Коронавирустун үчүнчү толкуну качан болушу мүмкүн. Окумуштуунун божомолу

27 августа 2020 Коронавирустун үчүнчү толкуну качан болушу мүмкүн. Окумуштуунун божомолу

Россиянын Илимдер академиясынын академиги, профессор Михаил Пальцев коронавирустун үчүнчү толкуну болушу мүмкүн экенин айтып, жай турмушка кийинки жылдын орто ченинде гана кайтабыз деп божомолдоду. Бул тууралуу адистин "Парламентская газета" басылмасына берген маегине таянып Sputnik радиосу кабарлады.

"COVID-19 жайында азайып калганы менен күздө экинчи толкуну болот деп жатабыз. Демек, келерки жазда дагы болушу толук ыктымал. Тагыраагы, жаз, күз жана кайра жаз болуп үч толкун менен келет деп ойлойм", — деди Пальцев.

Академик эске салгандай, буга чейинки вирустук пандемиялардын бардыгы үч толкун менен өткөн. Болгондо дагы экинчиси биринчисинен күчтүүрөөк болот. Үчүнчүсү калган экөөнөн алда канча алсыз. Муну окумуштуулар калктын 60 пайыздан ашыгы вирус жуктуруп, сакайгандан кийин жамааттык иммунитеттин пайда болушу менен түшүндүрөт.

Учурда кыргыз өкмөтү дагы күз айларына божомолдонуп жаткан коронавирустун экинчи толкунуна даярданууда.

sputnik