Адис адам карып бара жаткандагы эң маанилүү үч куракты атады

1 сентября 2020 Адис адам карып бара жаткандагы эң маанилүү үч куракты атады

Организмдин картаюу процессинде эң чоң өзгөрүүлөрдү алып келген үч курак болот. Бул 45, 60 жана 75 жаш экенин биология илимдеринин доктору Алексей Москалевго шилтеме берип "Известия" басылмасы жазды.

Адистин айтымында, адам карылыкка моюн сунган биринчи курак — 45 жаш. Бул учурда көпчүлүк кишиде тукум улоо функциясы акырындык менен миссиясын аяктай баштайт.

"Кийинки бурулуш учур — 60 жаш. Мында клеткалардын бөлүнүшү, кайрадан жаңылануу процесси жайлап, бери дегенде үч өнөкөт оору пайда болот. Ал эми 75 жаштан кийин организмдеги ткандарды бириктирип, химиялык заттардын алмашып турушун жөнгө салган процесс үзгүлтүккө учурай баштайт. Мындай учурда өнөкөт оорулардын саны жетиден ашат", — деди Москалев.

Бирок биолог жер бетиндеги бардык адамдардын картаюу процесси бирдей болбосун эскертет. Буга кишинин жашоо образы жана жашаган жериндеги экологиянын таасири чоң.

Андыктан 45 жаштан өткөн соң маал-маалы менен медициналык кароодон өтүп, ар кандай өнөкөт ооруларды алдын алып турууну сунуштайт.

sputnik