Жыныстык катнаштан рахат алуу үчүн АЯЛ БУЛАРДЫ жеши керек

27 августа 2020 Жыныстык катнаштан рахат алуу үчүн АЯЛ БУЛАРДЫ жеши керек

Ушул 10 түрдүү даамды жесеңиз, төшөктөн укмуш рахат аласыз...

Аял эркектин ортосунда төшөк катнашын “уят” деп саноого болбойт. Жубайлар төшөктө рахатка бөлөнүп, сезимдин туу чокусуна чыга билиши керек. Эгер андай болбосо, жуптардын ортосунда ажырым пайда болушу мүмкүн. Убакыт өткөн сайын жубайлар ортосунда жаш кездегидей сүйүү оту алоолонбой, жөн гана сый мамилеге өтүп калат. Төшөк оюндары канчалык узак убакытка созулса, ден соолук үчүн дагы пайда. Ошондуктан, айымдар жыныстык каалоону күчөтө турган жемиштерди жеп, сүйүү отун тутунтып турууга аракет кылыңыздар.

КУЛПУНАЙ. Курамында цинк көп болгондуктан, бул жемиш денеңизди козгоп, жыныстык каалооңузду күчөтүп, төшөк оюнунан рахат алууга жардам берет.

БАЛ. Балдын пайдалуу касиеттерин тизмектеп отуруунун кажети жок. Эгер күндөлүк шекердин ордуна пайдалансаңыз, төшөк бал даамын татасыз.

ШОКОЛАД. “Бакыт гормону” деп аталган серотонинди артыра турган ушул азык аялдын жыныстык катнашка болгон каалоосун да күчөтөт.

СЕЛЬДЕРЕЙ. Илгертен эле бул өсүмдүктү “рахат алуу” үчүн колдонуп келишкен. Азыр да колдонуудан кала элек.

ЗАЙТУН же ЗАЙТУН МАЙЫ. Е витаминине бай бул жемиштин ден соолукка пайдасы көп. Зайтун майын пайдалануу аялдын жыныс мүчөсүнүн сезимталдыгын арттырат.

КЫЗЫЛ БАЛЫК. Кызыл балык жана анын түрлөрү серотонин жана эстроген гормондоруна бай. Мындай тышкары, ОМЕГА кислотасы менен организмди байытат. Мунун баары жыныстык ден соолук үчүн өтө зарыл.

КОРИЦА. Түрдүү таттуу токочторго кошула турган ушул татымал аялдын жыныстык каалоосун калыбына келтирет.

АШКАБАК ДАНЕГИ. Муну аял да, эркек да жыныстык каалоону күчөтүү үчүн көп пайдаланышы керек.

ИМБИРЬ. Күн сайын чайга бал жана имбирь кошуп ичүү аялдын сексуалдык жашоосун жакшы жакка бурат.

БАДАМ. Окумуштуулардын айтымында, бадамды азык катары колдонгондон тышкары, анын жыты дагы аялдын төшөк кумарын арттырат.