Дагестанда аялдын оозунан жылан алып чыгыштыбы? Соцтармактагы видеого жооп

1 сентября 2020 Дагестанда аялдын оозунан жылан алып чыгыштыбы? Соцтармактагы видеого жооп

Россиянын ЖМКларында дагестандык дарыгерлер аялдын оозуна кирип кеткен жыланды тартып чыгарды деген маалымат тарады.

Анда Леваши айылынын тургуну уктап калганда оозуна жылан кирип кеткени айтылган. Аялды ооруканага алып келгенде медиктер операция жасап? жандыкты оозунан сууруп чыкканы жазылган.

"Бешинчи канал" узундугу бир метрге чукул жыланга окшош жандыктын видеосун жарыялады.

Видео

Кадрлардан медицина кызматкери жыланга окшогон жандыкты көрүп коркуп, операция столунан кетенчиктей түшкөнүн көрүүгө болот.

Окуя Дагестанда болгону белгиленген. Бирок РИА Новости агенттигине республиканын Саламаттык сактоо министрлиги маалыматты төгүндөдү.

"Дагестандын медициналык мекемелеринде мындай факт катталган жок", — деп билдирген министрлик.

Ошондой эле видеодо көрүнгөн жандык жыланга караганда ичтеги глист мите куртуна окшошуп жатканы белгиленген.

sputnik