ЭНЕ менен КЕЛИН: эки оттун ортосунда калган ЭРКЕК кантет?

28 августа 2020 ЭНЕ менен КЕЛИН: эки оттун ортосунда калган ЭРКЕК кантет?

Бир үйгө батыша албайбы, бир ашкананы бөлүшө алышпайбы, дагы башка себеппи...

Эне менен келиндин эрегишүүсү – арабыздагы чындык. Бардык үй-бүлөдө эмес, бирок... үйдүн берекесин арттырууга тийиш болгон эки аял тил  табыша албай, берекени качырып жүргөн учурлар бар. Кээ бирлери келишпестиктерин жарышууга аракет кылса, башкалары ачык эле согушуп жүрүшөт.

Энеси менен жубайы тил табыша албаса, эң биринчи күйөөнүн шаабайы сууйт. Анткени, биринин алдында перзенттик милдет болсо, экинчисинин алдында жубайлык парызы бар. Кээ бир учурларды күйөөлөр “эмне кылсаңарда, мени аралаштырбагыла” деп сокур, дүлөй, тирүү жандык болуп коёт.  

Эгер сиз дагы ушундай эки оттун ортосунда калган болсоңуз, сизге “өгүздү өлтүрбөй, арабаны сындырбай” турган кеңеш беребиз.

Эң алды менен, эч кимисине жан тартпаган, бейтарап адам болуңуз. Андан кийин эки жактын “арызын” угуп көрүңүз. Энеңиз келинден эмне талап кылат? Келинчегиңизге эмне керек? Экөөнө эмне жетишпейт? Муну билүү үчүн ар бири менен сүйлөшүүнүн кереги жок. Болгону алардын “пикир алышуусуна” кулак салуу жетиштүү. Андан кийин, саналуу гана адам менен кеңешип көрүңүз. Максатыңыз, энеңиз менен аялыңыздын ортосундагы келишпестиктин түпкү төркүнүн табуу. Кийинки аракетиңиз ушуга байланыштуу болот.

ТАРАЗАНЫ ТЕҢ САЛМАКТА КАРМАЙ АЛАСЫЗБЫ?

Эне менен келиндин чыры – эненин балага болгон чексиз сүйүүсүнөн болушу мүмкүн. Бул көбүнчө уулун жалгыз өстүргөн энелерде боло турган сезим. Буга чейин эки гана адам жашаган дүйнөгө үчүнчүсү кошулуп, уулунун назарын бир гана келини буруп алгандай болот.

Кийинки жагдай: келин – окуп-чокуган, ачык-айрым, көз карандысыз адам. Бул энесине жакпайт. Энеси келинин илгерки өзүндөй көрүп, башы менен жер казып кызмат кылуусун каалайт.

Картайганда адам жаш бала болуп калат деген сөз чын. Балдардын көбүрөөк кам көрүүсүн, көңүл буруусун талап кыла баштайт. Ошондуктан, энелер келинине үнүн өктөм чыгарып, катуу сүйлөсө, өзүнө көңүл бурдурууну каалап жаткан болушу мүмкүн.

Мындай учурларды энени дагы, келинди дагы күнөөлөгө болбойт. Маселе алардын сезиминде, ички дүйнөсүндө, мүнөзүндө. Экөөнүн тең айткандары туура. Эң жакшысы – маани бербегендей түр көрсөтүү керек. Бирок, бул такөптакыр көңүл бурбаш керек деген сөз эмес.

Энеңизди жана жубайыңызды бирдей жакшы көрөт экениңизди көрсөтүңүз. Экөөнө бирдей белек берип, бирдей көңүл буруңуз. Эненин алдында перзенттик, келинчегиңиздин алдында жубуйлык милдетти аткарыңыз. Сиздин аракетиңизди көрүп, алар эсине келишет.

АЙЫПТУУНУ ТАПКАНДАН КИЙИНКИ КАДАМ...

Эгер алардын бири күнөөлүү болсо, аны моюнга алуудан тартынбаңыз. Адатта, балдар ата-энесин эч качан күнөөлүү дегиси келбейт, алар идеалдуу, мээримдүү деп эсептешет. Энеңиз келинин такыр эс алдырбай иштетиши мүмкүн. Келин айыптуу болсо, сүйүктүүм деп эле коргоп жатып калуунун дагы кереги жок. Бул окуяны андан да күч алдырат. Ар бир адам ката кетириши мүмкүн экенин түшүнүп, туура чечим кабыл алыңыз.

Эсиңизде болсун, ким күнөөлүү экенин билсеңиз, экөө турган жерге барын биринин алдында экинчисин жемелебеңиз. Жекече сүйлөшүп, оюңузду билдириңиз.

Эгер айып энеңизде болсо, ачык сүйлөшүңүз. Келинин такыр кабыл алгысы келбесе, бөлөк жашоого кандай карайт экенин билиңиз. Бул коркутуу, опузалоо түрүндө болбошу керек. Эгер энеңиз ага да макул болбосо, анда маселени кандай чечүү керектигин өзүнөн сурап көрүңүз. Мисалы, энелер: “ажыраш, башка аял ал” деши мүмкүн. Андай болсо, ага себеп жок экенин, энеңизди кандай жакшы көрсөңүз, жубайыңызды дагы ошондой эле жакшы көрөрүңүздү түшүндүрүңүз. Баары сиздин сүйлөшөкөнүңүзгө байланыштуу болот.

Эгер күнөө келинде болсо, аялыңыз менен сүйлөшүп, энеңизди кандай жакшы көрөрүңүздү айтыңыз. Энеңиз үчүн эмнеге даяр экениңизди билсин. Энеңиздин көңүлүн калтырса, аны кандай жаза күтөрүн келин өзү аңдап билиши керек.

Албетте, жашоо да, адамдар да ар кандай. Демек, жашоонун жана үй-бүлөнүн так формуласы жок. Ар бир адам өзүнө ылайыктап өмүр сүрөт. Жыйынтык ар бир адамдын өзүндө болушу керек.