1 сентября 2020
Жалал-Абадда мөөнөттүү кызматын өтөп жаткан аскер өмүрүнө кол салып каза болгонун Мамлекеттик чек ара кызматынан кабарлашты.
Ага ылайык, окуя 30-август күнү 2027-аскер бөлүгүндө болгон.
Учурда аскердин өлүмүнүн себеби такталууда, ошондой эле кызматтык иликтөө иштери башталды.
Факты Жалал-Абад гарнизонунун Аскер прокуратурасы тарабынан сотко чейинки өндүрүшкө алынып, тиешелүү иш-чаралар өткөрүлүп баштаганы айтылды.