Жээнбеков кыргызды ушу кезге чейин эмне сактап келгенин айтты

31 августа 2020 Жээнбеков кыргызды ушу кезге чейин эмне сактап келгенин айтты

Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков кыргызстандыктарды Эгемендүүлүк майрамы менен куттуктап жатып, Кыргызстан башынан оор сыноолорду өткөргөнүн, ушул кезге чейин өлкөнү эмне сактап келгенин айтты.

Президент "Кыргызстан өзүнүн мамлекеттүүлүгүн, эгемендигин сактап кала алабы" деген суроо коюлган күндөр өткөнүн белгиледи.

"Кудайга шүгүр, өзүнүн тарыхый орду, көз карандысыз мамлекети бар журт катары дүйнө коомчулугуна таанылдык. Бизди көп улуттан ширелген, ынтымакты бийик тутуп, достукту кастарлаган кайратман элибиз сактап келди. Ошондой эле кыйын кезеңде бир муштум болуп бириге алган калкыбыз, тарыхы терең улуттук маданиятыбыз, "улутум - кыргыз, урааным - Манас" деген улуу салтыбыз сактап келе жатат. Өлкөнү сактагандардын арасында кадырман аксакалдарыбыз, мээримдүү энелерибиз, билимдүү жана патриот жаштарыбыз бар", — деп айтылат өлкө башчынын куттуктоосунда.

Жээнбеков өлкөдөн өткөн дөөлөт жок экенин айтып, кыргыз элине аманчылык каалап кеткен.

sputnik