Мектепти сагынткан вирустун азабы

1 сентября 2020 Мектепти сагынткан вирустун азабы

1-сентябрдан тартып жаңы окуу жылы аралыктан окуу менен башталганы турат. Болгону 1-класстын окуучулары гана мектепке барышат. Кыргызстанда март айынан бери 388 баладан коронавирус ПЧР тести аркылуу аныкталган.

Аба муздап, мезгил алмашканы балдар арасында пневмония, сасык тумоо күчөшү күтүлүүдө. Балдардын ден соолугуна кантип кам көрүш керек?

Тогуз жаштагы Асылай март айынан бери мектебин сагынып, 1-сентябрда классына кайра барбай калганына кейип отурган чагы.

«Мен 3-класста окуймун, мектебимди аябай сагындым. Быйыл жаңы мугалим келди деп жатышат. Аябай кызыгып жатам. Ал мугалим эжени, досторумду көргүм келет, бирок баары бир бара албайт экенмин», - дейт ал.

Асылай сыяктуу жүз миңдеген балдар быйыл коронавирус коркунучунан улам мектепке бара албай калышты. Аларды окуткан мугалимдер да мындай абалга капа.

Гүлбара Жумабекова - Бишкектеги мектептердин биринде башталгыч класстын мугалими. Коронавирустун айынан ал биринчи класска келген балдар деле аз болуп жатканын айтат. Ошентсе да мугалим даярдыгын көрүүдө.

«Эми биринчи класстын балдарын «беткап тагын» деп кантип кыйнайбыз? Анын үстүнө мен окуткан балдар психикалык саламаттыгы начар. Аларга «беткап тагынгыла» деп айтып көрөбүз, бирок макул болбосо айла жок. Ал эмес, соо балдарга маска кийгизүү кыйын. Өзүм беткап тагынам, бизге улам «антисептик чачып, балдарды алыс отургузгула» деп айтып жатышат. Азыр Интернетте «Казакстанда вирус балдар арасында тараптыр» деп да коркуткан жаңылыктар чыгып жатпайбы. Алдыда эмне болору белгисиз. Бизге келген буйрук боюнча эки саат сайын беткапты алмаштырып, колубузду тазалап турабыз. Бир литрдей антисептикти жетекчилик берет экен».

«Пневмония көп каттала элек»

Кыргызстанда COVID-19 алгач катталган март айынан бери мектептер аралыктан окууга өтүп, балдар арасында бул ооруну жугузгандар 388 бала деп эсептелген.

Энени жана баланы коргоо боюнча улуттук борбордун директору Камчыбек Узакбаев вирустан бир ымыркай чарчап калганын айтса, Саламаттык сактоо министрлиги бул маалыматты четке кагууда. Ал арада «Азаттык» радиосунун «Пандемия: кимди жоготтук?» деген тизмесинде бир жаш үч айлык наристе да бар.

Бишкектеги балдардын тез жардам ооруканасынын башкы дарыгери Данияр Шайбеков азырынча Кыргызстанда балдар арасында массалык түрдө пневмония же сасык тумоо каттала элек экенин билдирди:

«Балдар арасында азыр деле коронавирус чыгып жатат, бирок аз эле. Ата-энеси ооруп калгандарды ПЧР тесттер аркылуу аныктап жатабыз. Ал эми өпкөсү кагынган балдар бизде азыркы тапта дээрлик жок. Бирок күз келип, аба ырайы сууп кетсе көбөйөт да. Ага сасык тумоо да кошулат».

Саламаттык сактоо министрлиги коронавирусту дарылоо боюнча 4-протоколду иштеп чыгууда. Бул протоколго балдардагы коронавирус, андан күчөгөн Кавасаки синдрому сыяктуу оорулар да кирген.

Министрдин орун басары Нурболот Үсөнбаев мектептер менен бала бакчаларга атайын иштөө алгоритми чыкканын айтты:

«Негизи башка мекемелерге талаптар кандай болсо, мектептерге деле ошондой. Санитайзер коюу, аралыкты сактоо, беткап тагынуу деген талаптар коюлду. Мурда деле мектептер менен бала бакчалардын иштөө алгоритми ушундай тартипте болчу. Санитардык нормалардын аткарылышын улам текшерип туруш керек. Эми коронавируска карата 1-класстар окуй турган жайлардын баарынын тазалыгы каралмакчы».

Буга чейин адистер Кыргызстанда коронавирустан күчөгөн Кавасаки синдрому менен бирин-экин бала катталып, бирок оору жеңил формада өткөнүн кабарлашкан эле.

Кавасаки синдрому - көбүнчө бир жаштан сегиз жашка чейинки балдарда курч респиратордук вирустан кийин пайда болуучу аутоиммундук оору. Коронардык артериялардын васкулити болуп саналат. Аны клиницист дарыгер гана аныктай алат.

Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун педиатрлары азыр каттоодо турган ата-энелер арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат. Күз-кыш сасык тумоо мезгилине карата алар балдарга болушунча витаминдүү тамак-аш берип, таза абага көп ойнотуп, уйку режимин бузбоого чакырышууда.

Президенттик аппараттын иш башкармалыгына караштуу бейтапкананын педиатры Анаркан Базаркулова азыр той-топурларда, базарларда, эл көп чогулган жерлерде балдарын алып жүргөндөргө капа болгонун жашырган жок:

«Бизде азыр күз келип, тойлор кызый баштады. Тушоо той, үйлөнүү үлпөттөр... Ага 3-4 айдан баштап балдарын алып бара беришет. Анан кыргызда тааныса-тааныбаса деле «ий, сенин балаңбы» деп шалп эттире өпкүлөй беришет. Күз мезгилинде бизге ушул тойлордун айынан сасык тумоо, пневмония, кызамык сыяктуу жугуштуу оорулар менен ооруган балдар аябай көбөйөт. Азыр эл аралык медицинада коронавирус күчөгөн балдарда Кавасаки синдрому чыгып жатканы да айтылууда. «Вирус келбейт» деп башында танып жаттык эле, ал да келди. Эми бул синдром балдарга келбейт деп эч ким кепилдик бере албайт да. Андыкта тойлорго, базарга балдарды алып барбай, алардын ден соолугун чыңдап, туура азыктандырып, үйдө кармайлы. Мектепке баргандардын тазалыгына өзгөчө көңүл буралы».

Кыргызстанда 31-августка карата COVID-19 вирусун дагы 78 киши жугузуп алганы расмий аныкталды. Пандемия башталган март айынан бери коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 43 898ге жетти. Анын 38 459у айыгып чыкты. 1 059 киши каза болду.