Шайлоодон дагы эки партия сүрүлүп, бири кылдын учунда турат

27 августа 2020 Шайлоодон дагы эки партия сүрүлүп, бири кылдын учунда турат

Парламенттик шайлоодон эки партия өз эрки менен баш тартып, дагы бири четтетүү алдында турганын Борбордук шайлоо комиссиясынан (БШК) билдиришти.

"Нур" жана "Тартип-Порядок" партиялары өз каалоосу менен шайлоодон четтетилди. Ал эми "Актив" саясий партиясы 5 миллион сомдук күрөөсүн төлөбөгөндүгү үчүн шайлоого катышуу укугунан ажыраганы турат. Бирок шайлоо комиссиясы расмий чечим кабыл ала элек", — деп айтышты маалымат кызматынан.

Буга чейин "Кыргызстан" партиясы шайлоого катышуу укугунан ажыраган болчу. Учурда жогоруда аталган үч партияны кошкондо тизмеде 17 партия бар.

sputnik