Балдарга жабышкан Кавасаки синдрому. Дарыгер оорунун белгилерин айтты

31 августа 2020 Балдарга жабышкан Кавасаки синдрому. Дарыгер оорунун белгилерин айтты

Эне жана баланы коргоо боюнча улуттук борбордун директору Камчыбек Узакбаев Кавасаки оорусунун белгилерин атап берди.

Эске салсак, Кавасаки — бул COVID-19 инфекциясынын күчөп кеткен бир түрү.

"Бул илдет адамдын терисинен байкалат. Кичинекей баланын таманы, алаканы шишип, кан тамырлары жарылып денеде кызыл тактар пайда болот. Дене табы көтөрүлөт. Бирок ооруну так аныктоо үчүн дарыгерге кайрылуу керек. Азыркы тапта биздин жумушчу топ бул ооруну кантип аныктап, кандай изилдөөлөрдү жүргүзүү керектигин жана аны дарылоо жолдорунун клиникалык протоколун иштеп чыкты. Жакында ал Саламаттык сактоо министрлигинин буйругу менен бекитилип, үй-бүлөлүк дарыгерлерге таратылат", — деди дарыгер.

Узакбаев эгерде балада жогоруда аталган белгилер байкалса, ата-энелерди паникага алдырбоого чакырып, өз убагында дарыгерге кайрылуу керектигин кошумчалады. Ал КРде коронавирус менен 600дөй бала ооруганын белгилеген.

sputnik