Адам күндүз кайсы маалда уктап күч топтой алары айтылды

31 августа 2020 Адам күндүз кайсы маалда уктап күч топтой алары айтылды

Биология илимдеринин доктору Владимир Дорохов "Кечки Москва" басылмасына маек берип жатып, энергия алыш үчүн адам күндүз канча убакыт уктаса боло турганын айтты. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Адис белгилегендей, иштегендер күндүз 20 мүнөт эле тук этип алса болот.

"Эгер 20 мүнөттөн ашык убакыт уктаса, терең уйкуга кирип кетет. Андай учурда кайра өзүнө келүү бир топ убакытты алат. Тагыраагы, ага 40 мүнөткө чейин убакыт кетип калат. Иш учурунда бул ыңгайсыздык жаратат", — деди Дорохов.

Бирок адис ийкемдүү график менен иштегендер бир саатка чейин уктап алса кечке чейин күүлүү-күчтүү жүрө турганын белгилеген.

Дороховдун айтымында, күндүз саат 13:00дөн 15:00гө чейин чырм этип алууга эң ыңгайлуу убакыт.

Адис кечке жуук 17:00дөн кийин уктабай эле коюуну сунуштады. Антпесе адам түнкүсүн кыйналып калат.

sputnik