Адис иммунитетти түшүргөн негизги азыктарды атады

28 августа 2020 Адис иммунитетти түшүргөн негизги азыктарды атады

Тамак-аштын кээ бир учурда иммунитетти түшүрүп жиберген учурлары да кездешет. Андыктан кайсы азыктан баш тартуу керектигин дарыгер-диетолог, дерматокосметолог Ирина Лизун түшүндүрүп берди.

Анын айтымында, адамдын иммунитетинин эң башкы душманы кант менен иштетилип же жасалма жол менен чыккан майлар (транс-майлар). Буга чала фабрикаттар, маргарин кошулуп бышырылган тамактар, таттуулар, тилим-тилим кылып майга бышырылган картошка жана өсүмдүк майы менен куурулган тез татымдар кирет. 

“Кантты ашыкча керектөө организмдин иммундук реакциясын байланыштырып турган микрофлораны өзгөртөт. Транс-майлар тамакты көбүрөөк кууруп койгондо жана өсүмдүк майын колдонгондо пайда болот. Ошондой эле чала фабрикат азыктарында да жогоруда айтылган май көп кездешет. Алар иммундук функцияга терс таасирин тийгизет”, — деп айткан Лизун.

Мындан сырткары, адис иммундук системага тамактын даамын чыгаруучу, жыт берүүчү жана боёк кошулмалары да терс таасир берерин белгилейт. Ошону менен катар курамында май жана углевод көп кошулган азыктар да иммунитет үчүн кооптуу экенин айтты. 

Соңунда ал адам бир күн кечке картошка, макарон, чочконун эти, бадыраң жана тез татым жей берсе витаминдин жетишсиздиги пайда болуп, иммунитети алсырай турганын эскертти. 

sputnik