Трамп Байденди сындап, өзүн мактады

28 августа 2020 Трамп Байденди сындап, өзүн мактады

Дональд Трамп Республикалык партиянын атынан президенттикке экинчи мөөнөткө расмий көрсөтүлдү. Партиянын жыйынын жаап жатып Трамп демократтардын талапкери Жо Байденди «америкалыктардын кыялына» коркунуч келтирген солчул радикал катары мүнөздөдү.

27-августта Ак үйдүн алдында атайын орнотулган сахнада Республикалык партиянын төрт күндүк отуруму жыйынтыкталды.

Экинчи мөөнөткө ат салышып жаткан президент Дональд Трампты сахнага кызы Иванка Трамп сөз сүйлөп чакырды. Трамп сахнага биринчи айым Мелания Трамп менен жетелешип чыкты.

Ал өз сөзүндө администрациясынын жетишкендиктерине токтолуп, демократтардын талапкери Жо Байденди катуу сындады. Трамп эгер Байден шайланып калса, «Американын улуулугун жок кыларын» эскертти.

Трамп кошумчалагандай, анын администрациясы «соңку төрт жылда Жо Байден сенатор жана вице-президент болуп турган кезинде келтирген зыяндын кесептин жоюу менен алектенди».

Ошондой эле Трамптын администрациясы жетишкен бардык көрсөткүчтөр «эми коркунучта» экенин эскертти.

«Демократтар «АКШны дүйнөдөгү эң эркин, калыс жана өзгөчө мамлекет деп эсептебейт. Анын ордуна алар күнөөлөрү үчүн жазалаш керек деп эсептеген нарксыз өлкөнү көрүшөт», - деген Трамп «өлкөнү талкалаш үчүн ушунча убакыт короткон партия кантип мамлекетти башкара аларын» сурады.

АКШнын президенти Дональд Трамп уул-кыздары, күйөө балдары жана келиндери, неберелери менен. 27-август, 2020-жыл. Вашингтон.

Трамп ушул тапта Америкада эң олутту болуп турган эки темага - коронавирус пандемиясына жана расалык дискриминацияга кайрылып, Байден расалык бөлүнүүнү тереңдетип жиберерин айтты:

«Биз мыйзамды сыйлаган америкалыктарды коргобойбузбу же биздин жарандарыбызга коркунуч жараткан агрессивдүү анархисттерге, агитаторлор менен кылмышкерлерге жол ачабызбы - бул жолку шайлоо чечет. Эч ким Байдендин Америкасында өзүн коопсуз сезбейт», - деди Трамп.

Демократтардын талапкери Жо Байден Трампка «Твиттер» аркылуу жооп берди. «Эсиңерден чыгарбагыла: Дональд Трамп айыптап жаткан ар бир зордук-зомбулук анын убагында болгон. Ал лидер болуп турган кезде болгон. Ал президент болуп иштеп турганда болгон иштер», - деп жазды ал.

Быйылкы шайлоо өнөктүгү коронавирус пандемиясынан улам мурдагыдай шаан-шөкөт менен өтпөй калды. АКШда бул илдет 180 миңдей адамдын өмүрүн алды. Миллиондогон киши жумушсуз калды.

74 жаштагы Трамп бул үчүн Кытайды күнөөлөп, экинчи мөөнөткө шайланса, экономиканы калыбына келтирүүгө убада берди. Ал АКШ бул маселени «эң мыкты дарылоо ыкмаларын ойлоп табуу менен чечип жатканын» айтып, жыл соңуна чейин «же андан да мурда» вакцина чыгарыларын билдирди.

Трамп коронавирус кризисинин алдын алыш үчүн жетиштүү чара көрбөдү деген сынга кабылып келет.

Жыйынга чакырылган миңден ашуун адам «Дагы төрт жыл!», «АКШ!» деген ураандарды чакырып турушту. Алар коронавирустун жайылышын ооздуктоого багытталган адистердин сунуштарын көз жаздымда калтырышкандай. Себеби беткапчандар аз болду, ортолорундагы аралык деле сакталган жок.

Ошондой эле жыйын мекенчил маанидеги чыгармалар менен коштолуп, аягында фейерверктер атылып, асманда «Трамп» жана «2020» деген жазуулар пайда болду.

Ошол эле маалда Ак үйдүн жанында «Каралардын өмүрү маанилүү» деген аталыш менен расизмге каршы кыймылдын тарапташтары нааразылык акциясын өткөрүштү.

Кошмо Штаттарда президенттик шайлоо 3-ноябрга белгиленген. Демократиялык партиянын жыйыны өткөн жумада болуп, анда Трампка атаандаш катары мурдагы вице-президент 77 жаштагы Жо Байден көрсөтүлгөн.