Түркия Көчмөндөр оюндарына даярданууда

28 августа 2020 Түркия Көчмөндөр оюндарына даярданууда

Түркиянын Изник шаарында 2021-жылы өтө турган IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын программасы тууралуу маалымат берилди.

12-августта Түркиянын Изник шаарында өткөн иш-чарага бул өлкөнүн жаштар жана спорт министри Мухарем Касапоглу, Дүйнөлүк этноспорт конфедерациясынын президенти Билал Эрдоган жана Түрк кеңешинин жетекчиси Багдат Амреев катышты.

Министр Касапоглу коронавирус пандемиясынан улам быйыл Түркияда өтө турган IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2021-жылга калтырылганын, бирок эмдиги жылы күз айларында Изник шаарында көркөмдүү иш-чара уюштуруларын билдирди:

«Сиздер билгендей, коронавирус пандемиясынан улам IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары кийинки жылга калды. Бирок 2021-жылы буюрса бул иш-чараны эң жогорку деңгээлде өткөрөбүз деп турабыз. Бул оюндардын Түркияда өтүшү - биздин өлкө үчүн чоң сыймык. Анткени Көчмөндөр оюндары түрк дүйнөсүндөгү улуттук оюндардын өнүгүшү үчүн чоң салымы бар. Ушундай улуттук наркты сактап калуу - биздин милдетибиз. Түрк жаштары да улуттук оюндарын сактап, аларды улантып кетүүдө бизге колдоо көрсөтүп жатышат».

2021-жылы Түркияда өтө турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына 100 өлкөдөн үч миңге жакын спортчу катышары пландаштырылган. Бул иш-чарага дүйнө жүзүнөн 1,5 миллионго жакын турист келиши күтүлүүдө.

Дүйнөлүк этноспорт конфедерациясынын президенти Билал Эрдоган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын Изник шаарында уюштурулуп жатканынын чоң мааниси бар экенин баса белгилеп, шаардагы Кыргыз жоокерлеринин күмбөзү жөнүндө маалымат берди:

«Көчмөндөр оюндарынын Изник шаарында өтүшүнүн чоң мааниси бар. Буга чейин оюндар Ысык-Көлдүн жээгинде өттү. 700 жыл мурун Орхан Газинин Изник шаарын ээлешинде кыргыз жоокерлеринин чоң салымы болгон дешет. Бүгүн эки элдин 700 жылдык достугун даңазалаган Кыргыз жоокерлеринин күмбөзү бар. Көчмөндөр оюндарынын Кыргызстандан Изникке келиши - көлдүн гана мааниси эмес, тарыхий достуктун символу деп ойлойм».

Изник шаарынын четинде 1331-жылы курулган Кыргыз жоокерлеринин күмбөзү бар. Ал күмбөз шаардын мэриясы тарабынан корголуп, жылына бир жолу Түркиядагы кыргызстандыктар күмбөзгө ал жакка зыярат кылып турушат.

 

Ал эми Түрк кеңешинин жетекчиси Багдат Амреев Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын Түркияда өтүшү эл аралык аренада бул иш-чаранын деңгээлин жогорулатарын белгиледи:

«Түрк тарыхында Изник шаарынын мааниси өтө терең. Көчмөндөр оюндарын уюштуруу боюнча сунуш алгач Түрк кеңешинин саммитинде айтылган. 2012-жылы Кыргызстан менен Түркия бул сунушту колдогон. Эми 2021-жылы бул оюндар Түркяда өтөт деп турабыз. Буга чейин Кыргызстан үч жолу уюштурду, эми кезекте Түркия өзүнүн тажрыйбасы жана мүмкүнчүлүктөрү менен Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын дүйнөгө таанытат деген ойдобуз».

Изник шаарынын жалпы калкы 43 миңге жакын. Шаарда Көчмөндөр оюндарына атайын ипподром, стадион жана спортчулар үчүн шаарча салынары кабарланды.

Дүйнөлүк этноспорт конфедерациясы 2015-жылы Кыргызстанда түптөлгөн. Курамына сегиз өлкөдө салттуу спорттук оюндарды уюштурган федерацияларды камтыйт. Конфедерацияны түрк президентинин уулу Билал Эрдоган жетектейт.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстандын демилгеси менен 2014-жылдан бери өткөрүлүп келет.

I Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынан кийин Кыргызстан кезекти Түркияга өткөрүп бере турганы кабарланган. Ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев Түркияны сындагандан кийин Анкара оюн өткөрүүдөн баш тартып койгону айтылган.

2018-жылы Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышында сүйлөп жатып, келерки иш-чара Түркияда болорун расмий билдирген. Ал түрк президенти Режеп Тайип Эрдоганга оюндарды ийгиликтүү өткөрүп алууну каалаган.