Коронавирустан эң көп жапа чеккен өлкө аталды

28 августа 2020 Коронавирустан эң көп жапа чеккен өлкө аталды

Экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү уюму экономикасы өнүккөн мамлекеттердин ичинен коронавирус пандемиясынан Улуу Британия көбүрөөк жапа чеккенин аныктады. Бул тууралуу РИА Новости кабарлады.

Маалым болгондой, Британиянын ИДПсынын көлөмү ушул жылдын экинчи кварталында 20,4 пайызга чейин кыскарган. Ошол эле учурда Экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү уюмундагы 37 мамлекеттин экономикасы биринчи кварталга салыштырмалуу 9,8 пайызга төмөндөгөнү айтылды.

BBC News кабарлагандай, Улуу Британиянын экономикасы буга чейин мынчалык жапа чеккен эмес.

Серепчилер экономиканын кескин түшүп кетүүсүнө коронавирустан улам киргизилген чектөө чаралары себеп болду деп эсептешет.

sputnik