“Аябай сулуу болгондуктан баары карай берет”. Күйөөсү аялын сулуулугу үчүн өрттөп жиберди

27 августа 2020 “Аябай сулуу болгондуктан баары карай берет”. Күйөөсү аялын сулуулугу үчүн өрттөп жиберди

Өзбекстандын Самарканд шаарынын тургуну аялы сулуу болгону үчүн өрттөп жиберген. Аялы бир айдан аышк ооруканада жатып чыккан. Учурда аял сотко арыз менен кайрылган.

Күйөөсү сот залында: “Мен анын сулуулугуна суктанып башка эркектердин карай беришин каалабайм”, - деп айткан. 36 жаштагы эркек күйөөсүн мойнуна алган. Ал аялына бензин чачып өрттөгөн. Анын айтымында азыр аялына эч ким көз артпайт. Аялы менен баш кошкондон бери көз арткандар көп болгондуктан, аялына ишенбей келген.

Окуядан кийин жабырлануучу бир айдан ашык комада жаткан. Аялдын денесинин 25 пайызы күйүп, бетинде, оң колунда жана денесинин башка бөлүктөрүндө тырыктар калган.

Сот залында аял өзүнүн күнөөсү жок экенин айтып, күйөөсүн адилеттүү жазалоону суранган.  

Кылмыш-жаза кодексинин 104-беренесине ылайык (ден соолукка атайын оор залал келтирүү) сот эркек кишини күнөөлүү деп таап, алты жылга эркинен ажыратты.