Күндүзгү уйку адамды өлүмгө кептеши мүмкүн. Жаңы иликтөө

28 августа 2020 Күндүзгү уйку адамды өлүмгө кептеши мүмкүн. Жаңы иликтөө

Гуанчжоу медициналык университетинин (Кытай) окумуштуулары күндүз бир сааттан ашык уктоо ден соолукка кооптуу экенин аныкташты. Бул тууралуу MedicalXpress басылмасы жазды.

Адистер 20 илимий ишти анализдеп чыгышкан. Аларда 313 651 адамдын ден соолугу тууралуу маалымат камтылган. Булардын ичинен дээрлик 40 пайызы күндүз көп уктаган кишилер экени айтылат.

Жыйынтыгында күндүз узак уктаган адамдарда жүрөк-кан тамыр ооруларына кабылуу тобокелдиги 34 пайызга көбөйгөнү билинген.

"Беймаал уйку себепкер болгон жүрөк ооруларынан эркектер арасында өлүп калуу коркунучу 19 пайызга, аялдар арасында 22 пайызга көбөйөт", — деп айтылат кабарда.

Күндүзгү уйку ден соолукка анча пайдалуу эмес экенин Россиянын сомнологдор коомунун жетекчиси, медицина илимдеринин доктору Роман Бузунов дагы айткан. Анын пикиринде, дем алыш күндөрү узак уктап алам деп бир жума бою уйкудан калуу да туура эмес.

sputnik