Марс Черикчиев, эксперт: “Бир аз акчага сатылып кеткен добушубузга 5 жыл бою өкүнүп калышыбыз мүмкүн”

9 октября 2018 Марс Черикчиев, эксперт: “Бир аз акчага сатылып кеткен добушубузга 5 жыл бою өкүнүп калышыбыз мүмкүн”

Шайлоо жакындаган сайын шайтан оюндар башталып, саясатчылардын арасында чоң жарыш башталганы көрүнүп эле турат. Ал эми шайлоону биометрикалык каттоодон өткөндөр үчүн гана болорун айткан өкмөт даярдык күч экенин билдирүүдө. Ушул эле биометриканын айынан Биринчи-вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев болсо акимдерге эмгек өргүүсүн алууга да тыюу салып салган убагы. Алдыдагы шайлоо кандай өтөрү, Кыргызстан биометрикалык маалымат менен шайлоо өткөрүүгө канчалык деңгээлде даяр экендиги тууралуу эксперт Марс Черикчиевге суроо салдык.

- Алдыда боло турган шайлоодо биометрикалык маалымат тапшырбагандар катышпай турганына көз карашыңыз кандай? Бул кадам адам укугун чектөөгө жатпайбы?

-Бул маселе шайлоого жакындаганда жана шайлоо маалында абдан көтөрүлөт го деген ойдомун. Ошондо партияга чуркап иштеп жүргөндөр – “биздин шайлоочуларыбыз өз добушун  бере албай калды” деген нааразычылыктарын айтышы мүмкүн. Баары мыйзамдын чегинде болуш керек. Ал эми мыйзамга каршы чыгып, мыйзам чегинде жарандарды шайлоого катыштырбай койсо, анда бул маселени кайра талкуулап  БШК тарабынан бир жыйынтыктап берген жооп керек.

- Кыргызстан учурда биометрикалык маалымат боюнча шайлоо өткөрүүгө канчалык деңгээлде даяр деп ойлойсуз?

-Бул маселени тийиштүү органдардан – негизи өкмөттөн сураса туура болот го дейм. Негизи ММК аркылуу даярбыз деп жарыяланып жатат.

-Биометрикалык маалымат тапшырбагандардын шайлоого катыша албастыгы добуштардын сатылышына жол ачпайбы?

-Негизи эле шайлоо келген учурда өзүбүздүн добушубузду сатпаганда гана биз туура чечим кабыл алган болобуз. Себеби бир аз акчага сатылып кеткен добушубузга 5 жыл бою өкүнүпкалышыбыз мүмкүн. Анан 5 жыл бою депутаттарды урушабыз,“качан булар жашообузду оңдойт?” деп. Ошону үчүнтуура добуш берип, чын ниеттен иштеп берем деген адамдарды шайласак, ошондо гана мамлекетибизди оңдой алабыз. Негизи эле шайлоого болгон көз карашыбызды оңдошубуз керек

- Биомтерикалык маалымат аркылуу шайлоого катыша турган болсок бул кадам өлкөгө ашыкча чыгым алып келбейби? Мисалы атайын жабдыктар керек болуп дегендей...

-Шайлоо таза жана айкын  өтсө андатуура жолго түшкөнүбүз. Андан эч качан аянбашыбыз керек. Шайлоо ачык айкын өткөн болсо, бул кетирген чыгымдар анда миң жолу кайрылып келет.

-Шайлоодо кайсы партиялар алдыга озуп чыгат деп ойлойсуз?

-Бул шайлоого менини үмүтүм чоң. Негизи эле жаңы жүздөрдү,жаштардын клегенин каалап отурам. Андан дагы өз ишин билген патриот жана бир кесипти профессионал болуп аркалаган адамдар келсе абдан кубанам. Азыркы учурда көп эле чоң олутуу партиялардын тизмесин карасам – бары эле баягылар экен. Жогоруда айтып өткөндөй жаңы жүздөрдү, жаңы адамдарды көргөнжокмун. Негизи эле азыр шайлоодо баягы эле үч чакырылыштадепутат же министр болгон агаларыбыздын тобу өтүп калат экен. Ар бир жарандын жашоосунда парламенттин ролу чоң. Ошон үчүн мага тийешеси жок деп отурбастан, айрыкча жаштар ушул шайлоого активдүү катышып, өзүлөрү талапкер болуп барып же жок дегенде туура добуш берип  саясатта чоң роль ойнош керек.

 -Шайлоо таза өтүшү үчүн эмне кылуу керек?

Шайлоо таза өтүш үчүн жарандык коом партиянын өкүлдөрү мониторинг жүргүзүшү керек. Жана дагы заманбап технологияларды колдонуу керек. Ошондой эле дүйнөлүк тажрыйбаны дагы карап, сабак алуу зарыл.