Ош мэриясы жарандардын үй куруусуна көмөктөшкөн уникалдуу долбоорду баштайт

27 августа 2020 Ош мэриясы жарандардын үй куруусуна көмөктөшкөн уникалдуу долбоорду баштайт

Ош шаарынын мэриясы жарандар үчүн Кең-Сай конушундагы типтүү жеке турак үйлөрдүн курулушун каржылоо үчүн уникалдуу долбоорун баштайт. Бул тууралуу муниципалитеттин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, бул долбоор эл аралык донорлордун каржылык колдоосу менен ишке ашырылат. Үйлөрдү курууга насыя берүүнүн пландаштырылган баасы бир чарчы метрге 240 долларды түзөт.

"Жеке үйлөрдү куруу Ош шаардык мэриясынын Муниципалдык ипотекалык ишканасы аркылуу жүргүзүлөт. Курулуш учурунда толук кандуу ыңгайлуу шарттар эске алынат, жергиликтүү курулуш материалдар колдонулат, бардык экологиялык нормалар жана эсептелген Мамкурулуш ишканасынын стандарттары сакталат", — деп айтылган маалыматта.

Сунуш кылынган долбоорду Ош шаарындагы Кең-Сай конушунун аймагындагы 3265 жер тилкесинде ишке ашыруу пландаштырылууда.

sputnik