Адис: жаңгак сиңимдүү болушу үчүн үч эрежени сактоо керек

31 августа 2020 Адис: жаңгак сиңимдүү болушу үчүн үч эрежени сактоо керек

Ден соолукка жаңгактан көбүрөөк пайда алуу үчүн аны колдонор алдында бир нече эрежени эске алуу керек. Бул тууралуу нутрициолог Татьяна Скирда айтып берген.

Адис жаңгак белокко жана пайдалуу делген майларга бай экенин белгилеп, бирок аны баштыктан алып кургак жебестен, активдештирген оң экенин кошумчалаган.

"Бардык жаңгак менен данекте фитин кислотасы болот. Ал ичеги-карынга барганда темир, магний, кальций, цинктин, деги эле бардык микроэлементтердин сиңишине тоскоолдук жаратат. Ушундан улам сиңимдүүлүк 30-40 пайызга төмөндөйт", — деген диетолог.

Адис фитин кислотасын жок кылып, жаңгакты акивдештирүүнүн үч жолун атаган.

"Биринчиден жаңгакты температуралык иштетүүдөн өткөрүү керек. Бирок анда май көп болгондуктан өтө ысыткан дагы болбойт. Экинчиси — атайын аралаштырмада ачытып (ферменттөө) да жүрүшөт. Ошондой эле эң жөнөкөй жана кеңири таралган жолу — чылап коюу. Жаңгакты түнү бою же күндүз 5-6 саатка сууга чылап, андан кийин бир чайкап салып жей берсеңиз болот. Үч вариант тең жаңгакты жакшы сиңирүүгө жардам берет", — деген Скирда.

Нутрициолог кошумчалагандай, жаңгактан тышкары буурчактын түрлөрү менен дан эгиндерин дагы активдештирип колдонуу зарыл.

sputnik