кайрылып, өз кызыкчылыктарын коргоого көмөктөшүүсүн өтүнүүдө.
"Караван" соода борбору Бишкек шаарынын мурдагы мэри Нариман Түлеевден мамлекетке алынып, Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун эсебине өткөрүлүп берилген.