Бишкекте 1-сентябрдан тарта коомдук транспорт тыныгуусуз иштейт

31 августа 2020 Бишкекте 1-сентябрдан тарта коомдук транспорт тыныгуусуз иштейт

Борбор калаада 1-сентябрдан тарта коомдук транспорт мурдагыдай режим менен тыныгуусуз иштеп баштайт. Бул туурасында Бишкек мэриясынан билдиришти.

Учурда автобус, троллейбус жана маршруткалар күн сайын тыныгуу менен (саат 11.00дөн 14.00гө чейин) каттамга чыгып жаткан.

Мындан ары эл ташыган транспортторго эртеден кечке чейин тыныгуусу жок иштеп, каттамга чыгышына эч кандай чектөө коюлбайт.

Ошол эле учурда мэрия салондун тазалыгын жана дезинфекция жүргүзүп жатканы боюнча текшерип турарын билдирди.

sputnik